44-статья. Айып
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 августа 2012 года № 164
(1) Айып - ушул Кодексте белгиленген учурларда жана чектерде сот тарабынан акчалай формада салынуучу же болбосо предметтин наркынын же коммерциялык сатып алуунун же паранын эселенген чоңдугунда эсептелүүчү айыпты мамлекеттин кирешесине өндүрүп алуу. (2) Айып соттолгон адамдын мүлктүк абалын эске алуу менен жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана оордугуна жараша белгиленет. (3) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасоону кошпогондо, айып негизги жаза катары эсептик көрсөткүчтөрдүн жыйырма өлчөмүнөн эсептик көрсөткүчтөрдүн жыйырма беш миңине чейинки өлчөмүндө, ал эми кошумча жаза катары - кылмыш жасалган учурга эсептик көрсөткүчтөрдүн жыйырма өлчөмүнөн эсептик көрсөткүчтөрдүн беш миңге чейинки өлчөмүндө белгиленет. (4) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасаганы үчүн айып негизги жаза катары эсептик көрсөткүчтөрдүн беш жүздөн беш миңге чейинки өлчөмүндө, ал эми кошумча жаза катары - кылмыш жасалган учурга эсептик көрсөткүчтөрдүн эки жүз өлчөмүнөн эсептик көрсөткүчтөрдүн он миңге чейинки өлчөмүндө белгиленет. (5) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасаганы үчүн айып негизги же болбосо кошумча жаза катары коммерциялык сатып алуунун же паранын эселенген суммасынын чоңдугуна жараша эсептелүүчү коммерциялык сатып алуунун же паранын жүз эселенген суммасына чейинки өлчөмүндө белгиленет, бирок беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана элүү миң эсептик көрсөткүчтөн жогору болушу мүмкүн эмес. (6) Кошумча жаза катары айып ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү статьяларында каралган учурларда гана сот тарабынан дайындалат. (7) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасоодо күнөөлүү тарабынан күнөөсүн моюнга алган жана кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтурган учурларда, сот ушул Кодекстин көрсөтүлгөн статьяларында каралаган айыптын төмөнкү өлчөмүнүн түрүндө жаза дайындайт. (8) Айыпты төлөөдөн четтеген учурда, ал боюнча адам күнөөлүү деп таанылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү статьясында каралган мөөнөттүн чектеринде түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө же эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылат. Эгерде ал боюнча адам күнөөлүү деп таанылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясы жазалардын бул түрлөрүн карабаган учурда, айып түзөтүү жумуштары, эркиндигин чектөө менен алмаштырылышы мүмкүн. Мында түзөтүү жумуштарына тартуунун, эркиндигин чектөөнүн, же эркиндигинен ажыратуунун мөөнөттөрү алты айдан бир жылга чейин белгиленет. Ушул статьянын 8-бөлүгүнүн жоболору ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштар үчүн айып түрүндө жазалоого соттолгондорго жайылтылбайт. (9) Ушул Кодекстин 224, 225 жана 303-315-статьяларында каралган кылмыштар үчүн соттолгондор айыпты төлөөдөн четтеген учурда, ал адам күнөөлүү деп таанылган ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн тиешелүү статьясында каралган мөөнөттүн чектеринде эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
44-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 14-апрелиндеги № 443-VI "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2015-жыл үчүн отчёту жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2016 · № 443-VI
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 10 марта 1998 года З №1010-I "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"Постановление · 10.03.1998 · № 1010
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-44" title="44-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>