Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 июля 2017 года № 444 "Об утверждении Порядка функционирования Единого казначейского счета"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-07-24.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-сентябры № 629 Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду (ЭФСМ) ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын өз убагында аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен бирдикте:
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө топтомо маалыматты берип турсун:
- Иш-чаралар планын ишке ашырууда пайда болгон проблемалар жөнүндө маалыматты өз убагында берип турсун жана аларды чечүү боюнча тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Тиркеме КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Орто мөөнөттүү келечекте Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун операцияларын Казыналык системасына которуу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 токтомунун редакциясына ылайык)
| № | Иш-чаралардын мазмуну | Ишке ашыруу мөөнөтү жана түрү | Жооптуу аткаруучулар |
|---|---|---|---|
| 1 | Казыналыктын автоматташтырылган системасын (ИСУК) программалык камсыздоону киргизүүнү пландоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун оперативдүү кирешелери жана чыгымдарына карата операциялардын эсептик саясаты боюнча иш-чараларды жүргүзүү | 2013-жылдын 31-декабрына чейин, практикалык иш-аракет | Финмин Соцфонд |
| 2 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептерин Казыналык системасына которууда ченемдик-укуктук базаларга, тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү | 2013-жылдын 31-декабрына чейин, практикалык иш-аракет | Финмин Соцфонд |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун борбордук аппаратынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө изилдөө үчүн Казыналыктын программалык камсыздоосуна, нускамаларга, пайдалануучунун колдонмосуна, администратордун колдонмосуна жетишине мүмкүндүк берүү | 2013-жылдын 30-сентябрына чейин, практикалык иш-аракет | Финмин |
| 4 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын ортосундагы Өз ара корголгон маалыматтарды алмашуу жөнүндө макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу жана ага тараптардын кол коюусу | 2013-жылдын 20-декабрына чейин, Макулдашуунун долбоору | Финмин Соцфонд |
| 5 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кызматкерлерин Казыналыктын программалык камсыздоосу менен иштөөгө окутуу. | 2013-жылдын 31-декабрына чейин, практикалык иш-аракет | Финмин |
| 6 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын ортосундагы Өз ара корголгон маалыматтарды алмашуу жөнүндө макулдашууга ылайык Казыналыктын автоматташтырылган системасын программалык камсыздоого Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү | 2013-жылдын 20-31-декабрында, практикалык иш-аракет | Финмин Соцфонд |
| 7 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Бишкек ш. жана Чүй облусу боюнча ведомстволук региондук органдарынын мисалында пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан бөлүнүүчү каражаттарды милдеттүү түрдө акыркы алуучуга чейин жеткирүү менен Казыналыктын эсеби аркылуу камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүү эсепке алуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде кемчиликтерди ачып көрсөтүү, оңдоо жана четтетүү | 2014-жылдын 1-январынан баштап 2013-жылдын 30-июнуна чейин, практикалык иш-аракет | Финмин Соцфонд |
| 8 | Пилоттук долбоордун жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2014-жылдын 31-июлуна чейин | Финмин Соцфонд |
| 9 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин Казыналык системасына которуу жана тейлөө бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2014-жылдын 1-31-августунда, ченемдик укуктук актынын долбоору | Соцфонд Финмин |
| 10 | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн эсептерин Казыналыктын региондук бөлүмдөрүндө ачуу | 2014-жылдын 1-октябрынан баштап, практикалык иш-аракет | Финмин |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Казыналык тутумун модернизациялоо боюнча долбоорун (GTAC) ишке ашырууга тиешелүү айрым чечимдерине…Постановление · 10.06.2013 · № 332
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 "Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.07.2017 · № 444 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 444 "Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартибин бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.07.2017 · № 444 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 "2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду…Постановление · 23.09.2011 · № 603/46/10 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.