Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 10-августу № 148 Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин формаларын жана үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгына, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 13-пунктчаларына, Кыргыз Республикасынын "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 12-пунктчаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча финансылык документтердин төмөнкүдөй формалары жана үлгүлөрү бекитилсин:
- Атайын шайлоо эсебин ачуу жөнүндө (№ 1, № 2 форма);
- Банк мекемесиндеги атайын шайлоо эсебинин реквизиттери жөнүндө (№ 3 форма);
- партиялардын атайын шайлоо фондуна акча каражаттарынын келип түшүү жана чыгымдоо эсеби (№ 4 форма);
- саясый партиялардын шайлоо фондунун атайын шайлоо эсебинде турган акча каражаттарынын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө (№ 5 форма);
- саясый партиянын макулдугун тастыктоо (№ 6 тиркеме);
- Жыйынтык финансылык отчет (№ 7 форма).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансылык жана материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Б.Ж.Салыкбаевага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы ПЖ №93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 09.08.2010 · № 93 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон