9-статья. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасынын
Күчүн жоготкон · 30.06.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 июня 2011 года № 62.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 декабря 2008 года № 278
ыйгарым укуктары
1. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы:
1) Президент, Жогорку Кењеш, Өкмөт, мамлекеттик башка органдар жа-
на мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партия-
лар жана коммерциялык эмес уюмдар, шайлоо комиссиялары жана референдум
комиссиялары, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар, жалпыга маалымдоо ка-
ражаттары, шайлоо процессинин катышуучулары, референдумдун катышуучула-
ры менен өз ара мамилелерде Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү болот;
2) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин уюштурат;
3) Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарын чакырат, аларга
материалдарды даярдоону уюштурат, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйна-
лыштарында төрагалык кылат;
4) анын ыйгарым укуктарына таандык маселелер боюнча буйруктарды
жана тескемелерди чыгарат;
5) Борбордук шайлоо комиссиясынын токтомдоруна жана башка доку-
менттерине кол коет;
6) Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдеринин ишке ашырылышына
контролдук кылат;
7) Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдет-
терди бөлүштүрөт, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдерин аткаруу бо-
юнча жана анын ыйгарым укуктарына таандык жана башка маселелер боюнча
ишти уюштуруу үчүн аларга тапшырмаларды берет;
8) шайлоону, референдумдарды даярдоого жана өткөрүүгө, комиссия-
ларды каржылоого бөлүнгөн каражаттарды тескөөчү болуп саналат;
9) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратына жалпы жетекчиликти
жүзөгө ашырат;
10) Борбордук шайлоо комиссиясынын, областтык, Бишкек, Ош шаардык
шайлоо комиссияларынын штаттык санын, түзүмүн жана чыгымдар сметасын
бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттардын чегинде бекитет жана ал жөнүн-
дө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө маалымдайт;
11) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин ишке
алууну жана бошотууну жүзөгө ашырат;
12) Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин каржы жана материал-
дык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечет;
13) Борбордук шайлоо комиссиясынын дарегине келип түшкөн бардык
сунуштар, арыздар жана даттануулар жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы-
нын мүчөлөрүнө маалымдайт жана аларды карап чыгуу боюнча ишти уюштурат;
14) шайлоочуларга, референдумдардын катышуучуларына Борбордук шай-
лоо комиссиясынын иши жөнүндө маалымдайт;
15) шайлоону, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Бор-
бордук шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылуу үчүн келишимдик негизде
адистерди тартат;
16) мыйзамдарда каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашы-
рат.
2. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Президент кызматына ки-
ришкенде ага Президент болуп шайлангандыгы тууралу күбөлүктү, айырмалоо
белгилерин - Президенттин төшбелгисин жана Президенттин фамилиясы, аты
жана атасынын аты жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн даталары оюп тү-
шүрүлгөн Штандартын (желегин) тапшырат.
3. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин депу-
таттарын шайлоонун натыйжалары жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыя-
лангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналышында Жогорку Ке-
њештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төшбелгини
тапшырат.
4. Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин ачык
жыйналыштарына катышууга укуктуу.
5. Төрага жок болуп калган учурда анын ыйгарым укуктарын Борбордук
шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бири аткарат.
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-октябрындагы № 180 Мыйзамы-
нын, 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 Мыйзамынын,
2008-жылдын 29-декабрындагы № 278
Мыйзамынын редакциясына ылайык) редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 декабря 2008 года № 278 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2008 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
29.12.2008 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Жогорку Кењештин алынып салынды: бардык
кошулду: ачык
жыйналыштарына катышууга укуктуу.
5. Төрага жок болуп калган учурда … 8-октябрындагы № 180 Мыйзамы-
нын, 2008-жылдын 28-июлундагы № 178 кошулду: Мыйзамынын,
2008-жылдын 29-декабрындагы № 278
Мыйзамынын редакциясына ылайык) кошулду: редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-сентябрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерлерде шайлоону уюштуруу жана эл…Постановление · 04.09.2010 · № 197
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-апрелиндеги № 1 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук…Постановление · 27.04.2010 · № 1
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/514/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>