49-статья. Эркиндигинен ажыратуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27
(1) Эркиндигинен ажыратуу - соттолгон адамды жатак-абакка жөнөтүү же жалпы, күчөтүлгөн, өзгөчө, катуу тартиптеги абактарга, же болбосо түрмөгө жайгаштыруу жолу менен коомдон мажбурлап өзгөчө бөлүп кармоо дегенди билдирет. (2) Эркиндигинен ажыратуу алты айдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. (3) Кылмыштар жыйындысы боюнча жазаларды белгилөөдө эркиндигинен ажыратууну жарым-жартылай же толук кошкон учурда эркиндигинен ажыратуунун эң чоң мөөнөтү жыйырма беш жылдан, ал эми өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча отуз жылдан ашпоого тийиш. (4) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон эркектерге жазаны:
1) байкабастыктан жасаган кылмыштар үчүн жети жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды - жатак-абактарында;
2) чоң коркунуч келтирбеген атайын кылмыштар, ошондой эле анча оор эмес кылмыштар жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон адамдарды, ошого тете байкабастыктан жасалган кылмыштар үчүн жети жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жана айып, үч эселенген айып, коомдук жумуштарга тартуу, түзөтүү жумуштарына же эркиндигин чектөө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарды, соттолгон адамдарды, - жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында;
3) оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн биринчи жолу соттолгон адамдарды, - күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында;
4) эгерде адам эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөсө, өнөкөт кылмыштар учурунда, ошондой эле коркунучтуу өнөкөт кылмыштар учурунда - катуу тартиптеги түзөтүү абактарында;
5) өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар учурунда, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ошондой эле өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы кечирим берүү тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга, - өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында өтөө дайындалат.
(5) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдарга жазаны:
1) байкабастыктан жасалган кылмыштар үчүн жети жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгон аялдарга, - жатак абактарда;
2) өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон аялдарга, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар учурунда, - катуу тартиптеги абактарда;
3) башка соттолгондорго - жалпы тартиптеги абактарда өтөө чектелет.
(6) Өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга, ошондой эле өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыштар учурунда жазанын бир бөлүгүн түрмөдө өтөө чектелиши мүмкүн, бирок ал беш жылдан ашпоого тийиш. (7) Сот өкүм чыгарган учурда он сегиз жашка чыга элек эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жалпы же күчөтүлгөн тартиптеги тарбиялоо абактарына жайгаштырылат. (8) Эркиндигинен ажыратууга соттолгон жаш курагы элүүдөн ашкан эркектердин жана жаш курагы элүүдөн ашкан аялдардын жаза мөөнөтү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тийиштүү статьясында каралган эң чоң эркиндигинен ажыратуу мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашпайт. (9) Соттолгонго дайындалган түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздер жана тартиптер боюнча сот тарабынан жүргүзүлөт. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Первоначальный доклад Кыргызской Республики об осуществлении положений Международного пакта о гражданских и политических правах (Одобрен постановлением Правительства Кыргызской…Доклад · 13.04.1998
- ПОЛОЖЕНИЕ о комиссиях по делам несовершеннолетних (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 27 декабря 1994 года N 893)Положение · 27.12.1994 · № 893 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-49" title="49-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>