46-статья. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу сот тарабынан негизги жаза катары бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө же кошумча жаза катары бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө дайындалышы мүмкүн. Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү статьяларында атайын каралган учурларда, белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазанын кошумча түрү катары үчтөн жыйырма жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. (2) Адам жасаган кылмыштын мүнөзүнө таянуу менен сот белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугун сактоону мүмкүн эмес деп тапса, эгерде бул чара ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьяларында каралбаса, күнөөкөр тарабынан жасалган кылмыштын мүнөзүнө жараша белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу кошумча жаза катары сот тарабынан дайындалышы мүмкүн. (3) Бул жазаны эркиндигинен ажыратууга, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого кошумча катары дайындоодо мөөнөттүн өтүшү өкүмдө белгиленген негизги жазаны өтөгөндөн кийин башталат. Белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууну жазанын башка түрлөрүнө кошумча катары дайындоодо, ошондой эле шарттуу соттоодо анын мөөнөтү өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет. (КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2018-жылдын 4-августундагы N 84 редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-46" title="46-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>