57-статья. Кылмышка даярдануу, кылмыш далалаты үчүн жана кылмыш жасоого кошо катышкандыгы үчүн жаза белгилөө
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 февраля 2010 года № 27
(1) Кылмышка даярдануу жана кылмыш далалаты үчүн жаза белгилөөдө сот күнөөкөр жасаган аракеттердин мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук деңгээлин, кылмыштуу ниеттин жүзөгө ашырылышынын деңгээлин жана кылмыштын аягына чыкпай калышына таасир эткен себептерди эске алат. (2) Кылмышка шериктеш болгондорго жаза белгилөөдө сот алардын ар биринин кылмышты жасоого катышуусунун мүнөзүн жана деңгээлин эске алат. Ар бир шериктин инсандыгына таандык оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлар, сот тарабынан ошол шерикке жаза колдонууда гана эске алынат. (3) Кылмышка даярдангандыгы жана кылмыш далалаты үчүн өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалбайт. (КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
57-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-57" title="57-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>