2-берене. Жөнгө салуу предмети
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2019 года № 76
1. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан жана мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Ушул Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат.
3. Ушул Мыйзам төмөнкүдөй мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салбайт:
1) мамлекеттик сырларды коргоо менен байланышкан. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылуучу.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өзүнүн сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча ички эрежелерине ылайык административдик-чарбалык муктаждыктарды камсыз кылуу, курулуш иштерин жана капиталдык оңдоону аткаруу үчүн сатып алууларды жүзөгө ашырат. Сатып алуулар жөнүндө ички эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан бекитилет жана ушул Мыйзамдын максаттарына жана принциптерине карама-каршы келбөөгө тийиш;
3) мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо жана (же) персондоштуруу менен байланышкан, буга Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук типтеги паспортторунун жана Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнүн бланктары кирбейт. Мындай мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери жөнүндө" токтому Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторунун улуттук типтеринин жана Кыргыз Республикасынын улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрүнүн бланктарын кошпогондо, атайын мамлекеттик бланктарды мамлекеттик ишкана же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, мамлекеттин катышуусунун үлүшү 51 пайыздан кем болбогон башка юридикалык жак даярдайт. Мамлекеттик маанидеги документтер мамлекеттик ишкана же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, мамлекеттин катышуусунун үлүшү 51 пайыздан кем болбогон башка юридикалык жак тарабынан персондоштурулат.
4) бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрүнө байланышкан. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. (КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
5. Эгерде Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген келишимде ушул Мыйзамда же сатып алуулар жөнүндө мыйзам алдындагы актыларда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык уюмдар тарабынан толук же бөлүгүндө каржылануучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында иш жүзүнө ашырыла турган, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларга карата эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
6. (КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (12)
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 206-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу аба өткөрүү пункттарында чек аралык контролдоо системасын өркүндөтүү боюнча…Распоряжение · 20.06.2018 · № 206-р
- КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2019-жылдын 15-февралындагы № 19 "Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 15.02.2019 · № 19
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-сентябрындагы № 448 “Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 03.09.2019 · № 448
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери…Постановление · 15.04.2019 · № 162 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы №336 токтомуПостановление · 02.06.2015 · № 336
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-августундагы № 441 токтомуПостановление · 29.08.2019 · № 441
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 67 токтомуПостановление · 01.03.2021 · № 67
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 токтомуПостановление · 15.04.2019 · № 162
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 159 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик материалдык резерв маселеси боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 16.03.2020 · № 159 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо…Постановление · 01.03.2021 · № 67 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого…Постановление · 02.06.2015 · № 336 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августу № 570 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого…Постановление · 12.08.2015 · № 570 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-апрелиндеги № 162 "Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери…Постановление · 15.04.2019 · № 162 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 11.01.2019 · № 4 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-2" title="2-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>