10-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын ишинин негизги
Күчүн жоготкон · 30.06.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 июня 2011 года № 62.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2008 года № 178
кепилдиктери
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоону, референдумдарды
өткөрүү менен байланышкан маселелер боюнча жана Борбордук шайлоо комис-
сиясынын ыйгарым укуктарына тиешелүү жана башка маселелер боюнча мамле-
кеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына,
алардын кызмат адамдарына, мекемелерге жана уюмдарга, саясий партиялар-
га жана коммерциялык эмес уюмдарга, аскер бөлүктөрүнүн жана бөлүмдөрү-
нүн командирлерине кайрылууга, алдыга коюлган маселелерди карап чыгууга
катышууга укуктуу. Кызмат адамдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчө-
сүнүн кайрылуусуна кечиктирбестен, ал эми тиешелүү маселени кошумча
иликтөө же текшерүү зарыл болгон учурда үч күндүк мөөнөттө жооп берүүгө
милдеттүү.
2. Борбордук шайлоо комиссиясыныы Төрагасы жана мүчөлөрү тигил же
бул маселе боюнча өзүнүн пикири, сунушу үчүн куугунтукталбайт. Борбор-
дук шайлоо комиссиясынын Төрагасына, мүчөлөрүнө жана аппаратынын кыз-
маткерлерине алардын өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарышына тос-
коолдук кылуу же кимдир-бирөөнүн пайдасына чечим кабыл алдыруу макса-
тында таасир этүү, зордук көрсөтүп, маскаралоо, ошого тете ушактоо,
алардын кызматтык милдеттерин аткарышы жөнүндө бурмаланган маалыматты
жайылтуу мыйзамдарда каралган жопкерчиликке кириптер кылат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясы Президент, Жогорку Кењеш, Өкмөт
дагы башка мамлекеттик органдар тарабынан расмий таратылуучу маалымат-
тык жана маалымдама материалдарды тоскоолдуксуз алуу укугунан пайдала-
нат.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасына жана мүчөсүнө алардын
ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы менен байланышкан бардык чыгымдарынын
ордун толтуруу кепилдиги берилет, ошондой эле Борбордук шайлоо комисси-
ясынын каражаттарынын эсебинен сыйакы төлөнөт.
5. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө комиссияда иштеши үчүн
шарттар түзүлөт, комиссияда иштеген мезгилинде зарыл болгон бөлмөлөр,
транспорт жана байланыш каражаттары берилет.
6. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы жана чечүүчү добушка
укуктуу мүчөлөрү шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мез-
гилинде Президенттин, Жогорку Кењештин (түзүү тартибинде) макулдугу
болмоюнча, кылмыш үстүнөн кармалган жана шайлоо жөнүндө Кодекстин та-
лаптарын бузган учурларды кошпогондо, жазык жоопкерчилигине тартылууга,
кармалууга же камакка алынууга тийиш эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы-
нын Төрагасына жана чечүүчү добушка укуктуу мүчөлөрүнө карата жазык иши
Башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 6-январындагы № 4 Мыйзамынын,
2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2008 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 января 2005 года №4 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- 2010-жылдын 24-майы № 54Постановление · 24.05.2010 · № 54
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/514/st-10" title="10-статья - Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>