Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 264 "О предельной штатной численности государственных органов исполнительной власти Кыргызской Республики и иных государственных органов Кыргызской Республики, в том числе технического и обслуживающего персонала"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 1-ноябры № 594 Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо чаралары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жободо:
- 1-пункту "жеке жактарды мамлекеттик каттоочу" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуучу жана контролдоочу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо;";
- 7-пунктунда:
а) элүү үчүнчү абзацы "фискалдык" деген сөздөн кийин "жана лицензиялык" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы алтымыш биринчи - алтымыш бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- этил спиртин, алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана лицензиялык талаптарда каралган шарттардын сакталышын контролдойт;
- этил спиртинин өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн лицензиялайт, алкоголдуу продукциянын өндүрүлүшүн жана жүгүртүлүшүн (өндүрүү же сатуу максатында сактоо, дүң жана чекене сатуу) лицензиялайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүчү жана/же жүгүртүүчү чарбакер субъекттерди текшерет;
- этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттогон, өндүргөн, сактаган жана жеткирген юридикалык жактар тарабынан этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмдөрүн декларациялоо боюнча ченемдердин сакталышын контролдойт;
- этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштурат жана ишке ашырат.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 "Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 21-пункту "кыйыр салыктарды башкаруу" деген сөздөрдөн кийин ", этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны импорттоону, өндүрүүнү жана/же жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо" деген сөздөр менен толукталсын.
7. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 3-декабрындагы № 100 (3064) жарыяланды
9. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү мамлекеттик органдарды тейлөөчү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (11)
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө Жобо" (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген)Положение · 16.02.2012 · № 100
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 83
- "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтому менен…Положение · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2012 · № 100 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 "Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2016 · № 414 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуПостановление · 06.08.2021 · № 116
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2021 · № 83
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" токтомуПостановление · 16.02.2012 · № 100 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 "Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2016 · № 414 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Окмотунун токтому 2008-жылдын 13-июну № 300 " Бирдиктүү төлөөчү тутумундагы медициналык-санитардык жардамды каржылоо методдорун оптималдаштыруу жөнүндө".Постановление · 13.06.2008 · № 300 · Күчүн жоготкон