Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 „Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 6 августа 2021 года № 116 "О подведомственных подразделениях и организациях Министерства сельского, водного хозяйства и развития регионов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-08-06.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 19-июну № 381 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык) "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору болуп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борборуна;";
- 4-пункттун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору жөнүндө, 14-тиркемеге ылайык."; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору жөнүндө жободо:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору жөнүндө жобо";
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору (мындан ары - Борбор) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын сертификаттоо жана ветеринариялык дары-дармек каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо боюнча функцияларды ишке ашыруучу ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.";
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Борбордун расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо жана сертификаттоо боюнча борбору";
- расмий тилде "Центр по регистрации и сертификации ветеринарных лекарственных средств, кормов и кормовых добавок Министерства сельского хозяйства и мелиорации Кыргызской Республики".";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Борбордун ишинин максаты ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүнү, экспорттоону жана импорттоону мамлекеттик жөнгө салууну камсыз кылуу;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын сертификаттоо, каттоо жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү.";
- 8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын каттоо, сертификаттоо жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;";
- 9-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын мамлекеттик каттоону, сертификаттоону ишке ашырат жана алардын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;"; төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын өндүрүлүшүнүн, даярдалышынын, сакталышынын, дүң жана чекене сатылышынын шайкештигине баалоо жүргүзөт.";
- 10-пунктта:
экинчи-төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын көзөмөлдөө компетенциясына кирген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- рекламацияларды карайт, маалыматтарды чогултат жана ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын колдонуунун жана алардын өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрүнүн натыйжасындагы терс таасирлерге талдоо жүргүзөт жана корутунду берет;
- жаныбарлар үчүн ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүргөн ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эсебин жүргүзөт;";
бешинчи абзац "препараттардын" деген сөздөн кийин ", тоюттардын жана тоют кошулмаларынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Кызмат көрсөтүү функциясы:
- Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү ветеринариялык дары-дармек каражаттарынын, тоюттардын жана тоют кошулмаларынын сапатына, коопсуздугуна, натыйжалуулугуна, алардын стандарттардын, техникалык регламенттердин, ченемдик укуктук актылардын талаптарына шайкеш келишине экспертиза жүргүзөт, буга наркотикалык каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору кирбейт;
- ветеринариялык дары-дармек каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошумчаларын мамлекеттик каттоону жана сертификаттоону жүргүзөт, буга наркотикалык каражаттар, психотроптук заттар жана алардын прекурсорлору кирбейт;
- белгиленген тартипте акы төлөнүүчү жана акысыз кызматтарды көрсөтөт.";
- 12-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары "дары-дармек каражаттарын" деген сөздөрдөн кийин ", тоюттарды жана тоют кошулмаларын" деген сөздөр менен толукталсын";
- 16-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ветеринариялык дары-дармек каражаттарына, тоюттарга жана тоют кошулмаларына сертификаттарга жана ветеринариялык дары-дармек каражаттарына жана тоют кошулмаларына каттоо күбөлүктөрүнө кол коёт;";
- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде финансылык жана банк документтерине кол коюуга укуктуу."; (45-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Ветеринариялык дары-дармек каражаттарын сертификаттоо борбору жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 20.02.2012
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуПостановление · 06.08.2021 · № 116
Шилтеме берет (4)
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 175
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук…Постановление · 06.08.2021 · № 116
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон