КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоонун жана (же) персонификациялоонун айрым маселелери жөнүндө
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланктарды даярдоо жана (же) персонификациялоо менен байланышкан мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “Учкун” ачык акционердик коому, “ГОЗНАК” жоопкерчилиги чектелген коому жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Типография” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги документтерин жана атайын мамлекеттик бланктарын даярдоочулар болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен бирдикте он күндүк мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында тийиштүү модулду иштеп чыксын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы № 21 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаш-тырылган документтерине тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 347 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаш-тырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 3 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 “Кыргыз Республикасынын персонификациялаш-тырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр М.Д.Абылгазиев
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майы N 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн…Постановление · 29.05.2002 · № 351 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 16 января 2004 года № 21 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики, касающиеся персонифицированных…Постановление · 16.01.2004 · № 21 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди…Постановление · 04.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 347 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 «Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди…Постановление · 23.06.2014 · № 347 · Күчүн жоготкон