Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 ноября 2009 года №709 "О Министерстве труда, занятости и миграции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-11-17.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы № 709 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 21-декабры, № 603
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча
мамлекеттик комитетинин маселелери
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-
жылдын 15-октябрындагы № 462 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө» жана 2005-жылдын 30-
ноябрындагы № 607 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө» жарлыктарына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча
мамлекеттик комитети жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча
мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча
мамлекеттик комитетинин борбордук аппаратынын штатынын сандык чеги 56
штаттык бирдик менен белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча
мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине
караштуу Миграциялык кызмат департаментинин жана Кыргыз
Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Иш
менен камсыз кылуу департаментинин укук улантуучусу болоору
белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча
мамлекеттик комитетинин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык
мекеме деген статустары сакталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз
Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик
комитетинин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн тийиштүү каржылоону
камсыздасын.
6. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча
мамлекеттик комитети борбордук аппаратынын штаттык расписаниесин жана
структурасын бир айлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча
мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо
министрлиги менен бирдикте эки айдын ичинде мурда кабыл алынган
чечимдерди ушул токтомго ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө беришсин.
8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги
«Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү аныкталган
тартипте киргизсин.
9. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N
315 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы №
625 «Россия Федерациясында (Москва ш.) Кыргыз Республикасынын Россия
Федерациясындагы Элчилигине караштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы
иштер министрлигинин Миграциялык кызмат департаментинин өкүлчүлүгүн
түзүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча «Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлиги» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «Кыргыз
Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети»
деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтомдун тиркемесинин аталышында «Кыргыз Республикасынын
Тышкы иштер министрлиги» деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү «Кыргыз
Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекетгик комитети»
деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү
башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 21-декабрындагы
№ 603 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке
орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин башкаруу
СХЕМАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 токтомунун
редакциясына ылайык)
| Төрага | ------------------ | Коллегия |
| Борбордук аппарат |
v v v v
| Чет | Аймактык | Миграциялык | Маалыматтык- | |||
| өлкөлөрдөгү | органдар | фонд | консультациялык | |||
| өкүлчүлүктөр | борбор |
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө токтому"Постановление · 17.11.2009 · № 709 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 17 апреля 2002 года №231 "Об Иммиграционном фонде при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики"Постановление · 17.04.2002 · № 231 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-декабрындагы №727 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Маалыматтык-консультациялык…Постановление · 27.12.2008 · № 727 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июнундагы № 245 " Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.06.2007 · № 245 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 21 -декабрындагы № 603 токтому менен…Положение · 21.12.2005 · № 603 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N 315 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд…Постановление · 07.08.2007 · № 315 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 17 августа 2004 года N 625 "Об учреждении Представительства Департамента миграционной службы при Министерстве иностранных дел Кыргызской…Постановление · 17.08.2004 · № 625 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2005-жылдын 30-декабрындагы № 634 буйругуРаспоряжение · 30.12.2005 · № 634 · Күчүн жоготкон
- Положение об Иммиграционном фонде при Министерстве иностранных дел Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики 17 апреля 2002 года № 231)Положение · 17.04.2002 · № 231 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 10-октябрындагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 10.10.2007 · № 456 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-апрелиндеги № 144 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 24.04.2007 · № 144 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын 2005-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 15.02.2005 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.10.2005 · № 462 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 17 августа 2004 года N 625 "Об учреждении Представительства Департамента миграционной службы при Министерстве иностранных дел Кыргызской…Постановление · 17.08.2004 · № 625 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы ПЖ № 607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" буйругуУказ · 30.11.2005 · № 607 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №709 "Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жөнүндө токтому"Постановление · 17.11.2009 · № 709 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы N 315 "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Миграциялык фонд…Постановление · 07.08.2007 · № 315 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндөЗакон · 27.12.2007 · № 176 · Күчүн жоготкон
8 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүЗакон · 27.09.2005 · № 153 · Күчүн жоготкон