Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу аба өткөрүү пункттарында чек аралык контролдоо системасын өркүндөтүү боюнча иштерди каржылоону камсыздоо жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 20-июну, № 206-б Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу аба өткөрүү пункттарында чек аралык контролдоо системасын өркүндөтүү боюнча иштерди каржылоону камсыздоо максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына Кыргыз Республикасынын "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасын ишке ашырууга республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу "Манас аэропорту" жана "Ош аэропорту" аба өткөрүү пункттарына Кыргыз Республикасынын биометрикалык паспорту аркылуу верификация системасын киргизүу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга 12 300 000 (он эки миллион үч жүз миң) сом суммасында акча каражатын бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган акча каражатын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
буйруктун аткарылышын Өкмөтүнүн Аппаратынын
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон