55-статья. Жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 ноября 2016 года № 188
(1) Төмөндөгүлөр:
1) өнөкөт кылмыштар, кылмыштарды кесип катары жасоо;
2) адамдар тобунун, алдын ала бүтүм боюнча адамдар тобунун, уюшкан кылмыштуу топтун же кылмыштуу чоң топтун (кылмыштуу уюмдун) курамында кылмыш жасоо;
3) жеке пайдасын көздөп же башка ыплас максаттардан улам кылмыш жасоо;
4) өзүнүн кызматтык же коомдук милдетин аткарып жүргөн кызмат адамына же анын жакын туугандарына карата кылмыш жасоо;
5) кылмыш аркылуу оор кесепеттерге алып келүү;
6) жаш балага, карыган адамга же алсыз абалдагы адамга карата кылмыш жасоо;
7) күнөөкөр үчүн кош бойлуулугу алдын ала белгилүү аялга карата кылмыш жасоо;
8) күнөөкөргө материалдык, кызматтык же башка көз карандылыкта турган адамга карата кылмыш жасоо;
9) жаш баланы же күнөөкөр үчүн психикалык оорусу же кем акылдыгы алдын-ала белгилүү адамды пайдалануу менен кылмыш жасоо;
10) өзгөчө ырайымсыздык же кордоо менен кылмыш жасоо;
11) коомдук кырсыктын, массалык тартипсиздиктин шарттарын пайдалануу менен, же өзгөчө абалдын мезгилинде кылмыш жасоо;
12) жалпыга коркунучтуу ыкма менен кылмыш жасоо;
13) курал-жаракты, ок-дарыны жарылуучу заттарды, жарылуучу же аларга окшош түзүлүштөрдү, атайын жасалган техникалык каражаттарды, уулуу жана радиоактивдүү заттарды, дарылык жана башка химиялык-фармакологиялык препараттарды пайдалануу менен, ошондой эле күчкө салып же психикалык жактан мажбурлоону колдонуу менен кылмыш жасоо;
14) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү максатында кылмыш жасоо жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар катары каралат;
15) адамдын ден соолугуна же өмүрүнө коркунуч келтирүүчү эзүү максатында кылмыш жасоо;
16) алкоголдук, баңгилик жана башка мас абалында кылмышка баруу;
17) мамлекеттик органдын кызмат адамынын мыйзамдуу ишкердик жүргүзүүгө кийлигишүү менен экономикалык чыгымдарды келтирүүсү.
18) ата-эне же аны алмаштырган адам, ага тете мыйзам менен аларга жаш балдарга көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн тарбиялоо, дарылоо, калкты социалдык коргоо жана башка ушундай мекемелер жаш балага карата кылмыш жасагандыгы.
(2) Кылмыштын мүнөзүнө жараша сот биринчи бөлүктө саналып өткөн жагдайлардын ар бирин оордотуучу жагдай катары эсептебей коюуга укуктуу. (3) Жаза белгилөөдө сот ушул статьяда көрсөтүлбөгөн жагдайларды оордотуучу жагдай катары тааный албайт. (4) Ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында кылмыш белгиси катары каралган оордотуучу жагдай, жаза белгилөөдө кайрадан эске алынышы мүмкүн эмес. (КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2007-жылдын 6-августундагы № 131, 2009-жылдын 8-майындагы № 150, 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
55-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 ноября 2016 года № 188 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 мая 2009 года № 150 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 августа 2007 года № 131 "О внесении дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 августа 2003 года № 193 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
24.11.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жүргүзүүгө кийлигишүү менен экономикалык чыгымдарды келтирүүсү.
кошулду: 18) ата-эне же аны алмаштырган адам, ага тете мыйзам менен аларга жаш балдарга көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн тарбиялоо, дарылоо, калкты социалдык коргоо жана башка ушундай мекемелер жаш балага карата кылмыш жасагандыгы.
(2) Кылмыштын мүнөзүнө жараша сот биринчи бөлүктө саналып өткөн … № 91, 2007-жылдын 6-августундагы № 131, 2009-жылдын 8-майындагы № алынып салынды: 150 кошулду: 150, 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-55" title="55-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>