Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Шайлоочулардын тизмелери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 15-сентябры № 253 Шайлоочулардын тизмелери жөнүндө Шайлоочулардын тизмелеринин сапатын жакшыртуу жана жарандардын шайлоочулардын тизмелери менен таанышуу мүнкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 23-беренесин, 15-беренесинин 1-, 2-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы №93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 6-пунктун, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелеринин нускасынын санын бекитүү жөнүндө" токтомун аткарууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ 1 Участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары төмөнкүлөрдү камсыз кылсын: -шайлоочулардын тизмелеринин үчүнчү нускасын участкалык шайлоо комиссияларынын атайын даярдалган такталарына 2010-жылдын 20-сентябрынан кечиктирбестен илүүнү; -шайлоочуларга билдирүүлөрдү 2010-жылдын 25-сентябрына чейин таркатууну.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө облустук, Бишкек, Ош шаардык, райондук, шаардык шайлоо комиссияларына жүктөлсүн.
Төраганыы милдетин аткаруучу
Ж.Акматов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 12-сентябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын жаңы чакырылыштагы Жогорку Кенешинин депутаттарын…Постановление · 12.09.2010 · № 242
- КР Президентинин 2010-жылдын 9-августундагы ПЖ №93 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 09.08.2010 · № 93 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон