Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 января 2014 года № 21 "Об утверждении Плана законопроектных работ Правительства Кыргызской Республики на 2014 год"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-01-11.
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-январы № 36 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 344, 2013-жылдын 29-июлундагы № 426, 2013-жылдын 5-августундагы № 452, 2013-жылдын 16-августундагы № 462, 2013-жылдын 19-августундагы № 464, 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 598 2013-жылдын 9-декабрындагы № 662, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 726, 2014-жылдын 9-январындагы № 10 токтомуна ылайык күчүн жоготту
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ченем чыгаруу ишин андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген 2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2013-жылга План) бекитилсин.
2. 2013-жылга План боюнча жооптуу аткаруучулар болгон министрликтер, мамлекеттик комитет жана администрациялык ведомстволор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому күчүнө кирген күндөн тартып:
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинин экспертизалардын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуу таасирин талдоону милдеттүү өткөрүү жөнүндө талаптарын эске алуу менен белгиленген мөөнөттө 2013-жылга Планда каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- ведомстволук мыйзам долбоорлоо ишин пландоонун сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүшсүн;
- эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарын бекитишсин;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарын алар бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 2013-жылга Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2013-жылга Пландын аткарылышына контролдукту ишке ашырсын;
- квартал сайын 2013-жылга План боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрсүн;
- жарым жылдын жана жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 2013-жылга Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчет берип турсун.
4. 2013-жылга Планда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү үчүн жекече жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тескөөчү орун басарларына жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтому;
- "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 503 токтому;
- "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 806 токтому;
- "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-декабрындагы № 846 токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтому расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 токтому менен бекитилген
2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 344, 2013-жылдын 29-июлундагы № 426, 2013-жылдын 5-августундагы № 452, 2013-жылдын 16-августундагы № 462, 2013-жылдын 19-августундагы № 464, 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 598, 2013-жылдын 9-декабрындагы № 662, 2013-жылдын 31-декабрындагы № 726 2014-жылдын 9-январындагы № 10 токтомуна ылайык күчүн жоготту токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мыйзам долбоорунун аталышы
Жооптуу аткаруучулар
Долбоорду Өкмөттүн Аппаратына киргизүү мөөнөтү
Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана жактырылышы жөнүндө Өкмөттүн токтомун кабыл алуу мөөнөтү
Эскертүү
Мамлекеттик башкаруу тармагында
1
"Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча)
I квартал
II квартал
2012-жылдын 9-июнундагы № 78 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин аткаруу үчүн
2
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча)
I квартал
II квартал
Иштеп чыгуунун зарылдыгы саясий кызматтарды ээлеген адамдардын жардамчыларынын, кеңешчилеринин жана консультанттарынын администрациялык мамлекеттик кызмат ордун ээлөө тартиби, кадрлар резерви жаатында "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым ченемдерин бүгүнкү турмуш чындыгына ылайык келтирүү зарылдыгы менен шартталган
3
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Этностор агенттиги
III квартал
III квартал
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү максатында
4
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
МУКК
III квартал
IV квартал
Мамлекеттик сырларды жол-жоболоштуруу тартибин, алардын жеткиликтүүлүгүн чектөө жана токтотуу шарттарын өркүндөтүү максатында
5
"Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Мамфинкөзөмөл
II квартал
III квартал
Баалуу кагаздарды жана башка каржы жарактарын чыгаруу процессинде пайда болгон мамилелерди тартипке салуу, баалуу кагаздардын рыногунун коопсуз, ачык-айкын жана кайтарымдуу иштешин камсыз кылуу үчүн баалуу кагаздардын рыногун мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө тартибин аныктоо максатында
6
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Этностор агенттиги
III квартал
III квартал
Мамлекеттик менчиктен өткөрүлүп бериле турган муниципалдык менчикке укукту мамлекеттик каттоону жүргүзүү маселелериндеги мыйзамдарды өркүндөтүү максатында
7
Диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө
Диний иштер боюнча мамкомиссия (макулдашуу боюнча)
II квартал
III квартал
Өкмөттүн алдындагы Коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча кеңештин 2011-жылдын 18-сентябрындагы № 3 чечиминин 2-пунктун жүзөгө ашыруу үчүн
8
"Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Экономмин
III квартал
IV квартал
Кыргызстандын Бажы бирлигине кирүүсү ченөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө ата мекендик мыйзамдарды эл аралык метрологиялык ченемдерге жана Бажы бирлигинин мүчөлөрүнүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык келтирүүнү талап кылат
9
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Экономмин
III квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында
10
Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө:
- Жарандык кодекс;
- "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Юстмин
IV квартал
IV квартал
Нотариат иши тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында
11
Кыргыз Республикасындагы пенсияларды топтоо фонддору жөнүндө
Мамфинкөзөмөл, Соцфонд
IV квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасында пенсияларды топтоону камсыз кылуу тутумун өнүктүрүү максатында
Бюджеттик мамилелер тармагында
12
"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө"
Финмин
III квартал
IV квартал
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
13
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Финмин
III квартал
IV квартал
"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
14
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 726 токтомуна ылайык күчүн жоготту
15
"Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Соцфонд
IV квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин тактоо максатында
16
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2014-жылга бюджети жана 2015-2016-жылдарга божомолу жөнүндө
Соцфонд
IV квартал
IV квартал
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин жүзөгө ашыруу максатында
Эл аралык актыларды ратификациялоо боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу тармагында
17
2009-жылдын 20-ноябрында Ялта шаарында кол коюлган улуттук электр энергетикалык тутумдарынын мамлекеттер аралык электр берүү линияларын пайдалануу тармагында КМШнын катышуучу мамлекеттеринин кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
ЭӨМ
I квартал
I квартал
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында
Социалдык коргоо жана эмгек мамилелери тармагында
18
"Тарыхый мекенине кайтып келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
ЭМЖМ
III квартал
III квартал
Этникалык кыргыздар менен иштөө боюнча маселени укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү, этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келүү процессин колдонуусун эске алуу менен тартипке салуу жана кайрылман статусун берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында
19
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
ЭМЖМ
III квартал
III квартал
Миграция тармагында мыйзамдарды өркөндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин этникалык кыргыздар менен иштөө чөйрөсүндөгү ишин координациялоо максатында
20
"Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
ЭМЖМ
III квартал
III квартал
Миграция тармагында мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин этникалык кыргыздар менен иштөө чөйрөсүндөгү ишин координациялоо максатында
Билим берүү тармагында
21
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
БИМ
I квартал
II квартал
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча орто атайын окуу жайларына кабыл алуу механизмин түзүү максатында
22
"Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
БИМ
II квартал
III квартал
Мектепке чейинки билим берүү тутумунда иштеген кызматкерлердин укуктарын жана милдеттерин аныктоо жана "коомдук бала бакча" деген түшүнүктү тактоо максатында
Ишкердик иш тармагында
23
Кыргыз Республикасындагы лицензиялар жана уруксат берүүлөр жөнүндө
Экономмин
II квартал
III квартал
Лицензиялоонун негизги багыттарын жана принциптерин, иштин лицензиялык түрлөрүнүн тизмесин, лицензиялык контролдоо операцияларын, жол-жоболорун, лицензияларды жана уруксаттарды токтотуу жана жокко чыгарууну аныктоо максатында
24
Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө:
- "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
ИИМ
II квартал
III квартал
Жекече детективдик жана күзөт ишин лицензиялоонун зарылчылыгын жоюу максатында
Техникалык жөнгө салуу тармагында
25
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
ӨКМ
II квартал
III квартал
Өрт коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик агенттиктен жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүү жана жөнгө салуу максатында
26
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Экономмин
III квартал
IV квартал
Техникалык, анын ичинде, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык жөнгө салуу тармагындагы мыйзамдарды эл аралык талаптарга, анын ичинде Бажы бирлигинин талаптарына ылайык келтирүү максатында
Коргоо, коопсуздук, аскердик кызмат жана укук тартиби тармагында
27
Кыргыз Республикасынын финансылык полициясы органдары жөнүндө
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат
I квартал
I квартал
Финансылык полиция органдарынын ишин регламенттөөнүн бирдиктүү укуктук базасын түзүү максатында
28
"Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
БКМК, Коргоомин, МУКК
I квартал
II квартал
Убактылуу кармалоо камакканалар иштөөсү жаатында түзөтүүлөрдү киргизүү максатында
29
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 464 токтомуна ылайык күчүн жоготту
30
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу: - Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө {*кодекси:4020};
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодекси;
- Кыргыз Республикасынын жаза-процесс кодекси;
- Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу кодекси;
- Кыргыз Республикасынын эмгек кодекси;
- "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча), МУКК, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат, МБА, БКМК
IV квартал
IV квартал
Өкмөттүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдар- га коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш-чаралар планынын 24-пунктун аткаруу; - мамлекеттик сырлардын сакталышына кол салган кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүү; - баңгизат каражаттарынын, психотроп заттарынын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүнө көзөмөлдүк жүргүзүү тармагында мыйзамдарды өркүндөтүү максатында
31
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Коргоомин
II квартал
III квартал
Жарандар үчүн бирдей укуктарды жана милдеттерди белгилөө жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым жоболорун тактоо максатында
32
"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
ӨКМ
II квартал
III квартал
Өрт коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик агенттиктен жаңы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга өткөрүү жана жөнгө салуу максатында
33
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 598 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
34
Камактагылардын иш менен алектенүүсү, жаза-аткаруу тутумунда өндүрүшкө дем берүү жөнүндө
ЖАМК
III квартал
IV квартал
"Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 297 токтому менен бекитилген 2012-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын жаза-аткаруу (пенитенциардык) тутумун өнүктүрүүнүн Улутту стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча Пландын 3-пунктун аткаруу үчүн
Курчап турган чөйрө жана агроөнөр жай комплекси тармагында
35
Ветеринария жөнүндө
АЧММ
2012- жылдын IV кварта- лы
I квартал
Базар экономикасында мамлекеттик ветеринариялык кызматтын ролун аныктаган жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, Эл аралык эпизоотикалык бюронун жана башка эл аралык уюмдардын талаптарына ылайык келген ченемдерди өркүндөтүү максатында. 2005-жылдагы "Ветеринария жөнүндө" Мыйзам жеке ветеринариялык практикага жүк арткан чектөөлөрдү шарттап, алар жеке ветеринария менен алектенүү мүмкүнчүлүгүн кыйындатууда. Кыргыз Республикасынын ветеринариялык ишин уюштуруу тутумун өркүндөтүү жана ветеринариялык кызматты эл аралык 2 же 3-деңгээлге көтөрүү максатында "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамды жаңы редакцияда кабыл алуу керек
36
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 426 токтомуна ылайык күчүн жоготту
37
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 426 токтомуна ылайык күчүн жоготту
38
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 426 токтомуна ылайык күчүн жоготту
39
Аарычылык жөнүндө
АЧММ
III квартал
IV квартал
Буга чейин атайын ченемдик жөнгө салуу колдонулбаган аарычылык тармагында укуктук жөнгө салууну камсыз кылуу максатында
Интеллектуалдык менчик тармагында
40
"Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргызпатент
2012- жылдын IV кварталы
I квартал
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 токтому менен бекитилген, 2012-2016-жылдарга Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн Улуттук cтратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планынын 27-пунктун аткаруу үчүн
41
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 452 токтомуна ылайык күчүн жоготту
42
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-августундагы № 452 токтомуна ылайык күчүн жоготту
43
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 10 токтомуна ылайык күчүн жоготту
Коммуникация тармагында
44
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Этностор агенттиги
III квартал
III квартал
Жергиликтүү маанидеги автомобиль жолдорунун жана муниципалдык жолдордун түшүнүктөрүн жана муниципалдык жолдордун менчик ээлеринин милдеттерин так аныктоо максатында
45
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-декабрындагы № 662 токтомуна ылайык күчүн жоготту
46
Почта байланышы жөнүндө
ТКМ
III квартал
IV квартал
Почта байланышынын улуттук жана башка операторлору үчүн бөлүнүүчү ченемдик укуктук базаны түзүү максатында
Кодификация
47
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу:
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодекси;
- Кыргыз Республикасынын жаза-процесс кодекси
БКМК
I квартал
II квартал
Баңгизат каражаттарынын, психотроп заттарынын жана прекурсорлордун жүгүртүлүшүнө көзөмөлдүктү жүргүзүү тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында
48
Кыргыз Республикасынын жаза-процесс кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргызпатент
I квартал
II квартал
Жаза-процесс {*кодексинин:11089} интеллектуалдык менчикке тиешелүү бөлүгүн өркүндөтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 токтому менен бекитилген 2012-2016-жылдар- га Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планынын 26-пунктун аткаруу үчүн
49
Кыргыз Республикасынын Банк кодекси
Улуттук банк (макулдашуу боюнча)
II квартал
III квартал
Өкмөттүн жана Улуттук банктын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 токтому менен бекитилген 2011-2014-жылдар- га экономикалык жана каржылык саясат жөнүндө меморандумду жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын Планынын 34-пунктун аткаруу үчүн
50
Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу:
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодекси;
- Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси
Экономмин
III квартал
IV квартал
"Жер казынасы жөнүндө" мыйзамдардын мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар- дын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан бузулгандыгы, жер казынасын, жер участокторун пайдалануу укуктарын берген лицензияларды берүү, узартуу мөөнөттөрүн бербегендиги же бузгандыгы, геологиялык отчетторду, иш пландарын кароонун мөөнөттөрүн бузгандыгы жана башка мыйзам бузуулар үчүн жазаларды көрүү зарылдыгы
(*) Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү жана жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун бекитилген мөөнөттөрдө чыгарууда тиешелүү министрликтер жана ведомстволордон башка жооптуу аткаруучулар болуп ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүнүштөрү саналат. Эскертме: Пландын 11-, 17-, 27-, 35-, 36-, 37-, 38-, 39-, 40-, 46-, 49- жана 50-пункттарын жүзөгө ашыруу 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планынан которулду.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 54 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (15)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 21 "2014-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.01.2014 · № 21 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 10 токтомуПостановление · 09.01.2014 · № 10
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 11.11.2013 · № 598 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июнундагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 12.06.2013 · № 344 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 726 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 31.12.2013 · № 726 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 5-августу № 452 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 05.08.2013 · № 452 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 462 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 16.08.2013 · № 462 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-декабрындагы № 662 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 09.12.2013 · № 662 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 464 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо…Постановление · 19.08.2013 · № 464 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы N 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы N 36 "2013-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 09.01.2014 · № 10 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 806 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 30.11.2012 · № 806 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 503 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 "2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо…Постановление · 17.07.2012 · № 503 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-декабрындагы № 846 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 177 «2012-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо…Постановление · 24.12.2012 · № 846 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (54)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Автордук жана чектеш укуктар жөнүндөЗакон · 14.01.1998 · № 6
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жылга бюджети жана 2014-2015-жылдарга божомолу жөнүндөЗакон · 27.04.2013 · № 63
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Баалуу кагаздар рыногу жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 251
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндөЗакон · 01.07.1996 · № 35
- Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөЗакон · 13.01.2006 · № 4
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 01.02.2013 · № 10
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 "2012-2016-жылдарда Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө"…Постановление · 23.09.2011 · № 593 · Күчүн жоготкон
- Ветеринария жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 61 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Өрт коопсуздугу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 22 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 603/46/10 "2011-2014-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат жөнүндө меморандумду…Постановление · 23.09.2011 · № 603/46/10 · Күчүн жоготкон
54 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.10.2012 · № 748
- "КР Өкмөтүнүн Регламенти" (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 токтому менен бекитилген)Регламент · 26.01.2011 · № 28 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке рассмотрения и выдачи разрешительных документов в области промышленной безопасности (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 30 мая…Положение · 30.05.2013 · № 301 · Күчүн жоготкон