Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
114-берене. Бюджеттик милдеттенмелерди кабыл алуу жана каттоо
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш процессинде келип чыккан бюджеттик милдеттенмелер ыйгарым укуктуу аткаруу органдарында эсепке алынууга жана милдеттүү катталууга жатат.
2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын милдеттенмелерин жана мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган милдеттенмелерди кошпогондо, бюджеттик мекемелер тарабынан товарларды жеткирүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга түзүлгөн келишимдер, контракттар, макулдашуулар катталууга тийиш.
3. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелерди кошуп алганда, бюджеттик каражаттардын эсебинен аткарылууга тийиш бюджеттик мекемелер тарабынан келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүү бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде жана кабыл алынган жана аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелерди эске алуу менен жүргүзүлөт.
Бюджеттик мекеменин жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеткирилген максаттуу багыт боюнча каралган бюджеттик ассигнованиелерди сактоону камсыз кылат жана насыялык жана дебитордук карыздын абалы жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздын түзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Келишимде, контрактта, макулдашууда белгиленген төлөө мөөнөтүнөн ашып кеткен милдеттенме мөөнөтү өтүп кеткен карыз болуп саналат. Формалдуу келишим, контракт, макулдашуу болбогондо, бюджеттик мекеме өз убагында каржыланган шартта төлөөгө эсеп алган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөтүнөн ашып кеткен карыз мөөнөтү өтүп кеткен болуп саналат.
4. Сатып алынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрүнө жараша бюджеттик милдеттенмелердин төмөнкүдөй түрлөрүн айырмалашат:
1) келишимдик милдеттенмелер;
2) келишимсиз милдеттенмелер.
Келишимдик бюджеттик милдеттенмелер товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жөнөтүүчүлөр жана консультанттар менен түзүлгөн келишимдердин, контракттардын, макулдашуулардын негизинде бюджеттик мекемелер тарабынан милдеттенмелер кабыл алынганда келип чыгат. Келишимсиз бюджеттик милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган милдеттенмелердин келип чыгуусун ырастаган документтердин негизинде бюджеттик мекемелер тарабынан келишимдерди түзбөстөн милдеттенме кабыл алынганда келип чыгат.
5. (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды каттоо боюнча милдеттүүлүк бюджеттик каражаттарды алуучуларга жүктөлөт.
(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын 2019-жылдагы республикалык бюджетин аткаруу аудити жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын…Постановление · 17.12.2020 · № 617
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана…Постановление · 30.12.2019 · № 723 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 18.04.2025 · № 77
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-114" title="114-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>