Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Банктык сыр жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-12-16.
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2002-жылдын 23-июлу № 122 Банктык сыр жөнүндө (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 216, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2009-жылдын 19-майындагы № 160, 2016-жылдын 28-июнундагы № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья. Ушул Мыйзам жөнгө салуучу предмет Ушул Мыйзам банктын сырын түзгөн маалыматтарды белгилейт, маалыматтарды банктын сырына чегерүүгө байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат, аларды сактоо, коргоо, жарыялоо жана берүү тартибин, ошондой эле банктык сыр жөнүндөгү мыйзам актыларын бузууга жол бергендик үчүн жоопкерчиликтерди аныктайт.
2-статья. Банктык сыр жөнүндө мыйзамдар Банктык сырга тиешелүү мамилелер ушул Мыйзам тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары аркылуу жөнгө салынат.
3-статья. Ушул Мыйзамдын иш-аракетинин чектери Ушул Мыйзамдын жоболору Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга (анын ичинде, чет өлкө банктарына) жана финансы кредиттик мекемелерге, алардын бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан өкүлчүлүктөрүнө (мындан ары - банктар), ошондой эле менчиктин формасына карабай, ушул Мыйзамга ылайык банктык сырды түзгөн маалыматтарды алышкан, же ал тууралу кабардар болушкан бардык жеке жана юридикалык жактарга таркатылат.
4-статья. Банктык сыр Банкка аны тейлөөдөн улам маалым болгон кардардын (корреспонденттин) счеттору (аманаттары) тууралу маалыматтар, кардардын тапшыруусу же анын пайдасы үчүн ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтар, ошондой эле кардардын өзү тууралу маалыматтар, банктар ортосунда маалыматтарды алмашуунун натыйжасында белгилүү болгон башка банктардын кардарлары тууралу маалыматтар жана банк менен кардардын ортосундагы мамилелердин жүрүшүндө банкка ишенип билдирилген же ага белгилүү болгон башка ар кандай маалыматтар банктык сыр болуп эсептелет.
5-статья
5-статья. Үчүнчү жактар Ушул Мыйзамдын максатында банктан, анын кардарынан жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, ошондой эле терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органдан тышкары, башка бардык жактар үчүнчү жак болуп эсептелет. (КР 2009-жылдын 19-майындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья
6-статья. Банктык сырды ачыкка чыгаруу
1. Банктык сырды билдирген маалыматтарды оозеки же жазуу жүзүндө, массалык маалымат каражаттары аркылуу же башка жолдор менен жарыялоо же ачыкка чыгаруу, ошол маалыматтарды үчүнчү жакка билдирүү, түздөн-түз же кыйыр түрдө ушундай маалыматтарды алуусуна үчүнчү жакка мүмкүнчүлүктөрдү берүү, атап айтканда: уруксат берүү, маалыматтарды сактоо тартибин бузуунун кесепетинен аларды алууга тоскоолдук кылбоо же мүмкүнчүлүк берүүлөр банктык сырды ачыкка чыгаруу болуп эсептелет.
2. Банкка аудитордук, юридикалык, бухгалтердик, башка консультациялык же өкүлчүлүктүк кызматтарды көрсөтүшкөн же ал үчүн белгилүү бир иштерди аткарышкан жактарга банктык сырды камтыган ошондой эле, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга маалыматтардын банк тарабынан билдирилиши же берилиши, бул ошол кызматтарды көрсөтүү же иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон шартта жана ошол жактар ушул Мыйзамдын 9-статьясында белгиленген иш-аракеттерден же аракетсиздиктен кармана билсе, банктык сырды билдиргендик деп эсептелбейт.
((КР 2009-жылдын 19-майындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья. Банктык сырды ачыкка чыгарууга тыюу салуу
1. Банктык сырды түзгөн маалыматтар аларга ишенип билдирилген, аткарган кызматына (ишине) байланыштуу, кызмат көрсөтүүлөрүнөн улам же ушул Мыйзамда белгиленген тартипте маалым болгон адамдарга, уюмдарга, мамлекеттик органдарга же кызмат адамдарына ошол маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктын отчетторунан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларды эске албаганда, лицензия берүү, көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жана контролдук функцияларын аткаруунун натыйжасында алынган банктык сырды түзгөн маалыматтарды таратууга укугу жок.
3. Аудитордук уюмдардын банктын, анын кардарын текшерүүлөрдүн жүрүшүндө алынган банктык сырды түзгөн маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларды эске албаганда, үчүнчү жакка таратууга укугу жок.
8-статья. Банктык сырды коргоо, сактоо жана жарыялоо
1. Банктар банктык сырды түзгөн маалыматтардын корголушун гарантиялашат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, банктын жетекчилерине жана кызматчыларына (анын ичинде мурда иштеп кеткендер да), ошондой эле банкка мурда кызматтарды көрсөтүшкөн же иштерди аткарышкан болбосо учурда аткарып жатышкан адамдарга аларга ишенип билдирилген же маалымдалган, банктык сырды түзгөн маалыматтарды сактоо тартибин бузуунун кесепетинен аларды ачыкка чыгаруу, ошол маалыматтарды жеке кызыкчылыктары же үчүнчү жактын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууларына, ошондой эле үчүнчү жактын маалыматтарды ушундай эле максаттарда пайдаланууларына түздөн-түз же кыйыр түрдө мүмкүнчүлүктөрдү берүүлөрүнө тыюу салынат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар, мамлекеттик органдар, аудитордук уюмдар жана башка юридикалык жактар банктык сырды түзгөн маалыматтарды санкцияланбаган жол менен берилип кетүүдөн коргоо боюнча уюштуруу, укуктук жана техникалык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
4. Банк кардар жөнүндөгү банктык сырды түзгөн маалыматты банк менен ошол кардардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар боюнча өз укугун жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда жана чектерде сотто ачыкка чыгара алат. Банктын, анын кардарынын өтүнүчү боюнча соттун заседениеси жабык түрдө өткөрүлүшү мүмкүн.
9-статья. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү
1. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү - бул ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана негиздер боюнча гана маалыматтарды үчүнчү жакка берүү дегендикти билдирет.
2. Банктык сырды түзгөн маалыматтар аларга ишенип берилген же бул маалыматтар аларга кызматтык же аткарган иши боюнча маалым болгон банктарды эске албаганда, үчүнчү жактардын мындай маалыматтарды берүүгө укугу жок.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банктар менен өз ара мамиленин жүрүшүндө ага белгилүү болгон банктык сырды түзгөн маалыматтарды мамлекеттик органдарга (Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына, Мамлекеттик салык инспекциясына жана башкаларга), кызмат адамдарына, жарандарга же кандайдыр бир башка жактарга берүүгө, Мыйзамда түздөн-түз каралган учурларды эске албаганда, укугу жок.
10-статья
10-статья. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды тергөө органдарына, сотко жана башка мамлекеттик органдарга берүү
1. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын процессттик мыйзамына ылайык киргизилген сот актысынын негизинде банктар тарабынан жүргүзүлөт.
2. Банктар банк сырын түзүүчү маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү максатта беришет:
1) ушул укук мамилелерин жөнгө салуучу атайын мыйзамдын негизинде гана, мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү;
2) салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн контролду камсыз кылуу.
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 216, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-статья. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды кардардын мураскоруна (укугу өткөн адамга) берүү
1. Банктар кардардын мураскорлоруна банктык сырды түзгөн маалыматтарды, алар же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү мураска ээ болууга укуктарын тастыктаган тиешелүү документтерди көрсөтүшкөн учурда гана берет.
2. Банктар маалыматтарды берүүдөн баш тарткан учурда сотко даттанууга болот. Эгерде баш тартуу далилсиз болсо, документтерди берүүдөн негизсиз баш тартуунун кесепетинен келтирилген зыяндын орду өтүнүч менен кайрылган адамдарга толук өлчөмүндө кайтарылып берилет.
12-статья. Банктык сырды түзгөн маалыматтардын банктар ортосунда тарашы
1. Банктар өз ишинин коопсуздугун, кредиттердин жана башка инвестициялардын кайтарымдуулугун камсыз кылуу максатында өз кардарлары жөнүндөгү маалыматтарды, алар банктык сырды камтыган шартта да, өз ара алмашышат жана бири-бирине бере алышат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Банктардын ишине көзөмөлдүктү жүргүзүү функциясын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Банктардын кардарлары жөнүндөгү маалыматтарды, эгерде бул маалыматтар Банктардын активдерине жана милдеттенмелерине баа берүү үчүн зарыл болсо, алар банктык сырды камтыган шартта да алууга жана алар менен таанышууга укуктуу.
121-статья
121-статья. Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана таратуу
1. Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана таратуу ушул Мыйзамга ылайык банктык сырды ачыкка чыгаруу болуп эсептелбейт. Кредиттик маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдардын максаттары үчүн берилүүчү жана таратылуучу, кредиттик маалыматты алмашуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталуучу кредиттик маалымат банктык сырды түзгөн маалыматтар деп түшүнүлөт. Мында кредиттик маалыматты алмашуу максаттары үчүн кардардын (корреспонденттин) эсептери (аманаттары) боюнча операциялар тууралуу маалыматтар күрөө предмети катары чыккан акча каражаттары жөнүндө маалыматтарды, кепилдик же кепилчилик түрүндө берилген камсыздоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды берүү жана таратуу менен чектелет.
2. Банктар өз кардарларынын - кредиттик маалымат субъекттеринин макулдугу менен банктык сырды түзгөн маалыматтарды кредиттик бюрого берет.
Кредиттик бюролор кредиттик маалымат субъекттеринин макулдугу менен банктык сырды түзгөн маалыматтарды кредиттик маалыматтарды пайдалануучуларга берет.
3. Банктардын, кредиттик бюролордун жана кредиттик маалыматтарды пайдалануучулардын ортосундагы банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүү жана таратуу кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө тартипке жана мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2016-жылдын 28-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-статья. Банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүүдөн баш тартуу Банк жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, эгерде коюлган талап ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык келбесе, банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүүдөн баш тартууга милдеттүү.
14-статья. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузууга жол берүүнүн кесепетинен Банктын кардары тарткан чыгым мыйзам актыларына ылайык толук көлөмүндө кайтарылып берилүүгө тийиш.
2. Ушул мыйзамдын талаптарын бузган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
15-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
16-статья. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга ылайык келтирилүүгө тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 23 · байланышкандар: 17
Цитата келтиргендер (23)
- Постановление СНП ЖК КР от 3 июля 2002 года №513-II-12 "Об одобрении Закона Кыргызской Республики "О банковской тайне"Постановление · 03.07.2002 · № П 513-II-12
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 471 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 25.05.2015 · № 471
- Насыялык маалымат алмашуу жөнүндөЗакон · 25.11.2014 · № 160
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-сентябрындагы № 352-б (Фермерлер - сүт өндүрүүчү зайымчы топтордун мүчөлөрү менен зайым келишимдерин түзүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 24.09.2019 · № 352-р
- Постановление Собрания народных представителей Жогорку Кенеша КР от 3 июля 2002 года №504-11-12 " Об утверждении повестки дня внеочередной XII сессии Собрания народных…Постановление · 03.07.2002 · № 504-11-12
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 7-мартындагы № 245-IV ""Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу", "Банктык сыр…Постановление · 07.03.2008 · № 245-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- "Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Проект · 29.12.2012 · № 868
- Постановление Правительства КР от 16 августа 2001 года №452 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О банковской тайне"Постановление · 16.08.2001 · № 452 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 170 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча Кыргыз…Постановление · 30.03.2015 · № 170 · Күчүн жоготкон
- ГОСУДАРСТВЕННАЯ ПРОГРАММА по усилению борьбы с коррупцией, контрабандой и экономическими преступлениями в Кыргызской Республике на 2001-2003 годы (Утверждена постановлением…Программа · 03.03.2001 · № 81 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2005-жылдын 7-февралындагы ПБ № 56 буйругуРаспоряжение · 07.02.2005 · № 56 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-сентябрындагы № 529 "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексинин долбоору жана "Кыргыз Республикасынын Банктык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө"…Постановление · 27.09.2013 · № 529 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-январындагы №5 "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 10.01.2007 · № 5 · Күчүн жоготкон
- Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуЗакон · 17.10.2008 · № 216 · Күчүн жоготкон
- Банктык сыр жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизуу тууралууЗакон · 19.05.2009 · № 160 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №51 "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.01.2009 · № 51 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №96 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдеринин…Постановление · 12.02.2010 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 16.05.2008 · № 88 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 207
5 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (17)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз…Положение · 26.05.2010 · № 36/7
- ПОЛИТИКА И ОСНОВНЫЕ ПРИНЦИПЫ антимонопольного регулирования, развития конкуренции и защиты прав потребителей на рынке банковских услуг Кыргызской Республики, оказываемых…Политика · 16.11.2012 · № 4/1
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 510-IV "2008-жылдын 19-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2008 · № 510-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-сентябрындагы № 607-IV "2008-жылдын 12-сентябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.09.2008 · № 607-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 9-апрелиндеги № 1090-IV "2009-жылдын 9-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.04.2009 · № 1090-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 7-мартындагы № 243-IV "2008-жылдын 7-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.03.2008 · № 243-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-мартындагы № 4918-V «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Граждандык…Постановление · 19.03.2015 · № 4918-V
- КР Улуттук банк башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы № 36/7 "Банктык чекене кызмат…Постановление · 30.09.2015 · № 59/5
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-сентябрындагы № 4322-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (Кыргыз…Постановление · 18.09.2014 · № 4322-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 15-январындагы № 4674-V «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Изин суутпай издөө…Постановление · 15.01.2015 · № 4674-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 19-июнундагы № 519-IV ""Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 19.06.2008 · № 519-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 12-сентябрындагы № 609-IV ""Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 12.09.2008 · № 609-IV
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 483-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө"…Постановление · 21.04.2016 · № 483-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 9-апрелиндеги № 1094-IV ""Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 09.04.2009 · № 1094-IV
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 18-майындагы № 536-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" жана…Постановление · 18.05.2016 · № 536-VI
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 "2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду…Постановление · 23.09.2011 · № 603/46/10 · Күчүн жоготкон
17 ичинен 16 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.