Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21 -декабрындагы № 603 токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 ноября 2009 года №709 "О Министерстве труда, занятости и миграции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-11-17.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 122 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 21-декабрындагы
№ 603 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Миграция жана
жумуштуулук боюнча мамлекеттик
комитети жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144, 2007-жылдын
10-октябрындагы № 456 токтомдоруна
2008-жылдын 27-декабрындагы № 727 редакциясыяларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-
кеттик комитети (мындан ары - Мамкомитет) Кыргыз Республикасынын мигра-
ция жана калкты ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатын
жүргүзүүчү мамлекеттик орган болот.
Мамкомитеттин борбордук аппараты, аймактык органдары, ведомстволук
уюмдар жана чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү болот.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144
токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамкомитет өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ток-
томдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимде-
рин, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, ошон-
дой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мамкомитет, анын аймактык органдары, ведомстволук уюмдар жана
чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү юридикалык жак болушат, Кыргыз Республи-
касынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана аталыштары мамле-
кеттик жана расмий тилдерде жазылган гербдүү мөөрлөрү, Кыргыз Республи-
касынын финансы министрлигинин казыналык системасында учурдагы алыш-бе-
риш жана башка эсептери болот.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144
токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамкомитеттин борбордук аппараты, аймактык подразделениелери,
ведомстволук уюмдар чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү жана пассивдүү (посо-
биелер) жана активдүү саясат боюнча иш-чаралар (микрокредит, жумушсуз
жарандарды кайра окутуу, акы төлөнүүчү коомдук жумуштар) республикалык
бюджетте, атайын каражаттарда каралган ассигнованиелердин, депозиттик
суммалардан проценттик чегерүүлөрдүн, ыктыярдуу донордук кошумчалардын,
эл аралык уюмдардын финансылык колдоосунун, гранттык жардамдарынын жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын
эсебинен каржыланат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144
токтомунун редакциясына ылайык)
II. Мамкомитеттин милдеттери
5. Мамкомитеттин милдеттери төмөнкүдөй:
- Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары миг-
рация, калкты ишке орноштуруу жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты
иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасында миграция жана калкты ишке орноштуруу бо-
юнча нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу,
ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо;
- миграциялык кырдаалды, эмгек рыногунун абалын мониторингдөө, баа
берүү жана болжолдоо;
- негизги өнөк болгон мамлекеттер менен эл аралык эмгек рыногуна
кирүү боюнча эл аралык-келишимдик базаны түзүү;
- миграция жана калкты ишке орноштуруу тармагында эл аралык кыз-
матташтыкты өнүктүрүү жана терењдетүү;
- Кыргыз Республикасында адамдарды соодалоо фактыларын аныктоо
үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүү жана бул проблеманы жоюу үчүн практикалык
чараларды иштеп чыгуу;
- адамдарды сатуунун алдын-алуу жана бөгөт коюу, Кыргыз Республи-
касынын миграциялык мыйзамдарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын ай-
магында четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу, Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандарын четөлкөдө жумушка орноштуруу жагында мыйзамдарды
сактоону камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен сырткары жумушка
орноштуруу максатында топ-тобу менен кетүүсүн уюштуруу;
- качкындарга, ыктыярдуу жер которгондорго, тарыхый мекенине кайт-
кан этностук кыргыздарга жана мигранттардын башка категорияларына кара-
та эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча практикалык чараларды уюш-
туруу;
- калкты ишке орноштурууну стимулдоо жана ишке орноштуруу, акы
төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу, жумушсуздарды кесиптик жактан оку-
туу, кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, алардын өзүн өзү
иш менен камсыздоосуна жана ишкердик активдүүлүгүнө көмөктөшүү боюнча
активдүү чараларды иштеп чыгуу;
- иш менен камсыздоонун жумуш издөөдө өзгөчө кыйынчылыкка дуушар
болгон жумушсуз жарандарды (жаштар, көп балалуу энелер, майыптар
ж.б.у.с.) ишке орноштурууга шарт түзүүчү ийкемдүү формаларын жана сал-
туу эмес чараларын ишке киргизүүгө көмөктөшүү;
- жумушсуздук боюнча пособиелерди төлөө аркылуу жумушсуз жарандар-
га социалдык колдоо көрсөтүү;
- профсоюздар жана жумуш берүүчүлөр менен натыйжалуу үч тараптуу
кызматташтыктын негизинде аткаруу бийлик органдарынын жана өкмөттүк
эмес структуралардын калкты ишке орноштуруу жана эмгектик миграция сая-
сатын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда өз ара байланышта иштешүүлөрүн
камсыздоо;
- ички миграция процесстерин турукташтыруу жана тартипке салуу
үчүн мамлекеттик жана башка структуралардын региондук эмгек рынокторун
өнүктүрүү жана жањы жумушчу орундарды түзүү боюнча иштерин уюштуруу жа-
на координациялоо.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144
токтомунун редакциясына ылайык)
III. Мамкомитеттин негизги функциялары
6. Мамкомитет коюлган милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды
аткарат:
- Кыргыз Республикасынын миграция жана калкты ишке орноштуруу тар-
магындагы нормативдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды
иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
берет;
- социалдык коргоого муктаж жана жумуш издөөдө кыйынчылыкка дуушар
болгон жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү программасын кошо алган-
да калкты ишке орноштуруунун мамлекеттик программасын иштеп чыгат жана
аны жүзөгө ашырууга катышат;
- тиешелүү министрликтер, ведомстволор жана жергиликтүү мамлекет-
тик администрациялар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна эмгек миграциясына иммиграциялык квоталарды түзүү жана крите-
рийлерди аныктоо боюнча сунуштарды киргизет;
- кол коюлган эл аралык макулдашуулардын негизинде Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандарынын эмгектик потенциалын чет өлкөдө пайдалануу боюн-
ча максаттуу программаларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- адамдарды сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын
комплексин жүзөгө ашыруу, менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республи-
касынын аймагында четөлкөлүк жумушчу күчтөрдү тартууга жана пайдалануу-
га, четөлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштурууга
байланышкан жеке жана юридикалык жактардын ишине миграциялык контролду
жүргүзүү;
- тийиштүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасында адамдарды
мыйзамсыз алып чыгууга жана сатууга байланыштуу иштерди жалпыга маалым-
доо каражаттарында кењири чагылдыруу менен натыйжалуураак текшерүү мак-
сатында мыйзамдык чараларды жана укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү
боюнча чараларды көрүү үчүн сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ми-
нистрликтер жана администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик
администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен
бирдикте мигранттарды жана качкындарды жайгаштыруу жана ыњгайлаштыруу
маселелерин чечүүгө катышат, алардын коомго интеграцияланышына, анын
ичинде жарандыкты алышына көмөктөшөт;
- мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, кесиптик союздардын
миграция жана калкты ишке орноштуруу саясатын иштеп чыгуу боюнча иште-
рин координациялайт, алардын аткарылышын контролдойт;
- аймактык органдардын жана чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн иште-
рин координациялайт жана контролдойт, аларга методикалык жана уюштуруу-
чулук жардам көрсөтөт;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын миграция жана калкты ишке ор-
ноштуруу тармагында өз ара байланышта иштешүүлөрүн Кыргыз Республикасы-
нын нормативдик укуктук актыларына ылайык координациялайт жана жөнгө
салат;
- чет өлкөлөрдө иштеген жана ишкердик жүргүзгөн Кыргыз Республика-
сынын жарандарынын укуктарын камсыздоого, ошондой эле эл аралык укуктун
нормаларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мигранттар-
дын укуктарын камсыз кылууга катышат;
- кыргыз жарандарынын эмгеги колдонулган өлкөлөрдөгү региондор жа-
на кесиптер боюнча вакансиялар жөнүндө эл аралык маалыматтык базаны
түзөт жана пайдаланат;
- чет өлкөлөрдөн иш берүүчүлөрдү издөө жана алар менен келишим
түзүү, реципиент өлкөлөрдүн эмгек рыногундагы керектелген квалификация-
лык-кесиптик жана адистик талаптарга жараша аларды окутууну жана квали-
фикациясын жогорулатууну уюштуруу жолу менен кыргыз жарандарын чет
өлкөдө ишке орноштуруу процессине көмөктөшөт жана уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө ишке орноштуруу,
анын ичинде алардын топ-тобу менен кетүү процессине четөлкөлөрдө иш бе-
рүүчүлөрдү издөө, реципиент-өлкөлөрдүн эмгек рыногунун талаптарына
ылайык кайра окутууну жана квалификациясын жогорулатуу уюштуруу жолу
менен көмөк көрсөтөт жана жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эмгектенип жаткан чет өлкөлүк
жарандардын санын жана курамын эсепке алат;
- Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта иштөөгө уруксатты же Кыр-
гыз Республикасынын жарандарын анын чегинен сырткары ишке орноштуруу
менен байланышкан ишкердик жүргүзүүгө уруксатты тариздеген жеке адам-
дардын жана юридикалык жактардын депозиттик эсепке гарантиялык взнос-
торду өз учурунда төгүшүн белгиленген тартипте контролдойт;
- Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтөрдү квоталоону
иштеп чыгууга жана камсыздоого, алардын сакталышын контролдоого Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте катышат;
- чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын, ошондой
эле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аларга Кыргыз Республикасынын мыйзамда-
рына ылайык иммигранттын статусун берүү жөнүндө өтүнүчтөрүн карайт жана
чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары, башка мамлекет-
тердин тиешелүү органдары менен бирдикте ыктыярдуу жер которууну уюшту-
руу, жер которуучулардын укуктарын коргоо жана жер которуучунун стату-
сун берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү карайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башка-
руу органдары менен бирдикте республиканын ичинде жер которгон адамдар-
ды жана баш калка издеген адамдарды кабыл алуу жана убактылуу жайгашты-
руу пункттарынын иштешин камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын
эл аралык макулдашууларында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында
качкындын статусун берүү жөнүндө өтүнүчтөрдү карайт жана чечим чыгарат;
- адамдарды мыйзамсыз алып чыгууну жана соодалоону болтурбоо үчүн
керектүү маалыматтардын банкын түзөт, талдоо жүргүзөт, алмашат жана ма-
алыматтарды таратат;
- тийиштүү мониторинг жүргүзөт жана укук коргоочу, эл аралык жана
башка органдар менен бирдикте адамдарды соодалоонун курмандыктарын кай-
ра алып келүүгө жана реинтеграциялоо жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар-
ды уюштурат;
- жарандарды ишке орноштурууга, анын ичинде чет өлкөдө орношууга
көмөктөшүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- жумушсуздарды кесиптик окутууну жана кайра окутууну, акы
төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартууну, мамлекеттик финансылык жардам
көрсөтүүнү жана Мамкомитеттин органдарына кайрылгандарга башка чаралар-
ды уюштуруу жолу менен эмгек рыногунда активдүү саясат жүргүзөт;
- жумушсуздук боюнча пособиелерди жана кесиптик даярдоо мезгилинде
стипендияларды аныкталган тартипте төлөйт;
- аймактык органдарга кайрылгандарга миграция жана ишке орношуу
маселелери боюнча консультация жана маалымат берет, маалыматтык-кон-
сультациялык борборлорду, бизнес-инкубаторлорду өнүктүрөт, адистешти-
рилген эмгек биржаларына колдоо көрсөтөт;
- жумушчу күчкө суроо-талапты жана сунушту талдайт жана болжол-
дойт, калкты ишке орноштуруу боюнча индикативдик көрсөткүчтөрдү иштеп
чыгат;
- жумуш издеген жана жумушсуз жарандарды каттайт;
- калкка жана иш издеген адамдарга эмгек рыногунун абалы жөнүндө
такай маалымдап турат, жарнамалык иш жүргүзөт;
- инновациялык технологияларды киргизүү, Мамкомитеттин органдарын
автоматташтыруу жана компьютерлештирүү боюнча иштерди жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка функцияларды
аткарат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144
токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Мамкомитеттин укуктары
7. Мамкомитет төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органда-
рынан, юридикалык жактарынан жана жеке адамдарынан, эл аралык жана
өкмөттүк эмес уюмдардан Мамкомитеттин функцияларын аткаруу үчүн ке-
ректүү материалдарды суроого жана акысыз алууга;
- Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясынын жана иш менен кам-
сыздалышынын келечектерин аныктоочу социалдык-экономикалык саясатты
түзүү жана өзгөртүү боюнча сунуштарды жана иш-чараларды иштеп чыгууга
катышууга;
- иштин аныкталган чөйрөсүндө калктын миграциясы жана иш менен
камсыздалышы маселелери боюнча нормативдик укуктук актыларды иштеп чы-
гууга жана басып чыгарууга;
- өз компетенциясынын чектеринде ведомстволор аралык мүнөздөгү,
анын ичинде чет мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдары, эларалык
уюмдар жана четөлкөлүк юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө
жана эларалык келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары менен зарыл келишим-
дерди, макулдашууларды, меморандумдарды, протоколдорду түзүүгө;
- Мамкомитеттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекет-
тер аралык, өкмөттөр аралык жана региондук уюмдарда Кыргыз Республика-
сынын таламдарын көздөөгө;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын
эмгектик потенциалын чет мамлекеттердин экономикасынын тармактарында
пайдалануу боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларды, максаттуу прог-
раммаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга;
- калктын миграциясы жана иш менен камсыздалышы маселеси боюнча
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башка мамле-
кеттердин мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташу-
уга жана байланышты өнүктүрүүгө;
- калктын миграциясы жана иш менен камсыздалышы маселеси боюнча эл
аралык, республикалык жана региондук конференцияларга, кењешмелерге жа-
на башка иш-чараларга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана тийиштүү чет
мамлекет менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте чет өлкөлөрдө өкүлчүлүктөрдү жана алардын регион-
дук пункттарын, анын ичинде коомдук негизде ачууга;
- Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу, Мамкоми-
теттин көрсөтмөлөрүн аткарбоо фактылары боюнча материалдарды Кыргыз
Республикасынын сот жана укук коргоо органдарына берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз
компетенциясынын чегинде өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн
уюштуруучу катары чыгууга;
- аныкталган тартипте банктык кредиттерди жана гранттарды пайдала-
нууга, инвесторлорду тартууга;
- бюджеттик жана атайын каражаттар, депозиттик суммалар үчүн банк-
та улуттук валюта менен казыналык эсептерди ачууга;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруучу
жана чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Респуб-
ликасынын аймагында ишке орноштуруучу юридикалык жактардын жана жеке
адамдардын иштерине эксперттик изилдөө жүргүзүүгө;
- ведомствого таандык уюмдарды, анын ичинде эмгекчилерди алмашуу
ишканаларын түзүү, өзгөртүп уюштуруу жана жоюу маселелерин Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечүүгө, алардын финан-
сылык-чарбалык иштерин жогору турган органдын макулдугу боюнча ревизия-
лоого жана текшерүүгө;
- иш берүүчүлөрдөн ишканалардагы, уюмдардагы, мекемелердеги белги-
ленген структуралык өзгөртүүлөр жана кызматкерлердин орчундуу саны кыс-
картылышына алып келиши мүмкүн болгон башка иш-чаралар жөнүндө маалы-
матты, жумушчу күчкө муктаждык жөнүндө, жањы жана кошумча иш орундардын
ачылганы жөнүндө маалыматтарды суроого жана ал маселелер боюнча экс-
перттик корутунду берүүгө;
- иш издеген жана жумушсуз жарандарды менчигинин түрүнө карабастан
ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын бардык түрлөрүнө, акы
төлөөнүүчү коомдук иштерге, ошондой эле билим берүүчү мекемелерде ке-
сиптик даярдоого жиберүүгө;
- уюмдарды, анын ичинде эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдарды
калктын миграциясы жана иш менен камсыздалышы проблемалары боюнча ар
кыл социологиялык сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү жүргүзүүгө тартуу-
га;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды
ишке ашырууга.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144
токтомунун редакциясына ылайык)
V. Мамкомитеттин ишинин уюштурулушу
8. Мамкомитетке Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындай жана бошото
турган төрага башчылык кылат.
Мамкомитетте статс-катчы жана төраганын эки орунбасары болот.
Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнча жана
төраганын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кыз-
матка дайындалат жана бошотулат.
Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кыз-
мат боюнча кењеш бекиткен Мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндө
жобо менен аныкталат.
Төрага статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ат-
карууну жүктөшү да мүмкүн.
Төраганын орунбасарлары төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Төраганын орунбасарлары түздөн-түз Мамкомитеттин төрагасына баш ийет
жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде өз ишин жүргүзөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144
токтомунун редакциясына ылайык)
9. Мамкомитеттин аймактык органдарынын жетекчилери кызматка жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына жана шаарлардын мэр-
лерине макулдашуу боюнча Мамкомитеттин терагасы тарабынан дайындалышат
жана бошотулушат.
Мамкомитеттин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери Мамкомитет-
тин төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
тарабынан дайындалат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-декабрындагы № 727 токтомунун редак-
циясына ылайык)
10. Мамкомитеттин төрагасы:
- Мамкомитеттин ишин жетектейт, ага жүктөлгөн милдеттердин аткары-
лышы жана функциялардын ишке ашырылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот,
өзүнүн орун басарларынын арасында милдеттерди бөлүштүрөт, алардын жооп-
керчилик даражаларын белгилейт;
- Мамкомитеттин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын жана башка нормативдик укуктук актылары-
нын долбоорлорун аныкталган тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине төраганын орун басар-
ларынын, Мамкомитеттин ведомстволук бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринин кыз-
матына дайындоо жана бошотуу үчүн үчүн талапкерлер боюнча, ошондой эле
коллегия мүчөсүнө талапкерлер боюнча сунуштарды киргизет;
- өз компетенциясынын жана дайындоо номенклатурасынын чегинде Мам-
комитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлерин, Мамкомитеттин ведомст-
волук уюмдарынын, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрүнүн кызматка дайындайт, жы-
лыштырат жана бошотот;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшырмасы бо-
юнча эларалык келишимдерге, анын ичинде ведомстволор аралык мүнөздөгү
келишимдерге кол коет;
- кызмат орду боюнча Мамкомитеттин жарандык коргонуусунун началь-
ниги болуп саналат жана Мамкомитетте жарандык коргонууга жетекчилик кы-
лат;
- Мамкомитеттин системасына кирген жана анын структуралык подраз-
делениелери болуучу органдарды түзүү, өзгөртүп уюштуруу жана жоюу,
алардын жоболорун бекитүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат, Мам-
комитеттин ведомстволук уюмдарынан тышкары;
- Мамкомитеттин түзүмүн, аймактык органдарынын штаттык расписание-
син жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн нормативдик-укуктук актыларында белгиленген кызматкерлер-
дин санынын жана эмгек акы фондунун чегинде аларды күтүүгө чыгымдардын
сметасын бекитет;
- Мамкомитеттин борбордук аппаратынын кызматкерлерине, аймактык
органдардын, ведомстволук бөлүмчөлөрдүн, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн
жетекчилерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоо жана
тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Мамкомитеттин системасына кирген структуралык бөлүмдөрдүн жана
уюмдардын иштеринин ички тартибинин эрежелерин, алардын ыйгарым укукта-
рын, милдеттерин жана функцияларын аныктайт;
- өз компетенциясынын жана Кыргыз Республикасынын "Тышкы эмгек
миграциясы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Ички миграция жөнүндө",
"Качкындар жөнүндө", "Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жөнүндө" мый-
замдарынын жана башка нормативдик укуктук актыларынын негизинде буйрук-
тарды, жоболорду, нускамаларды чыгарат жана бекитет, Мамкомитеттин бар-
дык кызматкерлери аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет;
- Мамкомитет системасынын жетекчи кадрларынын номенклатурасын
аныктайт жана бекитет;
- Мамкомитет системасынын мамлекеттик кызматкерлерине статс-катчы-
нын сунушу боюнча тийиштүү класстык чиндерди ыйгарат;
- Мамкомитеттин кызматкерлерин сыйлоо маселесин чечет жана аларды
кызматтык маяналарына үстөк кошумчаларды белгилейт;
- Мамкомитет системасынын кызматкерлерин ведомстволук сыйлыктар
менен сыйлайт, ошондой эле өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди мамлекет-
тик сыйлыктарга жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
- структуралык подразделениелердин жана аймактык органдардын Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- эл аралык уюмдарда жана мамлекеттик бийлик органдарында Мамкоми-
теттин кызыкчылыганын атынан чыгат, Мамкомитеттин финансылык жана ата-
йын каражаттарын, мүлкүн тескейт, банктарда эсептерди ачат жана банктык
документтерге кол коет;
- Мамкомитеттин адистерин аныкталган тартипте чет өлкөгө команди-
ровкага жиберет жана чет өлкөлүк адистерди жана эксперттерди кабыл
алат;
- Мамкомитетке жүктөлгөн милдеттерге жана функцияларга ылайык баш-
ка маселелерди чечет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144,
2008-жылдын 27-декабрындагы № 727токтомдорунун редакциясына ылайык)
11. Мамкомитеттин аймактык органдарынын жана ведомстволук уюмдары-
нын жетекчилери өз ведомстволорунун ишине жетекчилик кылат, алардын
ишин уюштурат жана координациялайт, миграция жана ишке орноштуруу чөй-
рөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча алардын ишинин натый-
жасы үчүн жекече жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144
токтомунун редакциясына ылайык)
12.Мамкомитетте курамына 9 адам: төрага (коллегиянын төрагасы),
статс-катчы, төраганын орун басарлары жана Мамкомитет системасынын баш-
ка кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү
кирген коллегия түзүлөт.
Коллегиянын өздүк курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Мамкомитеттин терагасынын сунушу боюнча бекитет.
Коллегиянын заседаниелери зарылдыгына жараша, бирок кварталына бир
жолудан кем эмес өткөрүлөт, заседаниелерде Мамкомитеттин ишинин маа-
нилүү маселелери каралат, анын ичинде:
- Мамкомитеттин органдарынын иштери жөнүндө;
- бюджеттин аткарылышы жөнүндө;
- Мамкомитеттин ведомстволук органдарынын иштери, отчеттор жана
аларды ревизиялоонун жыйынтыктары жөнүндө;
- Мамкомитеттин органдарынын кызматкерлерин тандоо жана кадрларды
жайгаштыруу, квалификацияларын жогорулатуу маселелери жөнүндө;
- кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө.
Коллегиянын чечимдери анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк до-
бушу менен кабыл алынат жана төраганын токтомдору жана буйруктары
түрүндө ишке ашырылат.
Добуштар тењ экиге бөлүнүп калганда төрагалык кылуучу добуш берген
чечим кабыл алынат. Коллегиянын андай чечимге макул болбогон мүчөлөрү
өздөрүнүн башкача пикирлерин билдире алышат, ал протоколго жазылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы №
456 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Коллегиянын иш тартиби Мамкомитеттин коллегиясы бекиткен рег-
ламент менен аныкталат.
VII. Мамкомитеттин өзгөртүп
уюштурулушу же жоюлушу
14. Мамкомитетти өзгөртүп уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 5
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" токтомуПостановление · 21.12.2005 · № 603 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө токтому"Постановление · 17.11.2009 · № 709 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык…Постановление · 27.12.2008 · № 727 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Ички жер которуу жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 133
- Тышкы эмгек миграциясы жөнүндөЗакон · 13.01.2006 · № 4
- Качкындар жөнүндөЗакон · 25.03.2002 · № 44
- О содействии занятости населенияЗакон · 27.07.1998 · № 113 · Күчүн жоготкон