Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 30 июня 2011 года № 62 "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-30.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы N 62 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
1997-жылдын 14-марты № 14
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын
2004-жылдын 1-мартындагы № 15 Мыйзамынын,
2004-жылдын 8-октябрындагы № 180 Мыйзамынын,
2005-жылдын 6-январындагы № 4 Мыйзамынын,
2006-жылдын 8-августундагы № 164 Мыйзамынын,
2007-жылдын 4-июнундагы № 77 Мыйзамынын,
2008-жылдын 18-июлундагы № 145 Мыйзамынын,
2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,
2008-жылдын 29-декабрындагы № 278Мыйзамынын
редакцияларына ылайык)
2004-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
1-статья
1-статья. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдар өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыр-
гыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү
үчүн түзүлгөн комиссиялар тутумун жетектеген туруктуу иштеген көзкаран-
дысыз борбордук мамлекеттик бийлик органы болуп саналат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясын, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодексти, ушул
Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук акты-
ларын жетекчиликке алат.
3. Мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар, саясий партиялар, коомдук би-
рикмелер, алардын кызмат адамдары Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүнүн
ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы анын ишине көмөк көрсөтүүгө, ке-
ректүү маалыматтарды жана материалдарды берүүгө милдеттүү.
4. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын борбору Биш-
кек шаарынан орун алган өзүнчө администрациялык имаратта жайгашары бел-
гиленсин.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
2-статья
2-статья. Борбордук шайлоо комиссиясын түзүүнүн тартиби жана
анын статусу
1. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияга жана ушул Мыйзамга
ылайык чечүүчү добуш берүү укугу бар Борбордук шайлоо комиссиясынын Тө-
рагасынан жана 12 мүчөсүнөн турган курамда беш жылдык мөөнөткө түзүлөт.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин макул-
дугу менен Президент тарабынан дайындалат жана мамлекеттик кызмат адамы
болуп саналат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын кызматына талапкерди
дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү сунуш Президент тарабынан Жогорку
Кењешке ал Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын милдетин аткаруу-
чу болуп дайындалган күндөн тартып 10 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен
киргизилет.
4. Президент бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган
өкүлчүлүгүн эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн
курамынын жарымын дайындайт жана аларды кызмат орундарынан бошотот.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн курамынын жарымын Жогорку
Кењеш бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эс-
ке алуу менен Жогорку Кењештин Регламентинде каралган тартипте шайлайт
жана аларды кызмат орундарынан бошотот.
5. Борбордук шайлоо комиссиясына чечүүчү, ошондой эле кењеш берүү-
чү добуш берүү укугуна соттолгондугу алына же жоюла элек адам мыйзамда
белгиленген тартипте мүчө боло албайт.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын
негизги ишин үзгүлтүккө учуратпастан коомдук башталышта жүзөгө ашыры-
шат.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары Борбордук шай-
лоо комиссиясынын жањы курамынын укуктуу биринчи жыйналышы болгон
күндөн тартып токтотулат.
8. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөө-
нөтү шайлоо кампаниясынын, референдум кампаниясынын учурунда Президент-
ти жана Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча аяктаса, анын ыйга-
рым укуктарынын мөөнөтү ошол шайлоо кампаниясы, рефередум кампаниясы
аяктаганга чейин узартылат.
9. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде мам-
лекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынан көз карандысыз.
10. Борбордук шайлоо комиссиясынын иши Жогорку Кењештин таркатылы-
шына байланыштуу же Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда
токтотулушуна байланыштуу токтотула турушу мүмкүн эмес.
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-октябрындагы N 180 Мыйзамы-
нын, 2006-жылдын 8-августундагы N 164 Мыйзамынын, 2007-жылдын 4-июнун-
дагы № 77 Мыйзамынын, 2008-жылдын 18-июлундагы N 145 Мыйзамынын,
2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
3-статья
3-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу
мүчөсүнүн статусу
1. Ушул статьянын 3-пункутунда саналып өткөн адамдардан
тышкары, шайлоо укугуна ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында
туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын 25 жашка чыккан жараны Борбор-
дук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсү боло алат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнө
Президент белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берет.
3. Жогорку Кењештин депутаттары, жергиликтүү кењештердин депутат-
тары, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, аскер кызматчылар, укук
коргоо жана фискалдык органдарынын кызматкерлери, башка шайлоо комисси-
ялардын мүчөлөрү, шайлануучу кызмат ордунда болгон талапкерлерге тике-
ден-тике баш ийүүчү адамдар Борбордук шайлоо комиссиясына чечүүчү добуш
укугу менен мүчө боло алышпайт.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Президенттин кызмат
ордуна, Жогорку Кењештин депутаттыгына, жергиликтүү кењештердин депу-
таттыгына талапкер же алардын өкүлдөрү болуп катталганда, ошондой эле
жогоруда көрсөтүлгөн кызмат орундарына жакын туугандары талапкер болуп
катталган учурларда, аларды дайындаган (шайлаган) органдын чечими жок
эле комиссиянын мүчөлүк милдетинен бошотулган деп эсептелишет.
5. Эгерде ушул статьянын 3-пункутундагы аталган адамдар Борбор-
дук шайлоо комиссиясынын курамына дайындалса же шайланса, алар
өздөрүнүн ыйгарым укуктарын он күндүк мөөнөттө токтотууга милдеттүү.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы жана чечүүчү добушка
укуктуу мүчөсү ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде саясий партия-
лардагы өз иштерин токтото турууга милдеттүү.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы жана чечүүчү добушка
укуктуу мүчөсү төмөнкүдөй учурларда ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякта-
ганга чейин тиешелүү түрдө Президент же Жогорку Кењеш тарабынан милдет-
теринен бошотулат:
- өз ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берсе;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же жарандыгын жо-
готкондо, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
- Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаганга жөнөп
кетсе;
- соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;
- соттун күчүнө кирген мыйзамдуу чечими менен аракетке жөндөмсүз,
аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жоголгон же каза болгон деп
таанылганда;
- өлгөндө;
- милдеттерин дайыма аткарбаганда - Борбордук шайлоо комиссиясынын
сунуштамасы боюнча;
- ушул статьянын 3-пункутундагы каралган дагы башка негиздерде.
8. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын жана чечүүчү добушка
укуктуу мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда,
ваканттык орундарды ээлөө аны түзүү тартибинде жүзөгө ашырылат.
9. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсү
өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде, анын макулдугу болмоюнча
башка ишке которулушу же администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси ме-
нен иштен бошотулушу мүмкүн эмес.
10. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүн
медициналык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө Өкмөт мүчөлөрүн тейлөө
дењгээлинде белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,2008-жылдын 29-декабрындагы № 278
Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья
4-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка
укуктуу мүчөсүнүн статусу
1. Президенттин кызмат орунуна талапкер, референдумду өткөрүү бо-
юнча, Жогорку Кењештин депутаттарына талапкерлердин тизмесин каттаган
саясий партия демилгелүү топ катталгандан кийин Борбордук шайлоо комис-
сиясына анын кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөсүн дайындоого укуктуу,
ал үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын
кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөлүгүнө талапкердин фамилиясы, аты,
атасынын аты, туулган жылы, иштеген жери, ишинин түрү жана туруктуу жа-
шаган жеринин толук дареги көрсөтүлгөн документтерди берет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсүнүн ыйгарым укуктары аны Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш
берүүчү добушка укуктуу мүчөсү катары катталган учурдан тартып башта-
лат.
3. 21 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ жана Кыргыз Республикасынын
аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Борбордук шай-
лоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөсү боло алат.
4. Шайлануучу кызмат адамдары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, аскер кыз-
матчылары жана укук коргоо жана фискалдык органдарынын кызматкерлери
Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөсү бо-
луп дайындала алышпайт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсү бир эле учурда дагы башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло ал-
байт.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсүнө Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы белгиленген үлгүдөгү
күбөлүк берет.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсү шайлоонун, референдумдардын натыйжалары жөнүндө протокол түзүү
укугунан, Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына берилген
чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышуу укугунан жана Борбордук
шайлоо комиссиясынын чечимдерге жана протоколдорго коюлган колдор уку-
гунан тышкары, шайлоо жана референдум даярдоо жана өткөрүү маселеси бо-
юнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнүн
бардык толук укуктарына ээ.
8. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењешчи добуш берүү укугу бар
мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттердин чечими бо-
юнча токтотулушу жана башка аларга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын кењешчи добуш берүү укугу бар мүчө-
лөрүнүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттерди каттоо жокко
чыгарылган учурда да токтотулушу мүмкүн.
9. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсүнүн ыйгарым укуктары шайлоонун натыйжасы расмий жарыялангандан
жана тиешелүү түрдө референдумдун натыйжасы расмий жарыялангандан кийин
токтотулат.
10. Президенттин кызмат орунуна катталган талапкер, референдумдун
өткөрүү боюнча, Жогорку Кењештин депутаттарына талапкерлердин тизмесин
каттаган саясий партия демилгелүү топ добуш берүүнүн жыйынтыгына, шай-
лоо, референдум натыйжаларына даттанган учурда Борбордук шайлоо комис-
сиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу тиешелүү мүчөсүнүн ыйгарым укук-
тары Кыргыз Республикасынын соту тарабынан даттануунун маани-мазмуну
боюнча биротоло чечим кабыл алынгандан кийин токтотулат.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
5-статья
5-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары
1. Борбордук шайлоо комиссиясы өз ыйгарым укуктарынын чегинде:
1) Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын
жарандарынын шайлоо укуктарынын жана референдумга катышуу укуктарынын
сакталышына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун, Кыр-
гыз Республикасынын референдум жөнүндө" конституциялык мыйзамдарынын",
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жөнүндө кодексинин аткарылышына контрол-
дукту жүзөгө ашырат жана алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;
2) Президенттин, Жогорку Кењештин жана жергиликтүү кењештеринин
депутаттарын шайлоону, референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү уюшту-
рат;
3) өз ыйгарым укуктарынын чегинде токтомдорду, нускоолорду, жобо-
лорду, дагы башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышына контрол-
дук кылат;
4) төмөн турган шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын
ишине жетекчилик кылат, аларга укуктук, уюштуруу-усулдук жагынан жардам
көрсөтөт, Конституция, мыйзамдар, Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл ал-
ган токтомдор, нускоолор, жоболор жана башка актылар бузулган учурда,
төмөн турган шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын чечим-
дерин жокко чыгарат;
5) (2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамына ылайык алып салынды)
6) областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзөт жана
алардын курамын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт;
7) (2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамына ылайык алып салынды)
8) шайлоо, референдум өткөрүүгө, өздөрү пайдаланган имарат жай,
транспорт, байланыш үчүн акыны кошкондо республикалык бюджеттен
бөлүнгөн акча каражаттарын шайлоо комиссияларына бөлүштүрөт, шайлоолор-
ду жана референдумдарды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун
башка маселелерин карайт;
9) атайын фонд түзөт жана шайлоо, референдум өткөрүү, шайлоо туту-
мун өнүктүрүү, шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин кам-
сыз кылуу үчүн түшкөн каражаттарды пайдаланат;
10) шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө бө-
лүнгөн бюджеттик каражаттардын жана талапкерлердин, саясий партиялардын
шайлоо фонддорунун, атайын фонддордун каражаттарынын келип түшүшүн жана
чыгымдалышын эсепке алуунун тартибин аныктайт, бул каражаттардын келип
түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө шайлоо комиссияларынын, референдум ко-
миссияларынын, талапкерлердин финансылык отчетунун формасын бекитет;
11) Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча шай-
лоо бюллетендеринин, референдумда добуш берүү үчүн бюллетендин форма-
сын, анын ичинде коргонуу даражасын, даярдоо тартибин жана текстин,
ошондой эле жергиликтүү кењештердин депутаттары шайлоо боюнча шайлоо
бюллетендеринин формасы менен даярдоо тартибин белгилейт жана бекитет;
12) тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнүн, шайлоочулардын жана референдум-
дун катышуучуларынын тизмелери, талапкерлерди көрсөтүү боюнча чогулуш-
тардын, шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын жыйналышта-
рынын протоколунун, талапкерди жактаган кол коюу баракчаларынын жана
башка шайлоо документтеринин жана референдум документтеринин формасын,
аларды сактоонун жана аларды архивге өткөрүү мөөнөтүн жана тартибин
белгилейт;
13) Президенттин, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча шай-
лоо бюлеттендерин, референдумда добуш берүү үчүн бюллетендерди жана
башка шайлоо документтерин даярдоону камсыз кылат;
14) шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын иши үчүн
зарыл болгон технологиялык жабдуулардын ченемдерин иштеп чыгат жана бе-
китет, алардын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат;
15) шайлоо комиссиялардын, референдум комиссиялардын, министрлик-
тер менен ведомстволордун, мамлекеттик башка бийлик органдардын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоону, референдумду да-
ярдоо жана өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча билдирүүлөрүн
угат;
16) байкоочулардын, эларалык байкоочулардын, чет өлкөлүк жана жер-
гиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн шайлоого, рефе-
рендумдарга катышуу тартибин белгилейт, аларды тиешелүү документтер ме-
нен камсыз кылат;
17) шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү үчүн талапкерлерге, саясий
партияларга телерадио уюмдарынын каналдарынан эфирдик убакыт, мезгилдүү
басма сөз басылмаларынан басма сөз аянтын берүү тартиби жөнүндө нуска-
маларды же башка ченемдик актыларды чыгарат;
18) мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча баш-
каруу органдары, областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары ме-
нен бирдикте шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын каттоонун
(эсепке алуунун) мамлекеттик тутумун уюштурат;
19) тийиштүү министрликтер жана ведомстволор берген маалыматтардын
негизинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн шайлоочуларды
бирдиктүү шайлоо округуна киргизип каттоо тартибин аныктайт;
20) Президенттин кызмат ордуна талапкерлерди, Жогорку Кењештин де-
путаттыгына саясий партиялар көрсөткөн талапкерлердин тизмелерин, та-
лапкерлердин, саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын, ыйгарым укук бе-
рилген өкүлдөрүн каттайт, аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү бе-
рет;
21) референдумдун демилгелүү топторун каттайт, аларга каттоо күбө-
лүктөрүн берет;
22) шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын шайлоо кампаниясы-
нын, референдум кампаниясынын жүрүшү тууралу маалымат менен камсыз кы-
лат;
23) областтык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларынын протокол-
дорунун негизинде Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоонун,
референдумдун натыйжасын аныктайт, аларды жалпыга маалымдоо каражатта-
рына жарыялайт, Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоонун
натыйжасын корутунду берүү үчүн Конституциялык сотко жиберет;
24) округдук шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде бү-
түндөй республика боюнча жергиликтүү кењештеринин депутаттарын шайлоо-
нун натыйжасын белгилейт;
25)шайланган Президенттин жана Жогорку Кењеиштин шайланган депу-
таттарын каттайт;
26) шайлоонун,добуш беруунун жыйынтыктарын же натыйжаларын мыйзам-
дарда белгиленген тартипте жараксыз деп таанышы мүмкүн;
27) тиешелүү шайлоо комиссиясына кайталап добуш берүү же кайталап
шайлоолорду өткөрүүнү тапшырат, ушуну менен бирге мыйзамда белгиленген
учурларда жана тартипте шайлоону тийиштүү жана жањы курамдагы участка-
лык шайлоо комиссиялары менен өткөрүүнүн зарылдыгын чечиминде көрсөтө
алат;
28) Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн
мурда токтотуу тууралу чечим кабыл алат;
29) шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын чечимдерине
жана аракеттерине арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча че-
чимдерди чыгарат;
30) Кыргыз Республикасында шайлоону, референдумдарды даярдоо жана
өткөрүү, шайлоо тутумун өнүктүрүү, шайлоочуларды жана шайлоо процесси-
нин катышуучуларын укуктук жактан окутуу, шайлоо комиссияларынын, рефе-
рендум комиссияларынын мүчөлөрүн кесиптик жактан даярдоо менен байла-
нышкан максаттуу программаларды ишке ашырууну камсыз кылат;
31) мыйзамдардын, ушул Мыйзамдын бул укук
бузууларга тыюу салуу боюнча мыйзамда белгиленген чараларды көрүүгө
милдеттүү болгон укук коргоо органдарына шайлоолорго, референдумдарга
даярдыкты жана өткөрүүнү жөнгө салуу жагынан тиешелүү текшерүүлөрдү
жүргүзүү жана укук бузууларга тыюу салуу тууралу сунуштама менен кайры-
лууга укуктуу, алар бул эреже бузууларга тыюу салуу боюнча мыйзамда
белгиленген чараларды көрүүгө милдеттүү.
2. Борбордук шайлоо комиссиясы Конституцияда, "Кыргыз Республика-
сынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйза-
мында, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодексте, Кыргыз Респуб-
ликасынын дагы башка мыйзамдары менен ченемдик укуктук актыларында ка-
ралган башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,2008-жылдын 29-декабрындагы № 278
редакциясына ылайык)
6-статья
6-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруу
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын иши анын ыйгарым укуктарына кир-
ген маселелерди эркин талкуулоонун жана чечүүнүн негизинде коллегиал-
дуу, айкындуулукта жана ачык жүзөгө ашырылат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруунун ички маселелери
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында бекитилүүчү анын Регламенти
менен аныкталат.
3. Эгерде анын курамы Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн
белгиленген санынын кеминде үчтөн экисинен түзүлгөн болсо, Борбордук
шайлоо комиссиясы ишке киришүүгө укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы-
нын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү анын биринчи жыйналышы болгон күндөн
тартып башталат.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары анын Төрагасы тара-
бынан, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укук-
туу мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн биринин талабы боюнча чакырылат.
5. Эгерде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына Борбордук
шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу кура-
мынын копчулугу катышса, ал чечим кабыл алууга укуктуу болуп сана-
лат.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары, эреже катары, ал
туруктуу жайгашкан жерде өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз
Республикасынын аймагында көчмө жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим кабыл
алууга укуктуу.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына мамлекеттик бийлик
органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий пар-
тиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын, жарандардын чогулуштарынын
өкүлдөрү, талапкерлер, талапкерлердин өкүлдөрү, референдум өткөрүү бо-
юнча демилгелүү топтун мүчөлөрү, байкоочулар, эларалык байкоочулар,
жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, башка кызыкдар адамдар каты-
шууга укуктуу.
8. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында протокол жазылат.
9. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолорду, референдумдарды даяр-
доо жана өткөрүү менен байланышкан иштерди аткарууга эмгек макулдашуу-
лары боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди (адистерди) тарта алат. Ат-
карылган иш үчүн акы шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана
өткөрүү үчүн каралган Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгымдарынын сме-
тасынын чегинде жүзөгө ашырылат.
10. Борбордук шайлоо комиссиясынын өзүнүн басма органы - Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын бюллетенине ээ
болот.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,2008-жылдын 29-декабрындагы № 278
Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-статья
7-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерди кабыл
алышынын тартиби
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери борбордук шайлоо ко-
миссиясынын курамы тарабынан ушул статья менен аныкталуучу тартипте ка-
был алынат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоону, Кыргыз Республикасынын
референдумун даярдоону жана өткөрүүнү каржылык жактан камсыз кылуу ма-
селелери боюнча, Президенттин кызматына талапкерлерди, депутаттыкка та-
лапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө, Президенттин кызматына талапкер-
лерди, депутаттыкка талапкерлердин каттоодон баш тартуу жөнүндө, шай-
лоонун, референдумдун натыйжалары жөнүндө, шайлоону же референдумду өт-
пөгөн же жараксыз деп табуу, кайталап добуш берүүнү же кайра шайлоону
өткөрүү жөнүндө, төлөп турган шайлоо комиссиясынын, референдум комисси-
ясынын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө, төлөп турган шайлоо комиссиясы-
нын, референдум комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жөнүндө, төмөн тур-
ган шайлоо комиссияларын референдум комиссияларын таратуу жөнүндө че-
чимдери Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Борбордук шайлоо
комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген салымын үчтөн эки добушу менен
кабыл алынат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын башка маселелер боюнча чечимдери
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүк
добушу менен кабыл алынат. Төрагалык кылуучу жарыя кылган бардык масе-
лелер боюнча добуш берүүнүн натыйжасы Комиссиянын жыйналышынын протоко-
луна жазылат.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын каалаган мүчөсүнүн талабы боюнча
Борбордук шайлоо комиссиясы анын компетенциясына кирген бардык маселе-
лер боюнча добуш берүү өткөрүүгө милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссия-
сынын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн эч кими добуш берүүдө калыс болу-
шу мүмкүн эмес.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерине жана протоколуна
Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы же аны алмаштырган адам кол ко-
ет.
6. Президентти шайлоонун натыйжасы Жогорку Кењешке шайлоонун на-
тыйжасы жөнүндө, референдумдун натыйжасы тууралу Борбордук шайлоо ко-
миссиясынын протоколуна тиешелүү жыйналышка катышкан чечүүчү добушка
укуктуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
7. Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алган чечим менен макул бол-
богон чечүүчү добушка укуктуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү
өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу, ал Борбордук шайлоо
комиссиясы тарабынан каралууга, анын протоколунда чагылдырылууга жана
ага тиркелүүгө тийиш.
8. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими кабыл алынган күндөн тар-
тып күчүнө кирет.
9. Борбордук шайлоо комиссиясынын өз ыйгарым укуктарынын чегинде
кабыл алган чечимдери аткаруу бийлик органдары, мамлекеттик мекемелер,
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, талапкерлер, саясий партия-
лар, коммерциялык эмес уюмдары, ишканалары кызмат адамдары, референдум
өткөрүү боюнча демилгелүү топтун мүчөлөрү, шайлоочулар жана референдум-
дун катышуучулары, ошондой эле төмөн турган шайлоо комиссиялары, рефе-
рендум комиссиялары үчүн милдеттүү.
10. Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга, мыйзамдарга ка-
рама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан ашыруу менен кабыл
алынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясы болбосо сот тарабынан
жокко чыгарылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-октябрындагы № 180 Мыйзамы-
нын редакциясына ылайык)
8-статья
8-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым
укуктары
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын күн тартиби боюнча
сунуштарды, талкууланып жаткан маселелердин маани-мазмуну боюнча
сын-пикирлерди жана түзөтүүлөрдү киргизет, маалымдама берет, жарыш
сөздөргө катышат жана каралып жаткан бардык маселелер боюнча добуш
берүү укугунан пайдаланат;
2) Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын, жергиликтүү өз ал-
дынча башкаруу органдарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү, референдумдар-
ды уюштуруу жана өткөрүү менен байланышкан арыздары, даттануулары жана
сунуштары менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылышкан мамлекеттик
органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий
партиялардын жана коммерциялык эмес уюмдардын, шайлоочулардын чогулуш-
тарынын өкүлдөрүн, жарандарды кабыл алууну алып барат;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын тапшыруусу боюнча төмөн турган
шайлоо комиссияларынын жана референдум комиссияларынын ишине контролдук
кылат, жарандардын шайлоо укуктарын жана референдумга катышуу укуктарын
бузган төмөн турган шайлоо комиссияларынын, референдум комиссияларынын
чечимдерине жана иш - аракеттерине арызданууларды (даттанууларды) ка-
райт, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө Борбордук шайлоо
комиссиясына билдирет;
4) шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу маселелери жана Бор-
бордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирген башка маселелер
боюнча токтомдорду, нускоолорду жана башка актыларды даярдоого, шайлоо
практикасын иликтөө, мыйзамдарды өркүндөтүү, шайлоочулардын укуктук ма-
даниятын жогорулатуу жана шайлоо комиссияларынын, референдум комиссия-
ларынын мүчөлөрүн жана шайлоо менен референдумдардын башка уюштуруучу-
ларын кесиптик жактан даярдоо ишине катышат;
5) Борбордук шайлоо комиссиясынын жана төмөнкү шайлоо комиссияла-
рынын түздөн-түз шайлоолорго, референдумга байланыштуу документтери жа-
на материалдары менен таанышууга, ал документтер менен материалдардын
көчүрмөлөрүн (шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмелери-
нен, шайлоо бюллетендеринен, референдумга добуш берүү бюллетендеринен,
тизмеден чыгуу күбөлүктөрүнөн, кол коюу барактарынан жана мыйзамда бел-
гиленген тартипте жашыруун катары эсептелүүчү, ошондой маалыматтарды
камтыган бөлөк документтерден жана материалдардан тышкары) алууга укук-
туу;
6) Жогорку Кењештин ачык жыйналыштарына катышууга укуктуу;
7) ушул Мыйзамда, башка мыйзам актыларында каралган башка ыйгарым
укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштары жөнүндө күн мурун-
тан кабардар болот;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышынын башка катышуучула-
рына күн тартибине тиешелүү суроолорду берүүгө жана маани-мазмуну боюн-
ча аларга жооп алууга укуктуу;
3) Борбордук шайлоо комиссиясы өткөрүүчү кандай кењешмелерге бол-
босун катышууга жана сөз сүйлөөгө укуктуу.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсү
төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык жыйналыштарына катышууга;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышына жүйөлүү себептер ме-
нен катыша албай тургандыгы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын
Төрагасына күн мурунтан билдирүүгө;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын тапшырмаларын аткарууга.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
9-статья
9-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын
ыйгарым укуктары
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы:
1) Президент, Жогорку Кењеш, Өкмөт, мамлекеттик башка органдар жа-
на мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партия-
лар жана коммерциялык эмес уюмдар, шайлоо комиссиялары жана референдум
комиссиялары, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо ка-
ражаттары, шайлоо процессинин катышуучулары, референдумдун катышуучула-
ры менен өз ара мамилелерде Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү болот;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштурат;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын чакырат, аларга
материалдарды даярдоону уюштурат, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйна-
лыштарында төрагалык кылат;
4) анын ыйгарым укуктарына таандык маселелер боюнча буйруктарды
жана тескемелерди чыгарат;
5) Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна жана башка доку-
менттерине кол коет;
6) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин ишке ашырылышына
контролдук кылат;
7) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдет-
терди бөлүштүрөт, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин аткаруу бо-
юнча жана анын ыйгарым укуктарына таандык жана башка маселелер боюнча
ишти уюштуруу үчүн аларга тапшырмаларды берет;
8) шайлоону, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө, комиссия-
ларды каржылоого бөлүнгөн каражаттарды тескөөчү болуп саналат;
9) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жалпы жетекчиликти
жүзөгө ашырат;
10) Борбордук шайлоо комиссиясынын, областтык, Бишкек, Ош шаардык
шайлоо комиссияларынын штаттык санын, түзүмүн жана чыгымдар сметасын
бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттардын чегинде бекитет жана ал жөнүн-
дө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө маалымдайт;
11) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин ишке
алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат;
12) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин каржы жана материал-
дык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечет;
13) Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн бардык
сунуштар, арыздар жана даттануулар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы-
нын мүчөлөрүнө маалымдайт жана аларды карап чыгуу боюнча ишти уюштурат;
14) шайлоочуларга, референдумдардын катышуучуларына Борбордук шай-
лоо комиссиясынын иши жөнүндө маалымдайт;
15) шайлоону, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Бор-
бордук шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылуу үчүн келишимдик негизде
адистерди тартат;
16) мыйзамдарда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашы-
рат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Президент кызматына ки-
ришкенде ага Президент болуп шайлангандыгы тууралу күбөлүктү, айырмалоо
белгилерин - Президенттин төшбелгисин жана Президенттин фамилиясы, аты
жана атасынын аты жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн даталары оюп тү-
шүрүлгөн Штандартын (желегин) тапшырат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин депу-
таттарын шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя-
лангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Жогорку Ке-
њештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төшбелгини
тапшырат.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин ачык
жыйналыштарына катышууга укуктуу.
5. Төрага жок болуп калган учурда анын ыйгарым укуктарын Борбордук
шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири аткарат.
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-октябрындагы № 180 Мыйзамы-
нын, 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,
2008-жылдын 29-декабрындагы № 278
Мыйзамынын редакциясына ылайык) редакциясына ылайык)
10-статья
10-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин негизги
кепилдиктери
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоону, референдумдарды
өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча жана Борбордук шайлоо комис-
сиясынын ыйгарым укуктарына тиешелүү жана башка маселелер боюнча мамле-
кеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына,
алардын кызмат адамдарына, мекемелерге жана уюмдарга, саясий партиялар-
га жана коммерциялык эмес уюмдарга, аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрү-
нүн командирлерине кайрылууга, алдыга коюлган маселелерди карап чыгууга
катышууга укуктуу. Кызмат адамдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчө-
сүнүн кайрылуусуна кечиктирбестен, ал эми тиешелүү маселени кошумча
иликтөө же текшерүү зарыл болгон учурда үч күндүк мөөнөттө жооп берүүгө
милдеттүү.
2. Борбордук шайлоо комиссиясыныы Төрагасы жана мүчөлөрү тигил же
бул маселе боюнча өзүнүн пикири, сунушу үчүн куугунтукталбайт. Борбор-
дук шайлоо комиссиясынын Төрагасына, мүчөлөрүнө жана аппаратынын кыз-
маткерлерине алардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышына тос-
коолдук кылуу же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алдыруу макса-
тында таасир этүү, зордук көрсөтүп, маскаралоо, ошого тете ушактоо,
алардын кызматтык милдеттерин аткарышы жөнүндө бурмаланган маалыматты
жайылтуу мыйзамдарда каралган жопкерчиликке кириптер кылат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы Президент, Жогорку Кењеш, Өкмөт
дагы башка мамлекеттик органдар тарабынан расмий таратылуучу маалымат-
тык жана маалымдама материалдарды тоскоолдуксуз алуу укугунан пайдала-
нат.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасына жана мүчөсүнө алардын
ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы менен байланышкан бардык чыгымдарынын
ордун толтуруу кепилдиги берилет, ошондой эле Борбордук шайлоо комисси-
ясынын каражаттарынын эсебинен сыйакы төлөнөт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө комиссияда иштеши үчүн
шарттар түзүлөт, комиссияда иштеген мезгилинде зарыл болгон бөлмөлөр,
транспорт жана байланыш каражаттары берилет.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы жана чечүүчү добушка
укуктуу мүчөлөрү шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мез-
гилинде Президенттин, Жогорку Кењештин (түзүү тартибинде) макулдугу
болмоюнча, кылмыш үстүнөн кармалган жана шайлоо жөнүндө Кодекстин та-
лаптарын бузган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылууга,
кармалууга же камакка алынууга тийиш эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы-
нын Төрагасына жана чечүүчү добушка укуктуу мүчөлөрүнө карата жазык иши
Башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-январындагы № 4 Мыйзамынын,
2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья
11-статья. Борбордук шайлоо комиссиясын каржы жагынан
камсыз кылуу
1. Борбордук шайлоо комиссиясын каржылоо кезектеги каржылык жылга
республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралат. Шайлоолорду жана рефе-
рендумдарды өткөрүүгө республикалык бюджеттен каралган каражаттар шай-
лоо дайындалган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен Фи-
нансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы тарабынан Борбордук шайлоо
комиссиясынын эсебине которулат.
2. Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө рес-
публикалык бюджеттин жана атайын фонддордун каражаттарын чыгымдоо жө-
нүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын финансы отчету шайлоолордун, рефе-
рендумдарынын натыйжалары жарыяланган күндөн тартып 3 айдан кечиктирил-
бестен Президентке, Жогорку Кењешке берилет. Аталган финансы отчет Бор-
бордук шайлоо комиссиясы тарабынан анын бюллетенине жарыяланууга жана
отчет Президентке, Жогорку Кењешке берилген күндөн тартып бир айдан ке-
чиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына берилүүгө тийиш.
3. Шайлоо тутумун өнүктүрүү, анын ичинде жањы шайлоо технологияла-
рын, автоматташтыруу каражаттарын киргизүү, шайлоочуларды, референдум-
дун катышуучуларын жана шайлоо менен референдумдарды уюштуруучуларды
укуктук жактан окутуу менен байланышкан мамлекеттик программалардын
иш-чараларын финансы жагынан камсыз кылуу республикалык бюджеттен, Бор-
бордук шайлоо комиссиясынын атайын фондунан бөлүнгөн каражаттардын жана
мыйзамдарда тыюу салынбаган жана башка каржылоо булактарынын эсебинен
жүргүзүлөт.
4. Программалардын иш-чаралары (багыттары) боюнча бөлүнгөн бюджет-
тик каражаттарды бөлүштүрүү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен
бекитилет.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы акча каражаттарын тес-
кейт жана финансы документтеринин Борбордук шайлоо комиссиясынын финан-
сы маселелери боюнча чечимдерине дал келиши жана финансы отчетторунун
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө
берилиши үчүн жооп берет.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
12-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппараты Борбордук шайлоо комис-
сиясынын ишин уюштуруу-усулдук, документациялык, маалыматтык-талдоо,
материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат. Борбордук
шайлоо комиссиясынын аппаратынын жетекчилигин Борбордук шайлоо комисси-
ясынын Төрагасынын сунуштамасы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тара-
бынан бекитилүүчү аппарат жетекчиси жүзөгө ашырат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлери мамле-
кеттик кызматчыларга кирет.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин
укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги, ошондой эле мамлекеттик кыз-
матты өтөшүнүн шарттары мыйзамдар жана Борбордук шайлоо комиссиясынын
Төрагасы бекиткен кызматтык нускоолор менен аныкталат.
13-статья. Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды
Борбордук шайлоо комиссиясында карап чыгуу
1. Борбордук шайлоо комиссиясы келип түшкөн сунуштарды, шайлоолор-
ду, референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү жөнгө салуу жагынан мый-
замдар бузуулар жөнүндөгү арыздарды жана даттанууларды өз ыйгарым укук-
тарынын чектеринде карап чыгууга, алар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүгө
жана арыз ээлерине мыйзамда белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдет-
түү.
2. Сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды караганда Борбордук
шайлоо комиссиясынын жыйналыштарына кызыкдар тараптардын өкүлдөрү каты-
шууга укуктуу.
3. Жыйналышта кабыл алынган чечим жөнүндө Борбордук шайлоо комис-
сиясы мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө арыз ээсине жана кы-
зыкдар тараптардын өкүлдөрүнө маалымдайт, алардын өтүнүчү боюнча аларга
чечимдин ырасталган көчүрмөсүн берет.
14-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузган адамдар мыйзамдарга ылайык жооп-
керчилик тартышат.
2-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин дайындалган же шайланган Бор-
бордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы менен мүчөлөрү өз ыйгарым укукта-
рын Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аякта-
ганга чейин сакташат.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 94 · байланышкандар: 53
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- (Русский) Решение от 15 июля 1997 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 12.05.1997
- РЕШЕНИЕ КОНСТИТУЦИОННОГО СУДА КР от 15 июля 1997 года по представлению Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР о признании неконституционной части 1 статьи…Сот практикасы · Решение · 15.07.1997
Цитата келтиргендер (94)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-ноябрындагы № 331 "2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 01.11.2010 · № 331
- Положение ЦИК КР от 6 декабря 2019 года № 176 "О порядке формирования, расформирования избирательных комиссий и формирования, ведения резерва избирательных комиссий"Положение · 06.12.2019 · № 176
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын…Постановление · 27.12.2010 · № 338
- ВРЕМЕННЫЙ ПОРЯДОК от 21 апреля 2010 года № 20 "проведения референдума (всенародного голосования) Кыргызской Республики, назначенного на 27 июня 2010 года"Порядок · 21.04.2010 · № 20
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги № 321-IV "2008-жылдын 17-апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.04.2008 · № 321-IV
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 171 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнундө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25-…Постановление · 23.08.2010 · № 171
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-ноябрындагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө"…Постановление · 09.11.2010 · № 335
- КР УО 2010-жылдын 21-апрели УӨ № 19 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" ДекретиДекрет · 21.04.2010 · № 19
- КР УӨ 2010-жылдын 18-сентябрындагы №208 "Ж. Б. Бапанова жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2010 · № 208
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 123 "В.Сетринанын арызын карап чыгуу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2010 · № 123
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 124 "А.Бейшенов жана Калыбек улуу Нурбектин арыздарын карап чыгуу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2010 · № 124
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 126 «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» коомдук бирикмесинен арыздарды кароо…Постановление · 01.07.2010 · № 126
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 129 "А.Усупбекованын арызын кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2010 · № 129
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 2-июлундагы № 132 "2010-жылдын 27-июндагы Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана…Постановление · 02.07.2010 · № 132
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча…Постановление · 09.08.2010 · № 143
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 9-августундагы № 144 "Бирдиктүү шайлоо округу боюнча саясый партиялардан көрсөтүлгөн, Кыргыз…Постановление · 09.08.2010 · № 144
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 23-августундагы № 170 "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин…Постановление · 23.08.2010 · № 170
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 29-октябрындагы № 323 "2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин…Постановление · 29.10.2010 · № 323
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 9-февралындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын депутаттарын каттоо жөнүндө"Постановление · 09.02.2011 · № 3
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 4-мартындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн…Постановление · 04.03.2011 · № 9
94 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О референдуме Кыргызской РеспубликиЗакон · 23.10.2007 · № 159 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2008 · № 178 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясы жонундо" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо жана озгортуу киргизуу тууралууЗакон · 08.10.2004 · № 180 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 08.08.2006 · № 164 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (53)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 31.05.2023 · № 114
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 13-ноябрындагы № 736-IV "2008-жылдын 13-ноябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.11.2008 · № 736-IV
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-октябрындагы № 717 "Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл…Постановление · 03.10.2021 · № 717
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 450-IV "2008-жылдын 5-июнуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.06.2008 · № 450-IV
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 10-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук…Постановление · 10.06.2010 · № 85
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-июлундагы № 128 "Кыргыз Республикасынын референдумунда Бишкек шаарынын Свердлов районундагы № 1315…Постановление · 01.07.2010 · № 128
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 21-июлундагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.А. Эгембердиевдин ыйгарым…Постановление · 21.07.2011 · № 39
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 21-июлундагы №42 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө…Постановление · 21.07.2011 · № 42
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-октябрындагы № 720 "2021-жылдын 28-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку…Постановление · 02.10.2021 · № 720
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 18 мая 2010 года № 30 "Об утверждении Положения "Об организации участия граждан Кыргызской…Постановление · 17.05.2010 · № 30
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 12-июлундагы №40 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А. Мотуевдин ыйгарым укуктуу…Постановление · 21.07.2011 · № 40
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 21-июлундагы №41 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.И. Суваналиевдин ыйгарым…Постановление · 21.07.2011 · № 41
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-июлундагы №45 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.А.Турдумалиевдин ыйгарым…Постановление · 22.07.2011 · № 45
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-июлундагы №46 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И.А. Масалиевдин ыйгарым…Постановление · 22.07.2011 · № 46
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 25-июлундагы №47 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Д.М.Токтосунованын ыйгарым…Постановление · 25.07.2011 · № 47
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 25-июлундагы №48 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.А. Мотуевдин ыйгарым укуктуу…Постановление · 25.07.2011 · № 48
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 25-июлундагы №49 "Бишкек шаарынын аймактык райондук шайлоо комиссияларын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2011 · № 49
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы №52 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ы. Айтикеевдин ыйгарым…Постановление · 25.07.2011 · № 52
- КР шайлоо жана референдум откоруу Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы №53 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин ыйгарым укуктуу…Постановление · 27.07.2011 · № 53
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-июлундагы №54 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К.Мадумаровдун…Постановление · 27.07.2011 · № 54
53 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.