Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 27-декабры № 338 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына Ө.Т.Бабановдон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө келип түшкөн арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы № 321 "А.Ш.Атамбаев жөнүндө", №322 "Ө.Т.Бабанов жөнүндө", № 324 "И.К.Джунусов жөнүндө" жарлыктарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-, 5-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 3-, 28-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулсун:
- Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынан - Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин;
- "Республика" саясий партиясынан - Бабанов Өмүрбек Токтогуловичтин;
- "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан - Джунусов Ибрагим Коджоназаровичтин.
2. Бул токтом жогоруда аталган саясий партияларга маалымдалсын.
3. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- КР Президентинин 2010-жылдын 20-декабрындагы ПЖ №321 "А.Ш. Атамбаев жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.12.2010 · № 321
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 28-октябрындагы № 322 "Кыргыз Республикасынын чектеринен сырткары түзүлгөн айрым шайлоо…Постановление · 28.10.2010 · № 322
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 29-октябрындагы № 324 "Ош облусунун Өзгөн районундагы № 5474, № 5065 шайлоо участкаларында добуш…Постановление · 29.10.2010 · № 324
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 28-октябрындагы № 321 "Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдорунун…Постановление · 28.10.2010 · № 321
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон