116-берене. Республикалык бюджетти аткаруу тууралуу отчетту түзүү, кароо жана кабыл алуу
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 22-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Бюджеттик каражаттарды алуучулар отчеттук мезгилдин жыйынтыктары боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүшөт.
2. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко кыскача макроэкономикалык обзор жана төмөнкүдөй маалыматтар кирет:
1) республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүн аткаруу жөнүндө: кирешелер, чыгашалар, активдер жана милдеттенмелер менен операциялар, тартыштык;
2) Мамлекеттик бюджеттик резервди жана Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө;
3) бюджеттик мекемелердин кредитордук жана дебитордук карыздарынын абалы жөнүндө;
4) мамлекеттик карыздын абалы жөнүндө;
5) мамлекеттик карыз боюнча операциялар жөнүндө;
6) республикалык бюджетти аткаруу боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр жөнүндө.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун курамында республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту түзөт жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 20-апрелинен кечиктирбестен Министрлер Кабинетине берет.
4. Министрлер Кабинети ушул Кодекстин талаптарына ылайык отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майынан кечиктирбестен отчеттук жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.
5. Министрлер Кабинети өткөн жылдагы республикалык бюджетти аткаруунун аудитинин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетун карап чыгып, ал боюнча белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө ченемдик укуктук актыны кабыл алат жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-сентябрына чейин аны маалымат үчүн Жогорку Кеңешке жиберет.
6. Жогорку Кеңештин комитеттери өткөн жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана бул маселе боюнча аудиттин натыйжалары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетун карайт жана ал боюнча корутундуну бир жумалык мөөнөттө тармактык комитетке берет.
7. Тармактык комитет республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту карайт жана Жогорку Кеңештин комитеттеринин сунуштарын жана сын-пикирлерин эске алуу менен корутундуну, ар жылдык аудиттин натыйжалары менен бирге Эсептөө палатасынын отчету Жогорку Кеңешке киргизилген күндөн тартып 20 күндүн ичинде корутунду берет.
8. Жогорку Кеңеш тарабынан ушул маселени кароодо төмөнкүлөр угулат:
1) Министрлер Кабинетинин Төрагасы;
2) Эсептөө палатасынын төрагасы;
3) Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы.
9. Жогорку Кеңеш кароонун жыйынтыктары боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту анын аткарылышын баалоо менен кабыл алуу тууралуу чечимди кабыл алат.
10. Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык эмес деп таанылса, Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.
11. Жогорку Кеңеш отчеттук жыл үчүн Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен карайт жана ал боюнча чечим кабыл алат.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
116-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Республикалык бюджетти аткаруу тууралуу отчетту түзүү, кароо жана алынып салынды: бекитүү
кошулду: кабыл алуу
1. Бюджеттик каражаттарды алуучулар отчеттук мезгилдин жыйынтыктары … жөнүндө жылдык отчетту түзөт жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын алынып салынды: 1-майынан кошулду: 20-апрелинен кечиктирбестен Министрлер Кабинетине берет.
4. Министрлер Кабинети ушул Кодекстин талаптарына ылайык отчеттук мезгилден кийинки жылдын алынып салынды: 15-майынан кошулду: 1-майынан кечиктирбестен отчеттук жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы … боюнча республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту кошулду: анын аткарылышын баалоо менен кабыл алуу тууралуу алынып салынды: чечимди, анын аткарылышына баа берүү менен отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен кошулду: чечимди кабыл алат.
10. Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө … 1-октябрынан кечиктирбестен карайт жана ал боюнча чечим кабыл алат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (17)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябры № 608 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын шайкештигине аудит жөнүндө…Постановление · 17.11.2023 · № 608
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын…Постановление · 17.12.2020 · № 617
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 348 "Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз…Постановление · 24.12.2021 · № 348
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-октябрындагы № 562 "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджетинин аткарылышынын аудити жөнүндө отчетто…Постановление · 07.10.2022 · № 562
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 "Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсепке алууну жана…Постановление · 18.03.2026 · № 183
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябры №613 "2024-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит тууралуу…Постановление · 24.09.2025 · № 613
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-октябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз…Постановление · 07.10.2024 · № 600
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 672 "2025-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз…Постановление · 06.10.2026 · № 672
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 262 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 03.06.2019 · № 262
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 511 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2017-жылдын бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди…Постановление · 31.10.2018 · № 511 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышына аудит жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө…Постановление · 30.09.2019 · № 510 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-сентябры № 444 "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетин аткаруу жөнүндө отчетуна Кыргыз Республикасынын Эсептөө…Постановление · 24.09.2018 · № 444 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы № 511-токтомуПостановление · 31.10.2018 · № 511
- КР Министрлер Кабинетинин 21.01.23 ж. №30 токтомуПостановление · 21.01.2023 · № 30
- КР Министрлер Кабинетинин 17.11.23 ж. №608 токтомуПостановление · 17.11.2023 · № 608
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы № 30 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү…Постановление · 21.01.2023 · № 30 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 372 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы N 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү…Постановление · 12.07.2022 · № 372 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-116" title="116-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>