Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 ноября 2009 года №709 "О Министерстве труда, занятости и миграции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-11-17.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 24-апрели № 144
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча
мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603
токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
2005-жылдын 19-октябрындагы № 155 Конституциялык мыйзамына жана "Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүн-
дө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы N
607 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамле-
кеттик комитетинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтомго "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жу-
муштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасы" деген тирке-
ме ушул токтомго ылайык жањы редакцияда баяндалсын;
- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча
мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринин жогорку санынын чеги (техника-
лык жана тейлөө кызматкерлерисиз) 536 бирдиктен, анын ичинен борбордук
аппарат - 50, аймактык органдар - 466, ведомстволук уюмдар - 12, четөл-
көлөрдөгү өкүлчүлүктөр - 8 бирдик санында белгиленсин.".
Көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мигра-
ция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө жобого тө-
мөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- "Жалпы жоболор" деген I бөлүмдүн 1-пунктунун экинчи абзацындагы
"органдары" деген сөздөрдөн кийин ", ведомстволук уюмдар" деген сөздөр
менен толукталсын, андан ары текст боюнча,
- "Жалпы жоболор" деген I бөлүмдүн 3-пунктундагы "органдары" деген
сөздөн кийин ", ведомстволук уюмдар" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Жалпы жоболор" деген I бөлүмдүн 3-пунктундагы "экономика жана"
деген сөздөр алып салынсын;
- "Жалпы жоболор" деген I бөлүмдүн 4-пунктундагы "подразделениеле-
ри" деген сөздөрдөн кийин ", ведомстволук уюмдар" деген сөздөр менен
толукталсын;
- "Жалпы жоболор" деген I бөлүмдүн 4-пунктундагы "бюджетте" деген
сөздөрдөн кийин "атайын каражаттарда," деген сөздөр менен толукталсын;
- "Мамкомитеттин милдеттери" деген II бөлүмдүн 5-пунктундагы сеги-
зинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "- адамдарды сатуунун алдын-алуу жана бөгөт коюу, Кыргыз Респуб-
ликасынын миграциялык мыйзамдарын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын
аймагында четөлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу, Кыргыз Рес-
публикасынын жарандарын четөлкөдө жумушка орноштуруу жагында мыйзамдар-
ды сактоону камсыз кылуу;";
"Мамкомитеттин милдеттери" деген II бөлүмдүн 5-пункту төмөнкүдөй
мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен сырткары жумушка
орноштуруу максатында топ-тобу менен кетүүсүн уюштуруу";
- "Мамкомитеттин негизги функциялары" деген III бөлүмдүн 6-пункту
төмөнкүдөй редакциядагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"- адамдарды сатуунун алдын алуу, бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын
комплексин жүзөгө ашыруу, менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республи-
касынын аймагында четөлкөлүк жумушчу күчтөрдү тартууга жана пайдалануу-
га, четөлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштурууга
байланышкан жеке жана юридикалык жактардын ишине миграциялык контролду
жүргүзүү;";
- "Мамкомитеттин негизги функциялары" деген III бөлүмдүн 6-пункту-
нун тогузунчу абзацы алып салынсын;
- "Мамкомитеттин негизги функциялары" деген III бөлүмдүн 6-пункту-
нун он бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын жарандарын четөлкөлөрдө ишке орноштуруу,
анын ичинде алардын топ-тобу менен кетүү процессине четөлкөлөрдө иш
берүүчүлөрдү издөө, реципиент-өлкөлөрдүн эмгек рыногунун талаптарына
ылайык кайра окутууну жана квалификациясын жогорулатуу уюштуруу жолу
менен көмөк көрсөтөт жана жүзөгө ашырат;";
- "Мамкомитеттин негизги функциялары" деген III бөлүмдүн 6-пункту-
нун он алтынчы жана жыйырма жетинчи абзацтары алып салынсын;
- "Мамкомитеттин укуктары" деген IV бөлүмдүн 7-пункту төмөнкүдөй
мазмундагы бешинчи-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- өз компетенциясынын чектеринде ведомстволор аралык мүнөздөгү,
анын ичинде чет мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдары, эларалык
уюмдар жана четөлкөлүк юридикалык жактар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө
жана эларалык келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары менен зарыл келишим-
дерди, макулдашууларды, меморандумдарды, протоколдорду түзүүгө;
- Мамкомитеттин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекет-
тер аралык, өкмөттөр аралык жана региондук уюмдарда Кыргыз Республика-
сынын таламдарын көздөөгө;";
- "Мамкомитеттин укуктары" деген IV бөлүмдүн 7-пункту төмөнкүдөй
мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу, Мамкоми-
теттин көрсөтмөлөрүн аткарбоо фактылары боюнча материалдарды Кыргыз
Республикасынын сот жана укук коргоо органдарына берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз
компетенциясынын чегинде өз милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн
уюштуруучу катары чыгууга";
- "Мамкомитеттин укуктары" деген IV бөлүмдүн 7-пунктунун он экинчи
абзацы алып салынсын;
- "Мамкомитеттин ишин уюштуруу" деген V бөлүмдүн 8-пункту төмөнкү-
дөй редакцияда баяндалсын:
- "Мамкомитетке Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындай жана бошото
турган төрага башчылык кылат.
Мамкомитетте статс-катчы жана төраганын эки орунбасары болот.
Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнча жана
төраганын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белги-
ленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кыз-
матка дайындалат жана бошотулат.
Статс-катчынын функциялары жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кыз-
мат боюнча кењеш бекиткен Мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндө
жобо менен аныкталат.
Төрага статс-катчыга башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды ат-
карууну жүктөшү да мүмкүн.
Төраганын орунбасарлары төраганын сунушу боюнча Кыргыз Республика-
сынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
Төраганын орунбасарлары түздөн-түз Мамкомитеттин төрагасына баш ийет
жана аларга жүктөлгөн милдеттердин чегинде өз ишин жүргүзөт.".
- "Мамкомитеттин ишин уюштуруу" деген V бөлүмдүн 10-пунктунун бе-
шинчи абзацындагы "жетекчилеринин" деген сөздөн кийин "жана аймактык
органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Мамкомитеттин ишин уюштуруу" деген V бөлүмдүн 10-пункту төмөн-
күдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жана анын тапшырмасы
боюнча эларалык келишимдерге, анын ичинде ведомстволор аралык мүнөздөгү
келишимдерге кол коет;
- кызмат орду боюнча Мамкомитеттин жарандык коргонуусунун началь-
ниги болуп саналат жана Мамкомитетте жарандык коргонууга жетекчилик кы-
лат;";
- "Мамкомитеттин ишин уюштуруу" деген V бөлүмдүн 10-пунктунун же-
тинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Мамкомитеттин түзүмүн, аймактык органдарынын, ведомстволук уюм-
дарынын штаттык расписаниесин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик-укуктук актыларында
белгиленген кызматкерлердин санынын жана эмгек акы фондунун чегинде
аларды күтүүгө чыгымдардын сметасын бекитет;";
- "Мамкомитеттин ишин уюштуруу" деген V бөлүмдүн 10-пунктунун то-
гузунчу абзацында "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "Тышкы
эмгек миграциясы жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Мамкомитеттин ишин уюштуруу" деген V бөлүмдүн 10-пунктунун он
алтынчы абзацы алып салынсын;
- "Мамкомитеттин ишин уюштуруу" деген V бөлүмдүн 11-пункту төмөн-
күдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамкомитеттин аймактык органдарынын жана ведомстволук уюмдарынын
жетекчилери өз ведомстволорунун ишине жетекчилик кылат, алардын ишин
уюштурат жана координациялайт, миграция жана ишке орноштуруу чөйрөсүндө
мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча алардын ишинин натыйжасы үчүн
жекече жоопкерчилик тартат;".
2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча
мамлекеттик комитети өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат баш-
кармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-апрелиндеги
№ 144 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин башкаруу
СХЕМАСЫ
| Төрага | ------------------ | Коллегия |
| Борбордук аппарат |
v v v v
| Чет | Аймактык | Миграциялык | Маалыматтык- | |||
| өлкөлөрдөгү | органдар | фонд | консультациялык | |||
| өкүлчүлүктөр | борбор |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21 -декабрындагы № 603 токтому менен…Положение · 21.12.2005 · № 603 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" токтомуПостановление · 21.12.2005 · № 603 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө токтому"Постановление · 17.11.2009 · № 709 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери" токтомуПостановление · 21.12.2005 · № 603 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө токтому"Постановление · 17.11.2009 · № 709 · Күчүн жоготкон