43-статья. Коомдук жумуштарга тартуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2012 года № 145
(1) Коомдук жумуштар соттолгондордун негизги ишинен же окуусунан бош убагында коомдун пайдасына акысыз эмгектенүүдөн турат, анын түрү жазык-аткаруу тутумунун инспекциясы менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан аныкталат. (2) Коомдук жумуштар кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки узактыкта белгиленет. Соттолгондор тарабынан, негизги ишинен же окуусунан бош убагында коомдук жумуш күнүнө төрт сааттан ашпаган, ал эми иштебегендерге күнүнө сегиз сааттан ашпаган убакытка акысыз өтөлөт. Коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жаза, эреже катары, анын ден соолугунун абалын, кесибин, квалификациясын, билим деңгээлин эске алуу менен дайындалат.
3) Соттолгон адам коомдук жумуштарды аткаруудан кыянаттык менен качкан учурда сот жазык-аткаруу инспекциясынын сунуштамасы боюнча жазаны түзөтүү жумуштарына, ушул Кодекстин 46-3 жана 49-статьяларына ылайык каралган мөөнөттөрдүн чегинде эркиндигин чектөөгө же эркиндигинен ажыратууга алмаштыра алат. Мында соттолгон адамдын коомдук жумуштарды аткарган мезгил ичиндеги убакыты түзөтүү жумуштарынын бир күнү, эркиндигин чектөө же эркиндигинен ажыратуу коомдук жумуштардын сегиз сааттык эсебинде эсепке алынат.
Эгерде адам күнөөлүү деп табылган статьянын санкциясында жазанын мындай түрлөрү каралбаса, коомдук жумуштар түзөтүү жумуштарына, эркиндигин чектөөгө же эркиндигинен ажыратууга да алмаштырылышы мүмкүн. Мында түзөтүү жумуштарынын, эркиндигин чектөөнүн же эркиндигинен ажыратуунун мөөнөтү бир жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленет. Соттолгон адам иштеген убакыт жоопкерчиликти жеңилдеткен жагдай катары эске алынат. (4) Коомдук жумуштар:
1) аскер кызматчыларына;
2) 55 жаштан ашкан аялдарга жана 60 жаштан ашкан эркектерге;
3) кош бойлуу аялдарга;
4) 3 жашка чейинки балдары бар аялдарга;
5) I жана II топтогу майыптарга;
6) туруктуу жашаган жери жок адамдарга.
(Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124, 2002-жылдын 12-мартындагы № 36, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 марта 2002 года № 36 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс КР"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 сентября 1998 года № 124 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-43" title="43-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>