Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 25-июну, № 222-б Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы администрациялоочу төлөмдөрдүн эсебинен 36 475,5 (отуз алты миллион төрт жүз жетимиш беш миң беш жуз) сом суммасына көбөйтсүн жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин VI Саммитин өткөрүү үчүн жана жогорку деңгээлдеги меймандардын келүүсү менен байланышкан башка иш-чараларга 36 475,5 (отуз алты миллион төрт жүз жетимиш беш миң беш жүз) сом суммасындагы акча каражатын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнун Иш башкармасына бөлүп берсин;
- «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен бөлүнгөн каражаттарды максаттуу жана майнаптуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 214-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 215-б буйругу.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 214-б (lll Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдарды өз убагында каржылоону камсыз кылуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 25.06.2018 · № 214-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы№ 215-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз…Распоряжение · 25.06.2018 · № 215-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.12.2018 · № 111
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы № 214-б (lll Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдарды өз убагында каржылоону камсыз кылуу жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 25.06.2018 · № 214-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-июнундагы№ 215-б (Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чаралардын чыгымдарын өз убагында каржылоону камсыз…Распоряжение · 25.06.2018 · № 215-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)