Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 9 марта 2021 года № 83 "О Министерстве сельского, водного хозяйства и развития регионов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-09.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-ноябры № 576 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 27-январындагы № 50, 2017-жылдын 15-мартындагы № 156, 2017-жылдын 4-июлундагы № 420, 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562, 2019-жылдын 20-февралындагы № 73, 2019-жылдын 30-июлундагы № 382, 2019-жылдын 30-июлундагы № 383, 1 ноября 2019 года № 594, 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин укук улантуучусу болуп эсептелээри белгиленсин.
3. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан төмөнкүлөрдү өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти:
өсүмдүктөрдү карантиндик фитосанитардык контролдоо функцияларын; тиешелүү бюджеттик каржылоо (чыгымдардын бардык беренелери боюнча) жана материалдык-техникалык базасы менен 31 штаттык бирдикти.
4. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
5. Төмөнкүлөр кайра уюштурулсун:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча бириктирүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Сорт сыноо жана өсүмдүктөрдүн генетикалык ресурстары боюнча мамлекеттик борбор, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Республикалык мамлекеттик үрөн инспекциясы жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Данды экспертизалоо борбору;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)
6. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 420 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине эмгек акы төлөө фонду менен эки штаттык бирдикти өткөрүп берсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 6-пункттагы "369" жана "176" деген цифралар "367" жана "174" деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
- 7-пункттагы "5337", "82", "5070" жана "185" деген цифралар "5396" "94", "5049" жана " 253" деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
- 20-пункттагы "2256" жана " 2055" деген цифралар "2230" жана "2029" деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
- 34-пункттагы "1232" жана "865" деген цифралар "1201" жана "834" деген цифралар менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо);
- 5-пункттагы "калктын жашоосунун жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоону, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоону көздөйт" деген сөздөр "Маминспекциянын максаты адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн коопсуздугун камсыздоого көзөмөл жана контролдоо жүргүзүү болуп эсептелет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Маминспекциянын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- жеке жана юридикалык жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын ветеринария тармагындагы мыйзамдарын, техникалык регламенттер менен бекитилген продукциянын, ошондой эле ветеринардык жана карантиндик фитосанитардык контролдоого алынууга тийиш болгон продукциянын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүүдө турган ветеринардык препараттардын коопсуздугуна карата талаптардын бузулушун алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу;
- продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо эрежелеринин бузулушун алдын алуу жана бөгөт коюу;
- көзөмөлгө алынган продукциянын керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо;
- Кыргыз Республикасынын аймагын жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын кирүүсүнөн жана/же жайылуусунан коргоо.";
- 7-пункттун 1-пунктчасында:
экинчи абзацтагы "жана өсүмдүктөрдүн" деген сөздөр алып салынсын; жетинчи абзацтагы "жана фитосанитардык" деген сөздөр алып салынсын; сегизинчи, он алтынчы, он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; төмөндөгү мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын: "- карантиндик фитосанитардык режимдин сакталышын жана белгиленген карантиндик фитосанитардык зоналарда зыяндуу организмдерди локалдаштыруу жана жоюу боюнча программалардын ишке ашырылышын көзөмөлдөө.";
- 7-пункттун 2-пунктчасынын экинчи жана жетинчи абзацтарындагы "жана фитосанитардык" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-пунктун 4-пунктчасында;
экинчи абзацындагы "жана фитосанитардык" деген сөздөр алып салынсын; төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пунктта:
төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын; он бешинчи абзацтагы "контролго алынуучу жүктөрдү" деген сөздөр "ветеринардык контролго алынуучу жүктөрдү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтеринин реестринде:
- "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" бөлүмүндө:
аталышындагы "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө департаменти" деген бөлүмчөнүн аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти"; төмөнкүдөй мазмундагы бөлүмчө менен толукталсын: "
Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти
1
Карантиндик фитосанитариялык контролдоо актысы
"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Бажы бирлигинин комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролдоону ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо
";
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" деген бөлүмдүн 1-3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 "Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө убактылуу жободо:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги лицензиар болуп эсептелет.".
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
- бүткүл текст боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктта:
биринчи абзацтагы "Санитариялык" деген сөз алып салынсын; үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-пункттун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
15. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте:
бир жумалык мөөнөттө бюджеттик каржылоону жана материалдык-техникалык жабдууну белгиленген тартипте кабыл алуу жана өткөрүп берүү үчүн ведомстволор аралык комиссияны түзсүн; бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин; ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүнүштөрү жөнүндө жоболорду киргизсин;
- кайра уюштуруу менен байланышкан тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн;
- үч айлык мөөнөттө ушул токтомдун 5-пунктунда аталган кайра уюштурулуучу мекемелердин кабыл алуу жана өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
- (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 420 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- кызматкерлерди иш менен камсыз кылуу жана финансы-материалдык баалуулуктарды өткөрүп берүү маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 420 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы бекитилген каржылоо көлөмүнүн алкагында 2016-жылдын сметалык дайындоолорго белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизишсин.
17. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын асыл-тукум мал чарбасына андан ары колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктунун кырк бешинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-декабрындагы № 895 "Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 4-пункту.
18. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
19. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарын тейлөөчү тийиштүү бөлүмдөргө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 24 · цитата келтиргендер: 32 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (32)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө Жобо" (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген)Положение · 16.02.2012 · № 100
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү…Постановление · 25.02.2004 · № 103
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2013 · № 138
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 83
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-декабрындагы № 895 "Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2015 · № 895
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын асыл-тукум мал чарбасына андан ары колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2014 · № 211
- "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 11.11.2016 · № 576
- "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо департаменти жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын…Положение · 11.11.2016
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Положение · 07.05.2013 · № 256 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.08.2015 · № 556 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 13.03.2020 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2018-жылдын 14-ноябрындагы №2 "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик…Приказ · 14.11.2018 · № 2 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен…Положение · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүңүнөн жана чекене сатуу) лицензиялоо жөнүндө…Положение · 27.05.2015 · № 327 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 73 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба…Постановление · 20.02.2019 · № 73 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2017-жылдын 7-июнундагы № 385 (Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин коллегия мүчөсү болуп төмөнкү адамдар…Распоряжение · 07.06.2017 · № 385 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
32 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (24)
- КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү…Постановление · 25.02.2004 · № 103
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасында асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.03.2013 · № 138
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 211 "Кыргыз Республикасынын асыл-тукум мал чарбасына андан ары колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.04.2014 · № 211
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 83
- Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндөЗакон · 12.01.2015 · № 2
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-декабрындагы № 895 "Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2015 · № 895
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 594 "Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары…Постановление · 01.11.2019 · № 594 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 13.03.2020 · № 153 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 439-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.04.2016 · № 439-VI · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.08.2015 · № 556 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-майындагы № 327 "Этил спиртин өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү (өндүрүү же сатуу…Постановление · 27.05.2015 · № 327 · Күчүн жоготкон
- "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августундагы № 556 токтому менен бекитилген)Устав · 03.08.2015 · № 556 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарбасын механизациялоо жана энергия менен…Постановление · 04.07.2017 · № 420 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.05.2013 · № 256 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-июнундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин…Постановление · 19.06.2015 · № 381 · Күчүн жоготкон
24 ичинен 18 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-июлундагы № 377 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 30.07.2019 · № 377
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2012 · № 100 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана…Постановление · 09.10.2019 · № 533 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 17 "Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2021 · № 17 · Күчүн жоготкон