56-статья. Мыйзамда каралгандан жеңилирээк жаза белгилөө
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 августа 2012 года № 164
(1) Сот, жосундун коомдук коркунучтуулук деңгээлин кыйла төмөндөткөн иштин өзгөчө жагдайларын, ошондой эле күнөөкөрдүн инсандыгын эске алып жана ага ошол кылмыш үчүн мыйзамда каралган ылдыйкы чектен төмөн жаза белгилөөнү, же башка, кыйла жеңил жаза түрүнө өтүүнү зарыл деп таап жүйөлөрүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен мындай жеңилдетүүгө жол бере алат. Мында жазанын мөөнөтү жана өлчөмү ушул Кодекстин 43-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 44-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 45-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 46-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 47-статьясында, 48-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 49-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 80 жана 81-статьяларында жазанын ушул түрү үчүн каралган эң төмөнкү чектен төмөн болушу мүмкүн эмес. (2) Сот ошол эле негиздөө боюнча, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жасалган кылмыш үчүн жоопкерчиликти караган статьясына ылайык милдеттүү болгон кошумча жазаны колдонбой кое алат. (3) Айрым жеңилдетүүчү жагдайлар, ошондой эле андай жагдайлардын жыйындысы да өзгөчө жагдайлар деп таанылышы мүмкүн. (4) Ушул статьянын колдонулушу ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасаган адамдарга карата жайылтылбайт. (КР 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
56-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Решение Конституционного суда КР от 28 июня 2006 года №18 ( по ходатайству адвоката Сердюковой .М. в интересах гражданина Жунушакунова Э.С. о признании неконституционным и…Решение · 28.06.2006 · № 18
- Первоначальный доклад Кыргызской Республики об осуществлении положений Международного пакта о гражданских и политических правах (Одобрен постановлением Правительства Кыргызской…Доклад · 13.04.1998
- (Русский) Решение от 27 июня 2006 годаРешение Конституционного суда · 20.03.2006
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-56" title="56-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>