107-берене. Чыгашалардын секвестри
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Чыгашалардын секвестри бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүнүн күтүлгөн төмөндөөсүнүн шартында бюджеттин чыгаша беренелеринин белгиленген катыштарында кыскартууну караган механизмди билдирет.
Чыгашалар секвестрин киргизүү жөнүндө чечим Министрлер Кабинети (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары) тарабынан бюджеттик жыл ичинде бюджеттин иш жүзүндө аткарылышын талдоонун жана бюджеттик жылдын аягына чейин кирешелердин аткарылышынын күтүлүүчү баалоосунун негизинде кабыл алынат.
2. Чыгашалар секвестри бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
3. Учурдагы каржылык жылга сот тутумун каржылоо мыйзамында каралган бюджеттик каражаттарды секвестирлөөгө Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.
4. Министрлер Кабинети пикир келишпестиктер болгондо бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын бирдиктүү долбоорун макулдашуу үчүн Министрлер Кабинетинин кеңешине жиберет.
Министрлер Кабинетинин кеңеши Жогорку Кеңешке бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоору киргизилгенге чейин бир айдан кечиктирбестен бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр менен макулдашуу жол-жобосун аяктоого милдеттүү. Макулдашууга жетишилбеген учурда Министрлер Кабинети бюджеттин иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөргө негизденүү менен аларды ишке ашыруунун артыкчылыктуулугун эске алуу менен программаларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорунда каражаттарды карайт жана аны Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет. (КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 106, 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
107-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 июня 2017 года № 106 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
3. алынып салынды: Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджет жөнүндө ченемдик укуктук акты менен секвестрге жатпаган артыкчылыктуу бюджеттик программалардын же чыгашалар беренелеринин тизмеги аныкталат.
Учурдагы каржылык жылга сот тутумун алынып салынды: каржылоого мыйзам менен кошулду: каржылоо мыйзамында каралган бюджеттик каражаттарды алынып салынды: секвестрлөөгө кошулду: секвестирлөөгө Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана жол берилет.
4. Министрлер … 2017-жылдын 17-июнундагы № 106, 2022-жылдын 18-январындагы № алынып салынды: 2 кошулду: 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2397-VI "Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 26.04.2018 · № 2397-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 10 июня 2020 года № 3822-VI "О Бюджетной резолюции Кыргызской Республики на 2021 год и прогнозе на 2022-2023 годы"Постановление · 10.06.2020 · № 3822-VI
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-107" title="107-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>