Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө токтому»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 февраля 2012 года № 122 "О вопросах Министерства молодежи, труда и занятости Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-20.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №122 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 17-ноябры № 709 Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120, 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169, 2011-жылдын 3-июнундагы №284 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 22-октябрындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралар тууралу" Жарлыгына жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11 жана 12-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин башкаруу схемасы.
2. Төмөнкүлөр кайра түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттикке;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясы Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясына;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомуна ылайык күчүн жоготтту);
- (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борбору Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборуна.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120 токтомунун редакциясына ылайык, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик комитетинин укук мурастоочусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги болоору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттиктин укук мурастоочусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиги болоору;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясынын укук мурастоочусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Мамлекеттик эмгек инспекциясы болоору;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомуна ылайык күчүн жоготтту);
- (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 120 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык борборунун укук мурастоочусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору болоору.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120 токтомунун редакциясына ылайык, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 токтомдорунун редакцияларына ылайык);
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фондду анын функцияларын Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу боюнча борборго өткөрүлүп берүү менен жоюу боюнча сунуштарды киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигин жана анын ведомстволук бөлүмчөлөрүн каржылоону жүргүзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрүнүн статусу Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүндө сакталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө:
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн;
- ушул токтомдун 2-пунктунда аталган министрликтин ведомстволук бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" тууралуу токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтому.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин башкаруу
СХЕМАСЫ
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ №120 токтомунун редакциясына ылайык, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169, 2011-жылдын 3-июнундагы №284 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
| Министр +------ | Коллегия | ||||||||
| Борбордук аппарат | |||||||||
| Социалдык өнүктүрүү жана | |||||||||
| ишкердик институту | |||||||||
| Кесиптик- | Мамле- | Чет | Чет | ||||||
| техникалык | кеттик | өлкөлөр- | өлкөлөр- | ||||||
| билим +--+ | эмгек | дөгү | дө | ||||||
| берүү | инспек- | өкүлчү- | ишке | ||||||
| агенттиги | циясы | лүктөр | орношту- | ||||||
| руу | |||||||||
| борбору | |||||||||
| Кесиптик- | +----------------------------+ | ||||||||
| техникалык | |||||||||
| окуу +-- | +-----------------+ +----------------+ | ||||||||
| жайлар | Аймактык органдар | "Этностук | |||||||
| жана | +-----------------+ | кыргыздарды, баш | |||||||
| лицейлер | калка издеген | ||||||||
| +----------+ | адамдарды жана | ||||||||
| +----------+ | качкындарды | ||||||||
| Республи- | +---------------------+ +--------+ | убактылуу | |||||||
| калык | Эмгек, ишке орношту- | Жаштар- | жайгаштыруу | ||||||
| "Эмгек +-- | руу жана миграция | дын | пункттары | ||||||
| Резерви" | боюнча облусттук, +-- | эмгек | +----------------+ | ||||||
| дене | райондук, шаардык, | биржасы | |||||||
| тарбия | райондор аралык | ||||||||
| жана спорт | борборлор | ||||||||
| борбору | +---------------------+ +--------+ | ||||||||
| "Барчын" | |||||||||
| санаторий- | |||||||||
| профилак- +-- | |||||||||
| торийи | |||||||||
| Инженер- | |||||||||
| дик-педа- | |||||||||
| гогикалык +--+ | |||||||||
| кызматкер- | |||||||||
| лердин | |||||||||
| квалифика- | |||||||||
| циясын | |||||||||
| жогорула- | |||||||||
| туу | |||||||||
| борбору |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 10 · цитата келтиргендер: 16 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (16)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө" жобосуПостановление · 17.11.2009 · № 709
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө ЖОБОПоложение · 26.04.2010 · № 25
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 122 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №82 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик эмгек инспекциясы жөнүндө" токтомуПостановление · 09.02.2010 · № 82 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" токтомуПостановление · 21.12.2005 · № 603 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №86 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 09.02.2010 · № 86 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 9 февраля 2010 года № 85 "О Центре трудоустройства граждан Кыргызской Республики за рубежом при Министерстве труда, занятости и миграции…Постановление · 09.02.2010 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы №84 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жаштар иштери боюнча департаменти жөнүндө" токтомуПостановление · 09.02.2010 · № 84 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2010-жылдын 9-февралындагы №83 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин алдындагы Балдарды коргоо боюнча…Постановление · 09.02.2010 · № 83 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21 -декабрындагы № 603 токтому менен…Положение · 21.12.2005 · № 603 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №120 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги…Постановление · 09.07.2010 · № 120 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-мартындагы №111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция…Постановление · 22.03.2011 · № 111 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-июнундагы №284 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция…Постановление · 03.06.2011 · № 284 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 24.04.2007 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (10)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги №169 "Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 19.04.2011 · № 169
- КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу…Указ · 26.10.2009 · № 425
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" токтомуПостановление · 21.12.2005 · № 603 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндөЗакон · 22.10.2009 · № 283 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 122 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №120 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги…Постановление · 09.07.2010 · № 120 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 24.04.2007 · № 144 · Күчүн жоготкон
10 ичинен 9 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.