Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу» мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 31-декабры № 895 “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576, 2026-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик асыл тукум заводун натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик ишканасы “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирге “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик мекемесин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги белгиленген тартипте:
- “Стрельникова атындагы мамлекеттик асыл тукум заводу” мамлекеттик мекемесин өзүнүн карамагына кабыл алсын;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирге кайра уюштурулуучу юридикалык жактын өткөрүү актысын бекитсин;
- кайра уюштурулуучу юридикалык жактын уставын бекитсин;
- кайра уюштурулуучу юридикалык жакты юстиция органдарына мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуна ылайык күчү жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 75 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 10.02.2026 · № 75
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 140 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2011 · № 178 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралы № 75 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 10.02.2026 · № 75
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2016 · № 576 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15