Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №93 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 9-августу ПЖ №93 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө 2010-жылдын 27-июнундагы референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу, элдин эрк-талабын эркин билдирүү демократиялык шайлоонун талашсыз шарты болуп саналаарын эске алып, "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесин жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекстин 69-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жекшембиге, 2010-жылдын 10-октябрына дайындалсын.
2. Жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2010-жылдын 27-июнундагы референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана 2007-жылдын 21-октябрында референдум (жалпы элдик добуш берүү) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбеген бөлүгүнө ылайык өткөрүлүүгө тийиш экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин, ак ниет жана ачык өткөрүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келбеген бөлүгүнүн ченемдерин жетекчиликке алсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоо өткөрүү үчүн зарыл болгон каржы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык бөлүп берсин;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын жайлары менен добуш берүү үчүн жайлардын коопсуздугун, алардын өрт коопсуздугун сактоо, шайлоо документтерин ташуучу транспорт каражаттарын коштоп жүрүүнү жана кайтарууну камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
5. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы камсыз кылсын.
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдарынын жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери шайлоочулардын тизмелерин түзүүнү, тактоону жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүүнү шайлоо жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген мөөнөттөрдө камсыз кылсын жана шайлоону даярдоо менен өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
7. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (9)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 15-сентябры № 253 "Шайлоочулардын тизмелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.09.2010 · № 253
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 65-р (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана…Распоряжение · 07.09.2010 · № 65-р
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-августагы № 148 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо…Постановление · 10.08.2010 · № 148
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттарын…Постановление · 12.09.2010 · № 242
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 142 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана…Постановление · 09.08.2010 · № 142
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын2010-жылдын 12-августундагы № 150 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоого жана…Постановление · 12.08.2010 · № 150
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 28-сетябрындагы № 285 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде Жогорку Кеңештин депутаттарын…Постановление · 28.09.2010 · № 285
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-августундагы №157 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча…Постановление · 13.08.2010 · № 157 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон