Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 18 ноября 2022 года № 641 "Об утверждении Порядка организации государственных закупок товаров, работ и услуг, связанных с защитой государственных секретов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-08-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 ноябрындагы № 641 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 12-августу № 570 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын улуттук коргонуу жана улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 “Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунда:
- “Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коому” деген сөздөрдөн кийин “Бишкек машина куруу заводу” ачык акционердик коому, “Бишкек штамптоо заводу” мамлекеттик ишканасы” деген сөздөр менен толукталсын;
- “акционердик коомдун” деген сөздөр “акционердик коомдордун, мамлекеттик ишкананын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы «акционердик коомдун» деген сөздөр «акционердик коомдордун, мамлекеттик ишкананын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого, улуттук маалыматтык ресурстарды коргоого жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:
- 5-пункту “Дастан” трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коому” деген сөздөрдөн кийин “Бишкек машина куруу заводу” ачык акционердик коому, “Бишкек штамптоо заводу” мамлекеттик ишканасы” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Порядок осуществления закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью, защитой государственной тайны и ликвидацией последствий…Порядок · 01.07.1998 · № 398
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон