4-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка
Күчүн жоготкон · 30.06.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 июня 2011 года № 62.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2008 года № 178
4-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 4-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
укуктуу мүчөсүнүн статусу
1. Президенттин кызмат орунуна талапкер, референдумду өткөрүү бо-
юнча, Жогорку Кењештин депутаттарына талапкерлердин тизмесин каттаган
саясий партия демилгелүү топ катталгандан кийин Борбордук шайлоо комис-
сиясына анын кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөсүн дайындоого укуктуу,
ал үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын
кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөлүгүнө талапкердин фамилиясы, аты,
атасынын аты, туулган жылы, иштеген жери, ишинин түрү жана туруктуу жа-
шаган жеринин толук дареги көрсөтүлгөн документтерди берет.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсүнүн ыйгарым укуктары аны Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш
берүүчү добушка укуктуу мүчөсү катары катталган учурдан тартып башта-
лат.
3. 21 жашка толгон, шайлоо укугуна ээ жана Кыргыз Республикасынын
аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Борбордук шай-
лоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөсү боло алат.
4. Шайлануучу кызмат адамдары, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, судьялар, аскер кыз-
матчылары жана укук коргоо жана фискалдык органдарынын кызматкерлери
Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу мүчөсү бо-
луп дайындала алышпайт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсү бир эле учурда дагы башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү боло ал-
байт.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсүнө Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы белгиленген үлгүдөгү
күбөлүк берет.
7. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсү шайлоонун, референдумдардын натыйжалары жөнүндө протокол түзүү
укугунан, Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына берилген
чечимдерди кабыл алууда добуш берүүгө катышуу укугунан жана Борбордук
шайлоо комиссиясынын чечимдерге жана протоколдорго коюлган колдор уку-
гунан тышкары, шайлоо жана референдум даярдоо жана өткөрүү маселеси бо-
юнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечүүчү добушка укуктуу мүчөсүнүн
бардык толук укуктарына ээ.
8. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењешчи добуш берүү укугу бар
мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттердин чечими бо-
юнча токтотулушу жана башка аларга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Борбордук шайлоо комиссиясынын кењешчи добуш берүү укугу бар мүчө-
лөрүнүн ыйгарым укуктары аларды дайындаган субъекттерди каттоо жокко
чыгарылган учурда да токтотулушу мүмкүн.
9. Борбордук шайлоо комиссиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу
мүчөсүнүн ыйгарым укуктары шайлоонун натыйжасы расмий жарыялангандан
жана тиешелүү түрдө референдумдун натыйжасы расмий жарыялангандан кийин
токтотулат.
10. Президенттин кызмат орунуна катталган талапкер, референдумдун
өткөрүү боюнча, Жогорку Кењештин депутаттарына талапкерлердин тизмесин
каттаган саясий партия демилгелүү топ добуш берүүнүн жыйынтыгына, шай-
лоо, референдум натыйжаларына даттанган учурда Борбордук шайлоо комис-
сиясынын кењеш берүүчү добушка укуктуу тиешелүү мүчөсүнүн ыйгарым укук-
тары Кыргыз Республикасынын соту тарабынан даттануунун маани-мазмуну
боюнча биротоло чечим кабыл алынгандан кийин токтотулат.
(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын
редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/514/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>