Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 5 мая 2021 года № 59 "О Конституции Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-05-05.
КР 2021-жылдын 5-майындагы № 59 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 27-июну Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө
1-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы төмөнкүлөрдү кошпогондо референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет:
- жаңы шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи жыйналышы башталган күндөн тартып күчүнө кире турган үчүнчү бөлүмүнүн, төртүнчү бөлүмүнүн экинчи жана үчүнчү главаларынын, бешинчи-алтынчы бөлүмдөрдүн жоболорун;
- 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 30-берененин экинчи бөлүгүнүн жоболорун.
2. Референдум (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кол коюуну талап кылбайт.
3. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынган күндүн тарыхый маанисин эске алып, 5-май Кыргыз Республикасынын Конституция күнү деп эсептелинсин.
4. Конституция күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелинсин:
1) 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы ага киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен;
2) "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" 1993-жылдын 5-майында № 1186-XII кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) төмөнкүлөрдү кошпогондо "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" 2007-жылдын 23-октябрындагы № 157 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы:
жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы башталган күндөн тартып күчүн жоготуучу Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктары жөнүндө жоболорду; жаңы Конституцияга ылайык түзүлгөн Өкмөттүн жаңы курамы дайындалган күндөн тартып күчүн жоготуучу Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктары жөнүндө жоболорду.
5. Конституция күчүнө киргенге чейин колдонулуп келген мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
Жарандык, жазык жана административдик сот өндүрүшүнүн тартибин жөнгө салуучу мыйзамдар аларды Конституцияга ылайык келтиргенге чейин колдонулат.
6. Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринде, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинде, "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Гендердик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы № 136 Жарлыгында каралган атайын кепилдиктер өз колдонулушун сактап калат.
7. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренеси менен каралган талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялары жаңы Конституцияга ылайык жаңы судьялар шайланганга жана дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары, жергиликтүү соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары жаңы Конституцияга ылайык Жогорку соттун төрагасынын жаңы орун басарлары, жергиликтүү соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Жаңы Конституцияга ылайык Судьяларды тандоо боюнча кеңеш түзүлгөнгө чейин судьялардын, жергиликтүү соттордун төрагаларынын жана алардын орун басарларынын бош калган кызматтары Убактылуу Өкмөт тарабынан аныкталуучу тартипте ээленет.
9. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары өздөрү шайланган мөөнөт аяктаганга чейин ыйгарым укуктарын сактап калат.
Шаарлардын мэрлери, шаардык башкармалыктардын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын тиешелүү кызмат адамдары шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
10. 2010-жылдын 12-апрелиндеги № 2 "Конституциялык сотту таратуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети чыккан күндөн тартып Конституциялык соттун судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулду деп эсептелинсин.
11. Конституция күчүнө кирген күндөн тартып:
1) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү тарабынан аныкталат жана өзүнө саясий партиялардын, жарандык коомчулуктун өкүлдөрүн камтыйт. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссия Конституцияга ылайык жаңы курам түзүлгөнгө чейин иштейт;
2) Эсептөө палатасынын төрагасы жана аудиторлору Эсептөө палатасынын жаңы курамы шайланганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.
2-берене.
1. 2010-жылдын 19-майындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төмөнкү маанидеги Декрети бекитилсин:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 19-майы УӨ № 39
Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын жаңы Президенти кызматына киришкенге чейин Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президентинин кызматы киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президенти 2011-жылдын шайлоосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлигин коюуга укуксуз экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Роза Исаковна Отунбаевага Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президентинин ыйгарым укуктары таандык кылынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президенти:
Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык шайланган жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышына чейин "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" 2007-жылдын 23-октябрындагы № 157 Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат; жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы башталган күндөн тартып Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат; Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзүлгөнгө чейин "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында баяндалган 2007-жылдын 23-октябрындагы № 157 Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен каралган Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.
6. Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти саясий партияда турууга укуксуз, саясий бейтараптыкты сактоого жана кандай гана болбосун саясий партияларды колдоого байланышкан ар кандай аракеттерди жасоодон өзүн токтотууга милдеттүү.
7. Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, ак ниет жана ачык айкын өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.".
3-берене.
1. Кыргыз Республикасынын Президенти 2010-жылдын 19-майындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Декрети бекитилгенден кийин референдумдун чечими менен Кыргыз Республикасынын элинин алдында ант берет.
2. Кыргыз Республикасынын жаңы Президентин шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 2 ай калганда өткөрүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын жаңы Президенти кызматка киришкенден кийин Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусуна ээ болот.
4-берене.
Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизүүнүн тартибин караган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
5-берене.
Ушул Мыйзам 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын референдуму (бүткүл элдик добуш берүү) менен кабыл алынды жана Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 130 "2010-жылдын 27-июндагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктары жөнүндө" токтому
Караңыз: Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 130 "2010-жылдын 27-июндагы Кыргыз Республикасынын референдумунун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыктары жөнүндө" токтому
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 28 · байланышкандар: 207
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-октябрындагы №12-р "Нурбек Айтыевич Касымбековдун, Асель Союзбековна Кодуранованын, Ирина Юрьевна…Сот практикасы · Решение · 24.10.2019 · № 12-р
Цитата келтиргендер (28)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 130 "2010- жылдын 27-июндагы Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш…Постановление · 01.07.2010 · № 130
- Постановление Конституционной палаты Верховного суда Кыргызской Республики от 25 сентября 2014 года "Об отказе в удовлетворении жалобы Уметалиевой Токтайым Джумаковны об отмене…Постановление · 25.09.2014
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 59
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 7-июлундагы № 349 "Б.Ж.Асанов жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 07.07.2011 · № 349
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн РЕГЛАМЕНТИ (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-августундагы № 168 токтому менен бекитилген)Регламент · 18.08.2010 · № 168
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 19-январындагы № 48 (А.С.Айжигитов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 19.01.2011 · № 48
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 19-январындагы № 49 (М.А.Асанакунов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 19.01.2011 · № 49
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 19-январындагы № 50 (Н.Т.Абдылдаев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 19.01.2011 · № 50
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 19-январындагы № 51 (А.О.Бурканов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 19.01.2011 · № 51
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 15-февралындагы № 99 (Т.Мамбетов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.02.2011 · № 99
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 15-февралындагы № 100 (К.К.Муратбеков жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 15.02.2011 · № 100
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 28-февралындагы № 143 (Т.М.Касмамбетов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 28.02.2011 · № 143
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 5-апрелиндеги № 201 (С.А.Абдыракманов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 05.04.2011 · № 201
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 28-апрелиндеги № 238 (Е.Т. Кузебаев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 28.04.2011 · № 238
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 13-майындагы № 263-а (А.Т.Чылабаева жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 13.05.2011 · № 263-а
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 24-майындагы № 273 (С.С.Салиев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 24.05.2011 · № 273
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 7-июлундагы № 350 "А.А.Турсунбаев жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 07.07.2011 · № 350
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 12-июлундагы № 356 "А. Акунов жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 12.07.2011 · № 356
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 13-июлундагы № 360 "Б.С.Иманбердиев жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 13.07.2011 · № 360
- КР Премьер-министринин 2011-жылдын 3-августундагы № 380 "Н.Т.Абдылдаев жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 03.08.2011 · № 380
28 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 130 "2010- жылдын 27-июндагы Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш…Постановление · 01.07.2010 · № 130
- КР УО 2010-жылдын 19-майынын № 39 "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө" ДекретиДекрет · 19.05.2010 · № 39
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндөЗакон · 05.05.2021 · № 59
- Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 184
- КР УӨ 2010-жылдын 12-апрели № 2 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүмүн таратуу жөнүндө" ДекретиДекрет · 12.04.2010 · № 2
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөЗакон · 23.10.2007 · № 157 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2006-жылдын 20-мартындагы ПЖ №136 "Гендердик саясатты өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.03.2006 · № 136 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Конституции Кыргызской РеспубликиЗакон · 05.05.1993 · № 1186-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (207)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- КР УӨ 2010-жылдын 13-июлундагы №127 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2010 · № 127
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-сентябрындагы № 65-р (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана…Распоряжение · 07.09.2010 · № 65-р
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ № 112 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын…Указ · 11.08.2010 · № 112
- КР Президентинин 2013-жылдын 7-мартындагы ПЖ №49 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларын бошотуу жөнүндө "Указ · 07.03.2013 · № 49
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 26-декабрындагы № 2642-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Н.Жапаровду депутаттык кол тийбестигинен ажыратуу менен жазык…Постановление · 26.12.2012 · № 2642-V
- КР УӨ 2010-жылдын 18-сентябрындагы №208 "Ж. Б. Бапанова жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2010 · № 208
- КР Президентинин 2010-жылдын 17-июлундагы № 19-п (З.К.Тиленов жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 17.07.2010 · № 19-П
- КР Президентинин 2010-жылдын 17-июлундагы № 20-п (Ч.К.Турусбеков жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 17.07.2010 · № 20-рп
- КР Президентинин 2010-жылдын 28-июлундагы ПЖ № 60 "С.С.Панкратов жана А.Садыков жөнүндө" жарлыгыУказ · 28.07.2010 · № 60
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ №95 "Н.А. Ашымбеков жөнүндө" жарлыгыУказ · 11.08.2010 · № 95
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ №96 "А.Э. Калилов жөнүндө" жарлыгыУказ · 11.08.2010 · № 96
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ №97 "М.Ж. Жакупов жөнүндө" жарлыгыУказ · 11.08.2010 · № 97
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ №98 "Г.И. Борончиева жөнүндө" жарлыгыУказ · 11.08.2010 · № 98
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ №99 "А.М. Арзиев жөнүндө" жарлыгыУказ · 11.08.2010 · № 99
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ №100 "А.К. Осмонов жөнүндө" жарлыгыУказ · 11.08.2010 · № 100
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ № 101 "К.К.Сулайманов жөнүндө" жарлыгыУказ · 11.08.2010 · № 101
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-августу ПЖ № 102 "С.К.Соодонбеков жөнүндө" жарлыгыУказ · 11.08.2010 · № 102
- КР Президентинин 2010-жылдын 11-августундагы ПЖ № 111 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын…Указ · 11.08.2010 · № 111
- К Р Президентинин2010-жылдын 11-августу ПЖ № 113 "Кыргыз Республикасынын судьяларын дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 11.08.2010 · № 113
207 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.