Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 „Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 18 ноября 2022 года № 641 "Об утверждении Порядка организации государственных закупок товаров, работ и услуг, связанных с защитой государственных секретов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-06-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18ноября № 641 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 2-июну № 336 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Эл аралык соттордо мамлекеттин кызыкчылыктарын өз убагында, толук жана сапаттуу коргоо менен Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 "Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- токтомдун преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:";
- 2-пункт "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору," деген сөздөр менен толукталсын, "акционердик коомдун жана кызматтын" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт "министрликтердин" деген сөздөрдөн кийин ", комитеттин, акционердик коомдун, кызматтын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борборунун" деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды коргоого, улуттук маалыматтык ресурстарды коргоо жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибинде:
төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Эл аралык арбитраждарда жана чет өлкөлөрдүн сотторунда мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоодо улуттук коопсуздукту камсыздоонун алкагында ишке ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга эл аралык арбитраждарга жана чет өлкөлөрдүн сотторуна эксперттик корутундуларды, ошондой эле соттук же арбитраждык талаштардын же башка түрдө тиешелүү соттук же арбитраждык өндүрүштүн предметине кирген маселелер боюнча башка кесиптик кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттин кызыкчылыгын өз убагында, толук жана сапаттуу коргоону жана мамлекеттин бардык активдерин башка тараптын менчигине мажбурлап чегерүүдөн коргоого мүмкүндүк берүүчү соттук чечимдерди алуу максатында даярдоо жана берүү үчүн жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар кирет."; 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Жогоруда аталган принциптер төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
- өзгөчө кырдаалдарда: жаратылыш кырсыктарынын, авариялардын, кыйроолордун кесепеттерин жоюуда куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди, ошондой эле биринчи кезектеги коргоочу жана авариялык калыбына келтирүү иштерин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан түздөн-түз жүргүзүү менен байланышкан сатып алууларда;
- эл аралык соттордо мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо улуттук коопсуздукту камсыздоо менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алууларды жүргүзүүдө.";
5-пункт "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору," деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Порядок осуществления закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью, защитой государственной тайны и ликвидацией последствий…Порядок · 01.07.1998 · № 398
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 641 "Мамлекеттик сырларды коргоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү…Постановление · 18.11.2022 · № 641
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- О защите государственных секретов Кыргызской РеспубликиЗакон · 14.04.1994 · № 1476-XII · Күчүн жоготкон