Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнун (Акча каражатрады бөлүп берүү жөнундө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 28-апрели, № 151-б 2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын "2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган "Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" (DCI-ASIE/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнундө" Мыйзамы менен ратификацияланган "Секторду реформалоого контракт -Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы финансылык макулдашуунун айрым жоболорун өз убагында аткаруу, ошондой эле Жалал-Абад облусунун калкы үчүн саламаттык сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине республикалык бюджеттен 204 444 400 (эки жүз төрт миллион төрт жүз кырк төрт миң төрт жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берсин, анын ичинде:
69 034 900 (алтымыш тогуз миллион отуз төрт миң тогуз жүз) сом -Беловодскидеги балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардьж мекемесинин имаратын курууга; 67 309 500 (алтымыш жети миллион үч жүз тогуз миң беш жүз) сом -Жалал-Абад облусундагы балдардын психоневрологиялык интернат үйүнүн реабилитациялык корпусун курууга; 68 100 000 (алтымыш сегиз миллион бир жүз миң) сом - Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасынын жаңы корпусун курууга;
- "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнундө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү езгөртүүлөрдү караштырсын.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.ДАбылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 28.12.2017 · № 218(23)
- Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 26.12.2018 · № 111
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.