Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин «Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ-МИНИСТР
БУЙРУК 2019-жылдын 15-февралы № 19 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин аткаруу максатында:
1. Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо жана (же) жекелештирүү менен байланышкан мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартибин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары — жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир жумалык мөөнөттө Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо жана (же) жекелештирүү менен байланышкан мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартибин иштеп чыксын.
3. Жумушчу топко зарылдыкка жараша мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөе мекемелеринин жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Жумушчу топтун bшин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр
Ш.У.Асымбеков
Тиркеме Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо жана (же) жекелештирүү менен байланышкан мамлекеттик сатып алууларды уюштуруунун тартибин иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Азимов Алмазбек Курбаналиевич
Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Бакчиев Данияр Бакытбекович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Алишеров Нурдин Куванычбекович
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;
Ташиев Жапаркул Актаевич
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
Сарымсаков Манас Болотович
Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
Алиев Бекболот Абдыганыевич
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
Дуйшеев Мирбек Иманкадырович
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директорунун орун басары;
Кыштообек уулу Нурдин
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кадрлар башкы башкармалыгынын бөлүмүнүн начальниги;
Рыскулов Шерик Дуйшенбекович
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экономикалык мыйзам мaсeлeлepи боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Кадыркулов Бакыт Акылбекович
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура белүмүнүн башчысы;
Кокоев Саматбек Мидинович
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин административдик-чарбалык башкармалыгынын сатып алуулар бөлүмүнүн башкы адиси;
Султакеева Айнура Токтогуловна
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин административдик жана кадр иштери бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
Балтабаев Улан Туратбекович
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы;
Рыскулов Канат Бактыбекович
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун чарбачылык коомдор менен иштөө жана корпоративдик башкаруу башкармалыгынын начальниги;
Нурдулдаев Нурсултан Бакытбекович
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин укуктук экспертиза бөлүмүнүн башкы адиси.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон