Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2009-жылдын 17-ноябрындагы
№ 709 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу
жана миграция министрлиги жөнүндө
ЖОБО
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 120 токтомунун
редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Министрликтин негизги милдеттери
3. Министрликтин функциялары
4. Министрликтин ыйгарым укуктары
5. Министрликтин ишин уюштуруу
6. Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция ми-
нистрлиги (мындан ары - Министрлик) эмгек, ишке орноштуруу жана мигра-
ция, анын ичинде кесиптик-техникалык билим берүү, балдарды коргоо жана
гендер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүргүзүүчү
жана башкарууну турмушка ашыруучу мамлекеттик бийликтин борбордук атка-
руучу органы болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын консти-
туциялык мыйзамын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республи-
касынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын
башка ченемдик-укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган
принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул
Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республи-
касынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик, расмий жа-
на англис тилдерде өзүнүн аталышы бар мөөрү жана башка мөөрлөрү, штамп-
тары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбор-
дук казыналыгынын казна системасында жана агент-банктарында эсептери
болот.
4. Министрлик өз ишин өзүнүн ведомствого караштуу уюмдары, аймак-
тык органдары, чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү аркылуу аткаруу бийлигинин
башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жа-
на башка бирикмелер, ошондой эле уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан
башка уюмдар менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.
2. Министрликтин негизги милдеттери
5. Министрликтин негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
5.1. Экономиканын чөйрөлөрүндө эмгекке акы төлөө системасын
өнүктүрүү;
5.2. Кызматкерлердин эмгектик укуктарынын кепилдиктерин эмгек мый-
замдары жана социалдык өнөктөр аркылуу камсыз кылуу;
5.3. Улуттук эмгек рыногундагы таламдарды эске алуу менен калктын
иш менен камсыз болушун жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
5.4. Эл аралык эмгек рыногунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын
эмгектик укуктарын коргоо;
5.5. Тарыхый мекенине кайтып жатышкан этникалык кыргыздарды жана
мигранттардын башка категорияларын интеграциялоо үчүн зарыл шарттарды
(чөйрөнү) түзүү;
5.6. Качкындардын укуктарын эл аралык милдеттенмелерге жана улут-
тук коопсуздуктун кызыкчылыктарын эске алуу менен камсыз кылуу;
5.7. Эмгек рыногундагы суроо-талапка ылайык кесиптик-техникалык
билим берүү системасын өнүктүрүү;
5.8. Социалдык-экономикалык, маданий, демографиялык жана башка өз-
гөчөлүктөрдү эске алуу менен балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызык-
чылыктарын коргоону камсыз кылуу;
5.9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гендердик тењчи-
ликти камсыз кылуу.
3. Министрликтин функциялары
6. Министрлик жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында
төмөнкү функцияларды аткарат:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дарынын жана коомдук уюмдардын катышуусу менен эмгек, ишке орноштуруу,
миграция, кесиптик-техникалык билим берүү, гендер чөйрөсүндө мамлекет-
тик саясаттын негизги багыттары жана артыкчылыктары боюнча сунуштарды
иштеп чыгат;
- таламдаш министрликтер, администрациялык ведомстволор, жерги-
ликтүү мамлекеттик администрациялар менен эмгек, ишке орноштуруу, миг-
рациялык процесстерди жөнгө салуу, балдар жана гендер маселелерин че-
чүүдө эриш-аркак аракеттенет;
- министрликтин иш чөйрөсүндө мыйзам жана башка ченемдик-укуктук
актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- министрликтин иш чөйрөсүндөгү социалдык, саясый процесстерди,
алардын республикадагы социалдык-экономикалык жана саясый кырдаалдын
абалына жана өнүгүшүнө тийгизген таасирин талдайт жана божомолдойт;
- министрликтин компетенциясына таандык маселелер боюнча чет
өлкөлөрдүн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдары, эл аралык жана коомдук
уюмдар менен белгиленген тартипте консультацияларды, сүйлөшүүлөрдү
жүргүзөт, эл аралык келишимдерди түзөт жана эриш-аркак аракеттенет.
- эмгек, ишке орноштуруу, миграция, балдар жана гендер чөйрөсүндө
мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине көмөк көрсөтөт;
- аймактык органдар, ведомствого караштуу бөлүмдөр жана уюмдар,
чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөр финансылык тартипти сакташын, материалдык
жана акча каражаттарын максаттуу багытта пайдаланышын текшерет;
- министрликтин системасында финансы-чарбалык ишти пландаштырат,
мониторинг жүргүзөт жана талдайт;
- министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат-
тар банкын түзөт;
- министрликтин ишинин чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашы-
рууда маалыматтык-түшүндүрүү ишти турмушка ашырат;
- эмгек, миграция жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө бюллетендердин
долбоорлорун, ченемдик-укуктук актылардын жыйындыларын, усулдук сунуш-
тарды жана башка басылма материалдарды иштеп чыгат;
- министрликтин ишинин маселелери боюнча жеке жана юридикалык жак-
тардын арыздарын жана билдирүүлөрүн карайт;
- министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча
изилдөөлөрдү жүргүзүүгө катышат;
- министрликтин ишинин чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү жана иштеп
чыгууларды өткөрүүгө мамлекеттик заказды жүзөгө ашырат;
- эмгек акыны төлөө жагында (Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу,
алыскы жана барууга кыйын болгон зоналарында иштеген кызматкерлердин
эмгегине акы төлөөнүн минималдуу өлчөмдөрү) мамлекеттик кепилдиктерди
жүзөгө ашырууну камсыз кылат;
- кызматкерлерге коюлган талаптарга жана (же) иштин татаалдыгы бо-
юнча квалификациялык топторго таандыктыгына жараша бюджеттик чөйрөнүн
кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү жана экономи-
канын бюджеттен сырткаркы секторунда кызыкдар мамлекеттик органдар ме-
нен бирдикте эмгекке акы төлөө мамлекеттик саясатын калыптандыруу боюн-
ча сунуштарды даярдайт;
- жумуштун жана жумушчулар кесибинин Бирдиктүү тарифтик-квалифика-
циялык маалымдамасын, жетекчилер, адистер, кызматкерлердин жумуш орун-
дарынын Бирдиктүү квалификациялык маалымдамасын иштеп чыгат жана беки-
тет;
- ишке орноштуруу, эмгекке акы төлөө жана эмгекке акы төлөөгө мам-
лекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзамдарын сактоо боюнча усулдук жана
консультациялык жардам көрсөтөт;
- социалдык өнөктөштүктүн системасын өркүндөтүүнүн негизги багыт-
тарын иштеп чыгат жана эмгек мамилелери чөйрөсүндө социалдык
өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- менчиктин формасына карабастан уюмдар менен ишканалардын кызмат-
керлерин атайын жекече коргоо каражаттары менен камсыз кылуу ченемдерин
бекитет;
- эмгек, эмгекти коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам-
дарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү
жүзөгө ашырат;
- ишке орноштуруу, эмгекке акы төлөө жана эмгектик мамилелер боюн-
ча мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө мыйзамдардын сакталышынын маселелери
боюнча усулдук жана консультациялык жардам көрсөтөт;
- мамлекеттик органдардын, иш берүүчүлөрдүн, кесиптик бирликтердин
эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу саясаты боюнча соци-
алдык-эмгектик мамилелерин камсыз кылган чараларды (трипартизм принци-
бинин негизиндеги кызматташтык) иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- эмгек рыногунун индикаторлоруна талдоо, божомол, мониторинг
жүргүзөт жана баа берет;
- жумушсуз жарандарды эсепке алуу жана каттоо камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу боюнча
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин сактоого, ошондой эле
Кыргыз Республикасынын жарандарын жумушка орноштурууга контролдук боюн-
ча ишти уюштурат;
- белгиленген тартипте иммиграциялык квоталарды, эмгектик иммигра-
цияга квоталарды жана кайрылмандарга квоталарды түзүү боюнча сунуштарды
иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы
жок адамдар эмгектик ишин жана ишкерлик ишин жүзөгө ашырууга укукка жа-
на мыйзамдарда белгиленген тартипте чет өлкөдө Кыргыз Республикасынын
жарандарынын ишке орноштурууга укукка уруксатты берүүнү камсыз кылат;
- иштин чөйрөсүн тандоо, ишке орноштуруу, улуттук жана эл аралык
эмгек рынокторунда суроо-талап кылынган кесиптерге кесиптик окутуу мак-
сатында жарандардын кесиптик багытын уюштурат;
- жумушсуздарды кесиптик окутууну жана кайра окутууну уюштурууга,
жумушсуздарды акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартууга, жумушсуздарга
микрокредиттөөгө көмөк көрсөтөт;
- чет өлкөгө ишке орношуу максатында кетип жатышкан адамдарды ке-
сиптик окутуу жана кайра окутууну уюштурууга көмөк көрсөтөт;
- белгиленген тартипте кесиптик даярдоо мезгилинде жумушсуздарга
стипендия төлөйт;
- калктын чабал катмарына - аялдарга, майыптарга ишке орношууга
көмөк көрсөтөт;
- эл аралык эмгек рыногунда негизги өнөктөш мамлекеттер менен эл
аралык-келишимдик базаны иштеп чыгат, демилге кылат жана калыптандырат;
- кол коюлган эл аралык келишимдердин негизинде чет өлкөлөрдө Кыр-
гыз Республикасынын эмгек ресурстарын пайдалануу боюнча максаттуу прог-
раммаларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле эл аралык эмгек
рыногунун негизги өнөктөш - мамлекеттерде миграциялык кырдаалга монито-
ринг жана баалоо жүргүзөт;
- мыйзамсыз миграция жана адамдарды сатууга каршы күрөшүүнү ал-
дын-алуу боюнча иш-чараларда катышат;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарын
чет өлкөдө ишке орноштуруу менен байланышкан иштин маселелери боюнча
менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга мониторинг
жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу,
анын ичинде чет өлкөдө иш берүүчүлөрдү издөө жолу менен алардын тобу
менен орун которуулар процессине көмөк көрсөтөт;
- чет өлкөдө убактылуу эмгектик ишин жүзөгө ашырган Кыргыз Респуб-
ликасынын жарандарынын укуктарын Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү
дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрү менен бирдикте коргоого ка-
тышат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимде-
ринде белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында баш паанек издеген
адамдын жана качкын статустарын берүү жөнүндө чечим кабыл алат, эсепке
алууну, каттоону жүргүзөт;
- эмгек рыногунун керектөөлөрүнө ылайык квалификациялуу жумушчу
кадрларды даярдоону камсыз кылат;
- баштапкы кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын иштеп
чыгууну, окутуунун инновациялык формаларын жана ыкмаларын иштеп чыгууну
жана киргизүүнү уюштурат;
- кесиптик-техникалык билим берүү системасында окутуунун сапатын
жогорулатууну камсыз кылат;
- балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган
мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат;
- (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 120 токто-
муна ылайык алынып салынды)
- (КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 120 токто-
муна ылайык алынып салынды)
- балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жагында Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын жана эл аралык келишимдерин жүзөгө ашыруу-
ну, ошондой эле асырап алуу (улуттук жана эл аралык), камкордук көрүү
жана көзөмөлдүк кылуу, аларга социалдык жана укуктук кепилдиктерди кам-
сыз кылууну контролдойт;
- улуттук гендердик саясаттын артыкчылыктарын аныктоо жана милдет-
терди түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат;
- гендердик чөйрөдө кырдаалды талдоо жана гендердик тењчиликке же-
тишүү боюнча улуттук аракеттенүү планынын иш-чараларынын аткарылышына
мониторинг жүргүзөт;
- кадрлардын гендердик балансын караган ченемдик укуктук актылар-
дын аткарылышынын механизмдерин, ошондой эле гендердик маселелерди
практикалык иште да, ошондой эле башкаруу ишинде да киргизүү механизм-
дерин өркүндөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды
жүзөгө ашырат.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 120 токтому-
нун редакциясына ылайык)
4. Министрликтин укуктары
7. Министрлик төмөнкүлөргө укуктуу:
- бардык ведомствого караштуу бөлүмдөр жана уюмдар, аймактык ор-
гандар, чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөр аткарууга милдеттүү укуктук акты-
ларды кабыл алууга;
- таламдаш министрликтер, администрациялык ведомстволор, эл аралык
уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен бирдикте ведомство-
лор аралык комиссияларды, эксперттик кењештерди, жумушчу топторду
түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык кызматташу-
уну жүзөгө ашырууга;
- белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын жана мекемелердин кара-
жаттарын, донор өлкөлөрдүн гранттарын министрликтин ишинин жагындагы
мамлекеттик саясатын жүзөгө ашыруу үчүн тартууга;
- министрликтин борбордук аппаратынын жана аймактык органдарынын
жана этностук кыргыздарды, баш калка издеген адамдарды жана качкындарды
убактылуу жайгаштыруу пункттарынын жоболорун, түзүмүн, штаттык расписа-
ниесин, чыгымдардын сметасын бекитүүгө;
- ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана уюмдардын, чет өлкөдөгү
өкүлчүлүктөрдүн түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдардын смета-
сын бекитүүгө;
- министрликтин Өнүктүрүү жана материалдык кубаттоо фондун ведомс-
твого караштуу бөлүмдөрдүн атайын каражаттарынын чегерүүлөрүнүн эсеби-
нен түзүүгө;
- министрликтин ишинин жагында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу
үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор
өлкөлөрдүн гранттарын топтоо үчүн Атайын эсептерди ачууга;
- министрликтин системасынын кызматкерлерин даярдоо жана квалифи-
кациясын жогорулатуу системасын уюштурууга;
- эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, кесиптик-техникалык билим
берүү, балдарды коргоо, гендер жана министрликтин компетенциясына кир-
ген башка маселелер боюнча акысыз негизде маалыматтарды Кыргыз Респуб-
ликасынын Улуттук статистикалык комитетинен алууга;
- бюллетендерди, журналдарды жана башка басылмаларды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акысыз жана акы
төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте товар-
ларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырууга;
- конкурстарды, кењешмелерди, семинарларды жана конференцияларды
өткөрүүгө жана министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча
жарнамалык-басылма ишин жүргүзүүгө;
- белгиленген тартипте грамоталарды, төш белгилерди жана минист-
рликтин башка сыйлыктарын уюштурууга;
- милдеттерди жана функцияларды ойдогудай аткаруу үчүн зарыл бол-
гон башка функцияларды жүзөгө ашырууга.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ № 120 токтому-
нун редакциясына ылайык)
5. Министрликтин ишин уюштуруу
8. Министрлик борбордук аппараттан, ведомствого караштуу
бөлүмдөрдөн жана уюмдардан, аймактык органдардан жана чет өлкөдөгү
өкүлчүлүктөрдөн турат.
Ведомствого караштуу бөлүмдөр, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөр жөнүндө
жоболор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Аймактык органдар жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке
орноштуруу жана миграция министри тарабынан бекитилет.
Ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн же-
текчилери Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция
министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тара-
бынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
9. Министрликке Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана
миграция министри (мындан ары - министр) жетекчилик кылат, ал Кыргыз
Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасы-
нын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик
кызмат орду уюштурулган. Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо, бошотуу
тартиби, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам менен аныкталат. Министр
статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну
жүктөй алат.
10. Министрдин орун басарлары бар, алар министрдин сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайын-
далат жана бошотулат. Министрдин орун басарлары түздөн-түз министрге
баш ийет жана аларга жүктөлгөн милдеттенмелердин жана ыйгарым укуктар-
дын чегинде өз ишин жүзөгө ашырат.
11. Министр:
- министрликтин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын, башка мамлекеттердин мамлекеттик орган-
дары, жана эл аралык уюмдар менен мамилелерде министрликтин атынан иш
алып барат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча өкмөттөр ара-
лык келишимдерге жана макулдашууларга жана башка документтерге кол ко-
ет;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана буюртмаларды, жана
башка документтерди чыгарат;
- статс-катчы жана министрдин орун басарларынын ортосунда өз ыйга-
рым укуктарынын бөлүгүн бөлүштүрүүгө укуктуу;
- түзүмдүк, ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана аймактык орто-
сунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрөт;
- министрдин орун басарларынын ыйгарым укуктарынын чөйрөсүн жана
статс-катчы менен министрдин орун басарларынын ортосундагы милдеттерди
бөлүштүрүүнү аныктайт;
- борбордук Аппараттын, аймактык органдардын түзүмүн, штаттык са-
нын жана чыгымдардын сметасын бекитет;
- ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана уюмдардын штаттык санын
жана чыгымдардын сметасын бекитет;
- чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн түзүмүн, штаттык санын жана чы-
гымдардын сметасын бекитет;
- белгиленген тартипте борбордук аппараттын жетекчилерин жана кыз-
маткерлерин, ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун ба-
сарларын, чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерин, башкы бухгалтер-
ди статс-катчынын сунушу боюнча кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү мамлекеттик адми-
нистрация жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык аймактык
органдардын жетекчилерин жана этностук кыргыздарды, баш калка издеген
адамдарды жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пункттарынын жетекчи-
лерин, жетекчилердин орун басарларын жана башкы бухгалтерди статс-кат-
чынын сунушу боюнча кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- министрдин номенклатурасына кирген кызмат орундардын тизмесин,
ошондой эле алардын функциялык милдеттерин аныктайт жана бекитет;
- министрликтин мамлекеттик кызматчыларынын чектелген саны боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
- министрликтин кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселени чечет;
- белгиленген тартипте министрликтин мүлкүн башкарат жана каражат-
тарын тескейт;
- министрликтин кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органдары менен жа-
мааттык келишимге кол коет;
- министрдин орун басарларын, ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жа-
на чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн жетекчилерин номенклатуралык кызмат
орундарына ылайык кызмат орундарына дайындоо жана кызмат орундарынан
бошотуу үчүн талапкерлер, ошондой эле коллегия мүчөлөрүнүн талапкерлери
боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет;
- министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жана этностук кыргыздарды,
баш калка издеген адамдарды жана качкындарды убактылуу жайгаштыруу пун-
кттарынын жоболорун бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук-
тарды жүзөгө ашырат.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы УӨ N 120 токтому-
нун редакциясына ылайык)
12. Министрликте 9 кишиден турган коллегия түзүлөт, анын курамына
кызмат орду боюнча министр (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, минист-
рдин орун басарлары, ошондой эле Министрликтин системасынын башка кыз-
маткерлери кирет. Коллегия мүчөлөрүнүн жекече курамын (кызмат орду бо-
юнча коллегиянын курамына киргендерден тышкары) министрдин сунушу боюн-
ча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет. Коллегиянын Жобосу
жана ишинин регламенти министр тарабынан бекитилет.
13. Ведомствого караштуу бөлүмдөрдүн жана уюмдардын, аймактык ор-
гандардын жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери алар жүзөгө
ашырган ыйгарым укуктар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ыла-
йык жоопкерчилик тартат.
14. Министрликтин чечимдери буйрук жана буюртма түрүндө чыгарылат.
6. Корутунду жоболор
15. Министрликти кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мый-
замдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
16. Министрлик жоюлган учурда документтер Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө токтому"Постановление · 17.11.2009 · № 709 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 9-июлундагы №120 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги…Постановление · 09.07.2010 · № 120 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.