Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 29.11.2021 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 14 апреля 2022 года № 27.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат: аффилирленген жак - төмөндө саналган бир же бир нече белгилерге ылайык келген жак: мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору боюнча чечим кабыл алууга таасир көрсөтүүчү жак; сатып алуучу уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери, ошондой эле алардын жакын туугандары; саясый мамлекеттик кызмат орундарын, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар, алардын жакын туугандары түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары, ошондой эле бенефициардык ээлери болгон берүүчүлөр (подрядчылар); берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасы - мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар жөнүндө маалымат. Берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) жана консультанттардын маалыматтар базасы электрондук түрдө жүргүзүлөт жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык берүүчүлөр (подрядчылар) жана консультанттар жөнүндө маалыматты ачуу үчүн мамлекеттик маалымат ресурстары менен интеграцияланат; бенефициардык ээси - түпкүлүгүндө (ээлик кылуу жана контролдоо чынжырчасы аркылуу) түз же кыйыр түрүндө (үчүнчү жактар аркылуу) менчик укугуна ээлик кылган же кардарды контролдогон жеке жак (жеке жактар) же болбосо анын атынан же анын кызыкчылыктарында операция (бүтүм) жасалган жеке жак; валюта - Кыргыз Республикасынын эсептик акчалай бирдиги - сом же башка мамлекеттин эсептик акчалай бирдиги; мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы - мамлекеттик сатып алуулардын ачык, жеткиликтүү жана отчеттуу процессин, маалыматты 10 жылдан кем эмес мөөнөткө сактоо менен камсыз кылуу максатында сатып алуулар боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган түзгөн мамлекеттик маалыматтык тутум; ички берүүчүлөр (подрядчылар) - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жеке ишкерлер же юридикалык жактар; мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар - сатып алуучу уюмдардын товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө болгон, мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же бөлүгүндө канааттандырыла турган керектөөлөрү; мамлекеттик сатып алуулар - сатып алуучу уюмдун ушул Мыйзамда белгиленген усулдар аркылуу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же бөлүгүндө каржылоо менен сатып алуусу; мамлекеттик каражаттар болуп төмөнкүлөр таанылат:
- сатып алуучу уюмдардын иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары жана капиталдык салымдар;
- бюджет жөнүндө мыйзам менен "бюджеттен тышкаркы каражаттар" катары аныкталган акцияларынын 50 жана андан ашык пайызы (уставдык капиталга катышуу үлүшү) мамлекетке таандык акционердик коомдордун, фонддордун жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн башка чарбакер субъекттердин, ошондой эле өзүн-өзү каржылаган мекемелердин жана ишканалардын каражаттары;
- эгерде келишимде каражаттарды пайдалануунун башка ыкмалары каралбаса, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет өлкөлүк жардам катары берилген каражаттар;
- мамлекет тарабынан кепилденген жана камсыз кылынган кредиттик каражаттар;
келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу - келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн берүүчүгө (подрядчыга) карата конкурстук документтерде каралган талап; конкурстук табыштаманы кепилдик камсыз кылуу – конкурстук табыштамада көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн берүүчүгө (подрядчыга) карата конкурстук документацияда каралган талап; конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация - берүүчү (подрядчы) кол койгон, конкурстук табыштамада көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарууну камсыздоонун кепили катары берүүчү (подрядчы) сатып алуучу уюмга бере турган документ; демпингдик баа - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экспертизадан өткөн, долбоордук-сметалык документациянын, техникалык-экономикалык негиздеменин негизинде товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле курулуш чөйрөсүндөгү жумуштар боюнча берүүчүлөрдүн бекитилген бюджетинин суммаларынын негизинде эсептелген, сатып алуулардын пландаштырылган суммасынан төмөн болуп саналган 20 пайыздан ашпаган берүүчү (подрядчы) жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга сунуш кылган баа; мамлекеттик маанидеги документ - документтин ээси жөнүндө маалыматты камтыган, юридикалык, жарандык, квалификациялык, кызматтык жана башка маалыматтарды чагылдырган, атайын мамлекеттик бланкта даярдалуучу жана анын ээсине укуктук мамилелерге же мыйзамдын алкагында аракеттерди жүзөгө ашырууга укук берүүчү мамлекеттик орган тарабынан берилген документ; сатып алуулар жөнүндө келишим - сатып алуучу уюмдун жана берүүчүнүн (подрядчынын), консультанттын ортосундагы келишим, ал сатып алуулардын жол-жоболорунун же алкактык макулдашуунун натыйжасында түзүлөт; сатып алуучу уюм (тапшырыкчы) - мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, бюджеттик уюм (анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ишканалар), 50 жана акциялардын андан көп пайызы (уставдык капиталда катышуусунун үлүшү) мамлекетке таандык акционердик коомдор, анын ичинде, алардын туунду чарбалык коомдору, фонддор жана башка мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн чарбакер субъекттер (анын ичинде өзүн-өзү каржылоодо турган мекемелер жана ишканалар); улуттук режимден алып коюу - Евразия экономикалык бирлигинин башка мүчө-мамлекеттеринин потенциалдуу берүүчүлөрүнүн (подрядчыларынын) конкреттүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуу жол-жоболоруна катышууга жеткиликтүүлүгүн бир тараптуу белгиленген тартипте чектөө же болбосо экономиканын белгилүү бир тармактарында жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга жеткиликтүүлүктү чектөө. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо жолу менен, өзгөчө учурларда эки жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленет; консультант - консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак; консультациялык кызмат көрсөтүүлөр - зарыл адистештирилген кесиптик билими, тажрыйбасы жана тиешелүү квалификациясы бар консультанттар тарабынан берилүүчү интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр; конкурс - тандап алуу, ал аркылуу, ушул Мыйзамда каралган тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө карата жеңүүчү аныкталат; конкурстук табыштама - мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүгө товарларды берүүгө, сатып алуу жөнүндө конкурстук документация - конкурстук табыштаманы даярдоо үчүн сатып алуучу уюм берүүчүгө (подрядчыга) бере турган, сатып алуу жөнүндө конкурстарды (анын ичинде келишимдин (контракттын) долбоору) өткөрүү шарттарын, тартибин камтыган, аларга ар кандай өзгөртүүлөрдү кошуп алганда, документтердин пакети; конкурстук мезгил - конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейинки мезгил; баалоо критерийлери - конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн конкурстук документацияда белгиленген объективдүү критерийлер; лот - конкурстун өзүнчө предмети катары чыгарыла турган, сатып алуунун бөлүнбөгөн предмети, аны баалоо башка лотторго көз карандысыз түрдө жүргүзүлүүгө тийиш; баалар мониторинги - маалыматтарды тутумдуу түрдө жыйноо, ал сатып алуулардын үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо максатында чечим кабыл алуу үчүн пайдаланылат; улуттук режим - чет өлкөдө чыгарылган жана мындай товарларды, аткарылган жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуш кылган берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) товарларын, жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн Кыргызстанда чыккан товарлар, тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын берүүчүлөрү (подрядчылары) тарабынан аткарылган жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр менен бирдей шартта кароого жол берген режим, эгерде мындай режимди сунуштоо жөнүндө талап Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленсе; анык эмес маалымат - берүүчүлөр (подрядчылар), консультанттар өз конкурстук табыштамасында беришкен, чындыкка дал келбеген маалыматтар; мамлекеттик сатып алуулардын жалпы классификатору - бул мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен бекитилүүчү, мамлекеттик сатып алуулардын мониторинги үчүн багытталган, ар кандай белгилери боюнча топтоштурулган товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн аныкталган коду; конкурстук табыштамаларды баалоо - мыкты сунушту тандоо, сатып алуучу уюм аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипке ылайык ишке ашырат; баалоо отчету - конкурстук табыштамалардын конкурстук документациянын талаптарына ылайык келүүсүн конкурстук комиссиянын баалоосунун натыйжасы; бааланган нарк - колдонулуучу жеңилдиктерди, бардык сунуштардын бааларын бирдиктүү валютага которууну жана конкурстук документтерде көрсөтүлгөн сапат критерийлерин эске алган конкурстук табыштаманын баасы; персондоштуруу - мамлекеттик ишкана же мамлекеттин катышуусунун үлүшү 51 пайыздан кем эмес башка юридикалык жак жүзөгө ашыруучу же болбосо мамлекеттик органдын өзү берүүчү, билдирилген маалыматтардын негизинде мамлекеттик маанидеги персондоштурулган документтин ээси жөнүндө юридикалык, жарандык, квалификациялык, кызматтык же башка маалыматтарды чагылдырган маалыматты киргизүүнү камсыз кылуучу технологиялык процесс; босоголук суммалар - мамлекеттик сатып алуулардын усулун тандоо аныктала турган суммалардын өлчөмү (минимум жана максимум). Босоголук суммалардын өлчөмүн жана аларды колдонуунун ыкмасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт; берүүчү (подрядчы) - (контекстке жараша) сатып алуулардын сатып алуучу уюмдар жүргүзүүчү жол-жоболорунун кайсы болбосун тарабы же потенциалдуу тарабы; алдын ала квалификациялоо - берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) иш тажрыйбасын, финансылык, коммерциялык, өндүрүштүк жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала тартипте баалоо үчүн конкреттүү конкурстун алкагында жүргүзүлүүчү жол-жобо; протокол - сатып алуулар процессинин бардык стадияларын чагылдырган документтүү отчет; жумуштар - имаратты, курулманы же объектти курууга, кайра конструкциялоого, бузууга, оңдоого жана жаңылоого байланышкан бүткүл иш-аракет, буга курулуш аянтын даярдоо, котлован казуу, курулманы тургузуу, жабдууларды же материалдарды монтаждоо, ички жана тышкы жасалгалоо кирет, ошондой эле буга, эгерде мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жумуштардын өздүк наркынан ашпаса, бургулоо, геодезиялык жумуштар, спутник аркылуу сүрөткө тартуу, сейсмикалык изилдөөлөр сыяктуу коштомо кызмат көрсөтүүлөр жана сатып алуулар жөнүндө келишимге ылайык аткарылуучу башка кызмат көрсөтүүлөр да кирет; алкактык макулдашуу - болочок келишимдин шарттары көрсөтүлүүчү конкурстук тоорук-сооданын натыйжалары боюнча кол коюлган, сатып алуучу уюмдун жана эки же андан көп берүүчүнүн (подрядчынын) ортосунда түзүлгөн макулдашуу; атайын мамлекеттик бланк - Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспортторунун улуттук типтеринин жана Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүнүн бланктарын кошпогондо, бир же бир нече коргоочу элементтери бар, бланктын номери жана сериясы, мамлекеттик аталышы жана герби бар, мамлекеттик ишкана же мамлекеттин катышуусунун үлүшү 51 пайыздан кем эмес башка юридикалык жак тарабынан даярдалуучу тиешелүү формадагы жана өлчөмдөгү (кагаздагы же болбосо пластикалык негиздеги) барак же барактар; сапатты башкаруу тутуму (тутумдары) - сапат жагынан уюмду жетектөө жана башкаруу үчүн тутум, ал уюштуруучулук түзүмдүн, продукцияга таандык сапатты белгилөө, кармап туруу жана өркүндөтүү үчүн зарыл болгон жоопкерчиликтик ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнүн, усулдардын, жол-жоболордун жана ресурстардын жыйындысын билдирет; стандарттык конкурстук документация - алдын ала квалификациялык тандоону жана конкурсту өткөрүүдө пайдаланылуучу документтердин пакети; маданият жана искусство жагындагы чыгармачылык иш-аракет - адамдын чындыкты таанууга жана аны кайра жаратууга жана жаңы, оригиналдуу, мурда эч качан болуп көрбөгөн маданий баалуулуктарды түзүүгө багытталган аң-сезимдүү, жигердүү ишмердүүлүгү; маданият жана искусство жагындагы чыгармачылык долбоор - коомдук-саясий уникалдуулугу жана турмушка ашыруу мүмкүнчүлүгү менен айырмалануучу маданият жана искусство чөйрөсүндөгү туундуну же тейлөөнү түзүүгө багытталган кандайдыр бир формага камтылган ой, идея, образ; товарлар - эмгектин кайсы түрдөгү жана сыпаттамадагы болбосун продуктылары, анын ичинде катуу, суюк же газ түрүндөгү чийки заттар, буюмдар, жабдуулар жана нерселер, электр энергиясы, ошондой эле, эгерде мындай коштомо кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы товарлардын өздөрүнүн наркынан ашпаса, товарларды берүүнү коштоочу кызмат көрсөтүүлөр; ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген, аткаруу бийлигинин тутумунда турган, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү мамлекеттик орган; кызмат көрсөтүүлөр - ар кандай мамлекеттик сатып алуулар (өлчөнүүчү физикалык тыянагынын натыйжалуулугунун деңгээлинин негизинде, товарларды, жумуштарды кошпогондо), топографиялык тартуунун, имараттарды, станокторду жана жабдууларды жууп-тазалоо кызмат көрсөтүүлөрү; ташуулар; телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрү; камсыздандыруучу кызмат көрсөтүүлөр; сметачынын, техникалык көзөмөлдүн кызмат көрсөтүүлөрү; имараттарды, курулмаларды, орнотмолорду долбоорлоо жана компьютерлерди жана программалык камсыз кылууну учурдагы техникалык жактан колдоо; жарыялоо, типографиялык кызмат көрсөтүүлөр; булганыч сууларды тазалоо кызмат көрсөтүүлөрү; коопсуздук кызматынын кызмат көрсөтүүлөрү, финансылык кызмат көрсөтүүлөр, аудитордук кызмат көрсөтүүлөр; кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн лизинги, агрегаттарды, түйүндөрдү жана (же) жабдууларды оңдоо жана башка кызмат көрсөтүүлөр; сатып алуулардын электрондук форматы - сатып алууларды уюштуруунун жана жүргүзүүнүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү реалдуу убакыт режиминде же "офф-лайн" режиминде сатып алууну камсыз кылуучу Интернет тармагын, маалыматтык тутумдарды (веб-порталдарды) жана электрондук маалыматтык ресурстарды пайдалануу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жана шарттарда жүзөгө ашырыла турган жол-жобосу; веб-порталдын электрондук каталогу - учурдагы бааларды көрсөтүү менен берүүчүлөр жана подрядчылар сунуш кылып жаткан товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иретке келтирилген тизмеги; эки пакеттүү ыкма - эки этапта өткөрүлүүчү конкурсту бир этаптык усул менен өткөрүү жол-жобосу: биринчи этапта конкурстук табыштамалардын сатып алуучу уюмдун квалификациясына жана техникалык талаптарына ылайык келүүсүнө баа берүү жүзөгө ашырылат жана экинчи этапта эң аз бааланган нарк боюнча жеңүүчүнүн аныкталышына баа берүү жүзөгө ашырылат. (КР 2016-жылдын 18-ноябрындагы № 182, 2018-жылдын 29-мартындагы № 32, 2019-жылдын 11-январындагы № 4, 2019-жылдын 26-июнундагы № 76, 2020-жылдын 18-декабрындагы № 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 декабря 2020 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июня 2019 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 11 января 2019 года N 4 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 марта 2018 года № 32 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 ноября 2016 года № 182 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 9-августундагы N 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 09.08.2021 · № 117
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 295 токтому менен бекитилген "Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө" усулдук нускамаИнструкция · 28.05.2013 · № 295 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги № 231 "Продукцияны ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2009 · № 231 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-майындагы № 295 "Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү жөнүндө усулдук нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 28.05.2013 · № 295 · Күчүн жоготкон
- Сатып алуучу уюмдун сатып алуулар бөлүмү жана тендердик комиссиясы жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген)Положение · 17.06.2011 · № 330 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 16-январындагы № 10 "Товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтγγлѳрдγ сатып алуудагы босоголук суммаларды бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 16.01.2016 · № 10 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупкахЗакон · 11.08.2021 · № 99 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111125/st-3" title="3-берене - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>