Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту тузүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 10-июну № 85 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту тузүү жөнүндө 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө референдум комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүгүн каражаттардын максаттуу чыгымдалышын контролдоо максатында, Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 49-беренесине, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө'" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 52-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту түзүү жөнүндө" Жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-1-пунктунун 3-, 10-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ 1 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүгө референдум комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу чыгымдалышына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топ 7 адам санында түзүлсүн 2 Контролдук-ревизиялык топтун жетекчиси болуп Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Айнура Жолдошбаевна Абдыкалыкова дайындалсын. 3 Контролдук-ревизиялык топтун жетекчиси мыйзам менен белгиленген мөөнөттөрдө Контролдук-ревизиялык топтун курамынын сапаттуулугу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Төрагасына киргизсин. 4 Контролдук-ревизиялык топ өз ыйгарым укуктарын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдында Контролдук-ревизиялык топту түзүү жөнүндө" Жобого ылайык жүзөгө ашырсын. 5 Контролдук-ревизиялык топтун мүчөлөрү тапшырмаларды аткаруу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурууну Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн каражаттардан жүргүзсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- О референдуме Кыргызской РеспубликиЗакон · 23.10.2007 · № 159 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы №115 "2019-жылдын 22-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун…Постановление · 14.08.2019 · № 115
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндөЗакон · 14.03.1997 · № 14 · Күчүн жоготкон