Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын «2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-сентябры № 603/46/10 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2011-жылдын 2-июнунда кол коюлган жана Эл аралык валюталык фонддун Аткаруучу кеңеши бекиткен 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын өз убагында аткаруу максатында ТОКТОМ КЫЛАБЫЗ:
1. 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, Улуттук банкы, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аталган Иш-чаралардын планын жүзөгө ашырууга тартылган башка органдар:
- Иш-чаралардын планына ылайык тейлеген багыттары боюнча иш-чараларды эки жумалык мөөнөттө иштеп чыгышсын жана белгиленген тартипте бекитишсин;
- отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен, ай сайын Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турушсун;
- Иш-чаралардын планын ишке ашырууда пайда болгон проблемалар жөнүндө маалыматты өз убагында берип турушсун жана аларды чечүү тууралуу тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен, квартал сайын Иш-чаралардын планынын аткарылышы жөнүндө бириктирилген маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун.
4. Иш-чаралардын планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
З.Асанкожоева
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 токтому менен бекитилген
2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралардын мазмуну | Ишке ашыруу мөөнөтү жана формасы | Жооптуу аткаруучулар |
|---|---|---|---|
| Макроэкономикалык саясат | |||
| 1 | 2011-2014-жылдары ИДПнын орточо реалдуу өсүшүн 6 пайыз деңгээлинде камсыздоо | 2011-2014-жж. практикалык иш-аракет | ЭЖМ, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административ- дик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрация- лар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) |
| 2 | 2011-жылы инфляцияны маанилүү сандар деңгээлине чейин азайтуу, 2013-2014-жылдарда болжол менен 7,5% деңгээлге чейин азайтуу | 2011-2014-жж., практикалык иш-аракет | Улуттук банк, ЭЖМ, Финмин |
| Салыктык-бюджеттик саясат | |||
| 3 | Кытай булактарынан каржылануучу инвестициялык долбоорлордон тышкары мамлекеттик башкаруу органдарынын бюджеттик дефицитин 2011-жылы ИДПны 8%дан 2014-жылы ИДПны 4,4%га чейин жеткирүү | 2011-2014-жж., практикалык иш-аракет | Финмин, Соцфонд |
| 4 | Мамлекеттик бюджетке салыктарды акчалай формада жыйноонун сандык көрсөткүчтөрүн камсыз кылуу (2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумдун (ЭФСМ) № 2 таблицасына ылайык) (болжолдуу көрсөткүч) | 2011-2014-жж., практикалык иш-аракет | МСК, МБК, ЭЖМ, Финмин |
| 5 | Салык жана бажы кодекстерине оңдоолорду КР Жогорку Кеңешине берүү, ошондой эле төмөнкү жолдор менен кошумча кирешелерди тартуу үчүн Өкмөттүн тийиштүү чечимдерин чыгарсын: (а) коммерциялык пайдалануучулар үчүн электр, жылуулук жана газ менен жабдууну сатуудан алынуучу салыктан бошотууну жокко чыгаруу; (б) байланыш кызматын КНСтен бошотуу (интернетке жана роумингге кирүүдөн; (в) салык кодексине оңдоолорду киргизүү долбооруна ылайык тамекиге жана алкоголго акциз салууну реформалоо; (г) коомдук тамактануу чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн контракттардын негизинде салыктык режимге өтүү (түзүмдүк көрсөткүч) | 2011-жылдын октябрынын аягы, салык жана бажы кодекстерине, КРӨ токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору | ЭЖМ,МСК, МБК, Финмин |
| 6 | Кеңейтилген кредиттик механизм (ЕСФ) алкагында колдоого алынуучу программалардын иш-аракетинин мөөнөтүн узартууга жаңы салыктык жеңилдиктерди киргизбөө | 2011-2014-жж., контролдоо | ЭЖМ, Финмин |
| 7 | Төмөнкү жол менен салыктык тескөөнү бекемдөө: (1) ири салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча башкарууну төмөнкү жол менен бекемдөө (УКН): (а) ири салык төлөөчүлөрдү табууда колдонуудагы критерийлерин кайра карап чыгуу зарыл болгон учурда карап чыгуу зарылдыгын иликтөө; (б) ири салык төлөөчүлөрдүн УКН тартууну кеңейтүү; ал белгиленген критерийлерге ылайык келген салык төлөөчүлөрдүн 60 пайыздан кем эмес санына колдонууга тийиш; в) Кыргыз Республикасындагы ЭВФнын өкүлдөрүнүн УКНга милдеттүү катышууну камсыз кылуу; (г) уюштуруу структурасын өзгөртүү зарыл болгон учурда карап чыгуу. (2) салык төлөөчүлөрдү текшерүү аркылуу оптималдуу практиканы киргизүүнүн эсебинен аудиттерди өркүндөтүү жолун сактабагандар менен күрөшүү: (а) тобокелчиликти баалоонун автоматташтырылган системасын киргизүүнүн биринчи этабын аяктоо; (б) аудиттин көрсөткүчтөрүн баалоо жана кылдаттык менен мониторингдөө; | 2001-жыл сентябрдын аягы, практикалык иш-аракет | МСК |
| (3) салык төлөөчүлөргө, персоналдарга жана башка кызыкдар жактарга маалыматтарды берүүнү төмөнкү жолдор менен өркүндөтүү: (а) болгон сунуштамалар жана салык органдарындагы салык салуу маселелери боюнча жардамдар жөнүндө салык төлөөчүлөр үчүн маалыматтарды жарыялоо; (б) тармактык ассоциациялардын, салыктык бухгалтерлердин жана башка үчүнчү жактардын үзгүлтүксүз брифингдери; (в) маалыматтык иштер тууралуу коомчулук үчүн кварталдык отчетторду даярдоо (түзүмдүк көрсөткүч) | |||
| 8 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине салыктык саясаттын функциясын кайтарып берүүнү талдоо жана карап чыгуу | 2011-2012-жж. | КР Өкмөтүнүн Аппараты, Финмин, ЭЖМ |
| 9 | "Кыргызтелеком" ААКсын ачык жана атаандаштык торукта менчиктештирүү | 2011-2012-жж., практикалык иш-аракет | Маммүлк министрлиги, "Кыргыз- телеком" ААК (макулдашуу боюнча) |
| 10 | Бир айлык негизде кирешелердин көрсөткүчтөрүн жана кошумча салыктык кирешелерди менчиктештирүүдөн түшүүлөрдү жана тышкы каржылоону албаган учурда кылдаттык менен талдоону жүргүзүү: (1) түшпөй калуулар Меgасоm, ("Альфа Телеком" ЖАК) уюлдук байл операторлорунун акцияларынын кошумча мамлекетгик лакетин сатуунун эсебинен компенсациялоо; (2) корголгон беренелер боюнча чыгашаларды сактоо менен артыкчылыктуу эмес чыгашаларды кыскартуу жөнүндө сунуш менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кечиктирбестен КР Жогорку Кеңешине киргизүү | 2011-2014-жж., практикалык иш-аракет 2011-ж., мыйзам долбоор | Финмин, МСК, МБК Маммүлк министрлиги Финмин |
| 11 | 10 ири мамлекеттик ишкананын бюджетин кабыл алуу, бекитүү жана монторингдөө жөнүндө КР Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу (түзүмдүк көрсөткүч) | 2011-ж. октябрдын аягы, КРӨ токтому | Маммүлк министрлиги, Финмин, тийиштүү МИ жана АКлар (макулдашуу боюнча) |
| 12 | Бардык мамлекеттик ишканаларга жана мамлекетке акциялардын контролдук пакети таандык болгон акционердик коомдорго бюджеттерди берүү, бекитүү жана мониторингдөө боюнча талаптарды жайылтуу | 2011-2014-жж., КРӨ токтому | Маммүлк министрлиги тийиштүү МИ жана АКлар (макулдашуу боюнча) |
| 13 | Мамлекеттик чыгашалардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик финансыны башкаруу (МФБ) реформасын илгерилетүү | 2012-2014-жж., Ченемдик укуктук актылар | Финмин, Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администра- тивдик ведомстволор |
| 14 | 2011-жылга республикалык бюджет жана 2012-2013-жылдарга болжолго ЭВФ менен макулдашылган суммадан ашыкча жыйынды мамлекеттик чыгашалардын өсүшүнө алын келген кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизбөө. | 2011-ж., практикалык иш-аракет | Финмин, Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администра- тивдик ведомстволор |
| 15 | "Центерра Голд Инк." компаниясынан алынган дивиденддерден жана 2011-жылдын бекитилген бюджетинде каралган суммадан ашыкча каралбаган ар кандай кошумча түшүүлөрдөн 75 пайызын сактоого КР Өкмөтү жана КР Улуттук банкы милдеттенет | 2011-ж., контролдоо | КР Өкмөтүнүн Аппараты, Финмин, Улуттук банк |
| 16 | 2012-жылы мамлекеттик сектордун кызматкерлеринин номиналдык эмгек акысын көтөрбөө | 2012-ж., контролдоо | ЭИжММ, Финмин |
| 17 | 2012-жылдан баштап мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгү үчүн берүүгө подряддардын жеке секторуна өткөрүп берүү | 2012-2014-жж. | ЭЖМ, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администра- тивдик ведомстволор |
| 18 | Социалдык фонддун операцияларын Борбордук казыналыкка которуу менен мамлекеттик бюджет системасына кошуу | 2012-2014-жж., КРӨ токтому | Финмин, Соцфонд |
| 19 | Бюджетти колдоого каражаттарды кошкондо валюталык резервдерди башкаруу тууралуу Финансы министрлиги менен Улуттук банктын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду жаңылоо | 2011-ж., Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга өзгөртүү киргизүү | Финмин, Улуттук банк Мамлекеттик карызды башкаруу |
| 20 | Карызды башкаруунун орточо мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу (түзүмдүк көрсөткүч) | 2012-ж. марттын аягы, КРӨ токтому | Финмин |
| 21 | Мамлекеттик секторлор тарабынан тартылган жана кепилденген жеңилдетилбеген жаңы тышкы займдардын максималдуу деңгээлин(1) 450 млн. АКШ доллары өлчөмүнөн ашырбоо (туруктуу лимит) (сандык көрсөткүч) | Туруктуу, контролдоо | Фин Улуттук банк |
| 22 | Мөөнөтү өткөн жаңы тышкы карызга жол бербөө (туруктуу лимит нөлгө барабар) (сандык көрсөткүч) | Туруктуу, контролдоо | Финмин, Улуттук банк |
| Акча-кредиттик саясат | |||
| 23 | Инфляциялык таасирди азайтуу үчүн салыктык-бюджеттик жана акчалай-кредиттик операцияларды координациялоону камсыз кылуу | 2011-2014-жж., туруктуу, Финминдин жана Улуттук банктын кеңешмеси | Финмин, Улуттук банк, ЭЖМ |
| 24 | Улуттук банктын таза эл аралык резервдери жана таза ички активдери боюнча сандык көрсөткүчтү аткарууну камсыз кылуу (2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумдун (ЭФСМ) № 2 таблицасына ылайык) (сандык көрсөткүчтөр) | 2011-2014-жж, Улуттук банктын жана Финминдин макулдашылган иш-аракети | Улуттук банк, Финмин |
| 25 | Резервдик акчаларды белгиленген деңгээлден ашырбоо (2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумдун (ЭФСМ) № 2 таблицасына ылайык) (болжолдуу көрсөткүч) | Туруктуу, ачык рынокто операцияларды жана валюталык интервекция- ларды жүргүзүү | Улуттук банк |
| 26 | Алмашуу курсунун кыска мөөнөттүү тез өзгөрүүсүн жумшартуу максатында валюта рыногунда операцияларды жүргүзүү | 2011-2014-жж., валюталык интервенциялар (чет өлкөлүк валюталарды сатып алуу жана сатуу) | Улуттук банк |
| Финансылык сектор | |||
| 27 | "Залкар банк" ААКнын балансына финансылык аудитин жүргүзүү жана анын натыйжасын ЭВФга берүү | 2011-2012-жж. | "Залкар банк" ААК (макулдашуу боюнча), Улуттук банк |
| 28 | Аудиттин натыйжалары негизинде "Залкар банк" ААКны санациялоону төмөнкү жолдор менен жүргүзүү: 1) Банктын төлөө мүмкүнчүлүгү шартында: (а) жакшы репутациялуу банкка сатуу, же (б) эгер сатып алуучу табылбаса, кызыкдар инвесторлорго активдерди жана милдеттенмелерди сатуу жол-жобосун баштоо; | 2012-ж. февралдын аягы 2012-ж. февралдын аягы | Банктарды кайра түзүү жана карыздар кайра структуралоо боюнча агенттик (ДЕБРА) (макулдашуу боюнча), "Залкар банк" ААК (макулдашуу боюнча), Улуттук банк |
| 2) Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү учурунда жабуу жол-жобосун баштоо жана банкты жоюу (түзүмдүк көрсөткүч) | 2011-ж. сентябрдын аягы | Улуттук банк, Банктарды кайра түзүү жана карыздардык кайра структуралоо боюнча агенттик (ДЕБРА) (макулдашуу боюнча) | |
| 29 | "РСК-Банк" ААКынын анык өсүшүн чектөө боюнча кылдат мониторинг жана көзөмөл иш-аракетин камсыз кылуу жана анын туруктуулугун камсыз кылуу 2010-жылдын июнь окуясынын учурунда зыян тарткан ишкерлерге кредиттерди бериши үчүн зарыл болгон даражада гана капиталды берүүнү ишке ашыруу | 2011-2014-жж., мониторинг жана көзөмөлдү ишке ашыруу | Улуттук банк, "РСК-Банк" ААКы (макулдашуу боюнча), Финмин Маммүлк министрлиги, "РСК-Банк" ААКы (макулдашуу боюнча), Финмин |
| 30 | "РСК-Банк" ААКнын сатуу стратегиясын иштеп чыгуу (түзүмдүк көрсөткүч) | 2012-ж. апрелдин аягы | Маммүлк министрлиги, "РСК-Банк" ААКы (макулдашуу боюнча), Улуттук банк |
| 31 | КР Улуттук банкынын башкармалыгынын тийиштүү чечимин кабыл алуу жолу менен банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фондун (БКАФ) жоюу жөнүндө жарыялоо (алдын ала иш-чаралар) | 2011-ж, май, Улуттук банктын Башкармасынын токтому | Улуттук банк |
| 32 | КР Улуттук банкы жана КР Өкмөтү тарабынан каржыланган суммаларды банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фондун жоюу процессинде кайтарып берүү (түзүмдүк көрсөткүч) | 2011-ж, октябрдын аягы практикалык иш-аракет | Улуттук банк Финмин |
| 33 | Өнүктүрүүнүн кандайдыр бир шайманын/ЭВФ персоналы менен болжолдуу консультацияларды өткөрбөй туруп инвестициялык шаймандарды түзбөө | 2011-2014-жж, контролдоо | ЭЖМ, Улуттук банк |
| 34 | ЭВФнын техникалык жардам көрсөтүү сунуштамаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин КР Жогорку Кеңешине берүү ("КР банктары жана банк иштери жөнүндө", "Банктардын консервациялоо, жоюу жана банкроттуулугу жөнүндө", "КР Улуттук банк жөнүндө", "Банктын сыры жөнүндө" КР мыйзамдарынын ченемдерин камтыган): (1) проблемалуу банктарды мурда реакция кылуунун жана санациялоонун укуктук негиздерин чындоо; (2) КР Улуттук банкынын иштерин соттук кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн чектөө; (3) КР Улуттук банкынын кызматкерлерин жана агенттерди укуктук коргоону күчөтүү (түзүмдүк көрсөткүч) | 2012-ж., апрелдин аягы Банк кодекси жөнүндө мыйзам долбоору | Улуттук банк |
| 35 | Банктын акционерлеринин жана кредиторлорунун укуктарын тийиштүү коргоону, салымчыларды жана финансылык туруктуулукту коргоо жагында коомдук кызыкчылык менен теңдештирүүнү камсыз кылуу | 2012-ж, апрелдин аягы Банк кодексинин долбоору | Улуттук банк |
| 36 | Терроризмди каржылоо жана кылмыш иштеринен түшкөн кирешелерди легалдаштыруу (акчанын изин жашыруу) менен күрөшүү боюнча ведомстволор аралык комиссияны калыбына келтирүү менен компетенттүү мамлекеттик ведомстволор ортосунда Ведомстволор аралык координацияны жакшыртуу | 2011-2012-жж, КР Өкмөтүнүн токтому | Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Улуттук банк, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
| 37 | Кылмыш иштеринен кирешелерди легалдаштыруу (акчанын изин жашыруу) жана терроризмди (экстремизмди) каржылоо менен күрөшүү боюнча улуттук системаны өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо. Терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш иштеринен түшкөн кирешелерди легалдаштыруу (акчанын изин жашыруу) менен күрөшүү чөйрөсүндө Акчаларды мыйзамдаштырууга каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобунун (Fi№a№sial Actio№ Task Force мындан ары - ФАТФ) сунуштарына туура келген Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу | 2011-ж., КР ӨА сунуштар | Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Улуттук банк, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
| Ак ниеттүү башкаруу | |||
| 38 | 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумдун (ЭФСМ) алкагында келишимдик иш аракеттердин жүрүшүндө кандайдыр бир бюджеттен тышкаркы фонддорду түзбөө | 2011-2014-жж., контролдоо | ЭЖМ, Финмин Соцфонд, ММКФ |
| Энергетикалык сектор | |||
| 39 | Сектордо жоготууларда азайтуу максатында энергетика секторун реформалоо программасын иштеп чыгуу, анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу | 2011-2012-жж., КРӨ токтом долбоору | Энергетика министрлиги |
| 40 | Ашыкча энергетикалык ресурстарды жаңы рынокторго жай мезгилинде экспорттоо | 2011-2014-жж., практикалык иш аракеттер | Энергетика министрлиги |
| Социалдык саясат | |||
| 41 | Даректүү социалдык жардам программасына мамлекеттик бюджеттин чыгашаларынын сандык көрсөткүчүн камсыз кылуу (2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумдун (ЭФСМ) № 2 таблицасына ылайык) (болжолдуу көрсөткүч) | 2011-2014-жж., практикалык иш аракеттер | Финмин, Калкты социалдык коргоо министрлиги |
| 42 | Кепилденген минималдык кирешенин өлчөмүн 20 пайызга жакын жогорулатуу жана бир жолку ай сайын төлөнүүчү пособиеге (БАСТП) чыгашаларды жана ай сайын төлөнүүчү социалдык пособиени (АСТСП) жогорулатуу | 2012-ж.КРӨ токтому | Калкты социалдык коргоо министрлиги, Финмин |
| 43 | Орто мөөнөттү болжолдо даректүү социалдык жардам программаларына чыгашаларды жогорулатууну улантуу | 2011-2014-жж., практикалык иш аракеттер | Калкты социалдык коргоо министрлиги, Финмин |
(1) Грант элементи 35 пайыздан кем болгон кабыл алынган же кепилдик берилген тышкы карыз милдеттенмелери. Эсептөө 2010-жылдын декабрынын аягындагы жыйынтык боюнча жүргүзүлөт жана энергетика инфраструктуранын долбоорлоруна гана негизделет. Эгерде бул долбоорлор үчүн жалпы карыз алуулар 450 млн АКШ долларынан кем болсо, алынбаган казы башка долбоорлор үчүн карыз алууга алмаштырылуусу мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 6
Цитата келтиргендер (7)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы №666 "Ата мекендик ири ишканалардын финансылык-экономикалык очетторун мезгил-мезгили менен алуу жана иштерин мониторингдөө жөнүндө" токтомуПостановление · 24.10.2011 · № 666
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-мартындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-октябрындагы № 666 "Ата мекендик ири ишканалардын…Постановление · 29.03.2013 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2013 · № 36 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-февралындагы № 64-б ( "РСК Банк" ачык акционердик коомунун капиталын өнүктүрүүнүн стратегиясын жактыруу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 27.02.2013 · № 64-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 629 "Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына…Постановление · 25.09.2012 · № 629 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы № 759 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 31.10.2012 · № 759 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Бажы кодексиКодекс · 12.07.2004 · № 87 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (6)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндөЗакон · 15.02.2004 · № 14 · Күчүн жоготкон
- Банктык сыр жөнүндөЗакон · 23.07.2002 · № 122 · Күчүн жоготкон