Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускаларынын санын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 12-сентябры № 242 Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускаларынын санын бекитүү жөнүндө Коомчулуктун көптөгөн кайрылууларына жана шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылууга жана аларды түзүүнүн тууралыгын текшерүүгө байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 10-беренесинин 1-пунктунун 1- жана 2-пунктчаларына, 13-пунктунун 8-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 4-пунктчаларына, 1-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы №93 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 6-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 "Шайлоо" МАСнын системалык администраторлору Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттарын 2010-жылдын 10-октябрында шайлоодо шайлоочулардын негизги тизмесин ар бир шайлоо участкасы боюнча үч нускада басып чыгарсын.
2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери,жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Шайлоо жөнүндө кодекстин 22-беренесинин 10-пунктуна ылайык, ар бир шайлоо участкасы боюнча номерленген, боолонгон жана колтамга жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын негизги тизмелеринин бирден нускасын тийиштүү райондук (шаардык) жана эки нускадан ар бир участкалык шайлоо комиссиясына беришсин.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы ПЖ №93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 09.08.2010 · № 93 · Күчүн жоготкон