Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө»жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 28 июня 2024 года УП № 168 "О мерах по индексации с 1 октября 2024 года пенсий, назначенных в соответствии с Законом Кыргызской Республики "О государственном пенсионном социальном страховании", и эффективному использованию средств республиканского бюджета"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-28.
КР Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 168 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 509 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 5-июну ПЖ № 193 Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө (КР Президентинин 2009-жылдын 7-майындагы ПЖ № 226 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2008-жылдан 2012-жылга чейинки мезгилге электр кубаты боюнча Орточо мөөнөттүк тарифтик саясатты бекиткендигине жана электр энергиясына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерди социалдык жактан колдоону камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2008-жылдан 1-июлунан баштап "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган, өлчөмү 1500 сомдон ашпаган пенсияларга ар айлык компенсациялык төлөмдөр төмөнкү шкала боюнча белгиленсин:
200 сомго чейинки пенсияларга - 132 сом; 201 сомдон 300 сомго чейинки пенсияларга - 117 сом; 301 сомдон 400 сомго чейинки пенсияларга - 102 сом; 401 сомдон 500 сомго чейинки пенсияларга - 92 сом; 501 сомдон 600 сомго чейинки пенсияларга - 82 сом; 601 сомдон 700 сомго чейинки пенсияларга - 77 сом; 701 сомдон 800 сомго чейинки пенсияларга - 72 сом; 801 сомдон 1000 сомго чейинки пенсияларга - 67 сом; 1001 сомдон 2000 сомго чейинки пенсияларга - 42 сом. (КР Президентинин 2009-жылдын 7-майындагы ПЖ № 226 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. 2008-жылдын 1-июлунан баштап ушул Жарлык колдонууга киргизилгенге чейин дайындалган пенсияларга электр кубаты үчүн ар айлык компенсациялык төлөмдөрдүн мурда белгиленген өлчөмү 12 сомго көбөйтүлсүн.
3. Ушул Жарлыктын 1- жана 2-пункттарынын колдонулушу электр кубатын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдө жүз пайыздык жеңилдетилген кемитүүдөн пайдаланган адамдарга жайылтылбайт.
4. Ушул Жарлык менен каралган компенсациялык төлөмдөр республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилген каражаттардын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2008- жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн компенсациялык төлөмдөргө жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги үчүн колдонуудагы мыйзам боюнча жеңилдиктерди берүүгө зарыл көлөмдө каражат карасын;
- компенсациялык төлөмдөрдү берүүнү белгиленген мөөнөттө камсыз кылсын;
- жарандардын белгилүү категорияларына электр кубатына акы төлөө боюнча жеңилдиктерди берүүнү бирдиктүү тарифти колдонуу менен белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду компенсациялык төлөмдөрдү жаңы өлчөмдөрдө кайра эсептеп чыгууну жана аларды тийиштүү ай үчүн пенсияларды төлөө менен бир учурда берүүнү камсыз кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкү Жарлыктары күчүн жоготту деп табылсын:
- 2002-жылдын 5-майындагы № 105 "Электр энергиясына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлер компенсациялык төлөмдөр жөнүндөгү";
- 2006-жылдын 28-апрелиндеги № 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары жөнүндө".
8. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Бул Жарлык 2008-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (12)
- КР Президентинин 2010-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ № 187 "Пенсиянын базалык бөлүгү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.09.2010 · № 187
- КР Президентинин 2008-жылдын 16-сентябры ПЖ № 334 "Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.12.2008 · № 334
- КР Президентинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ №223 "Пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыгыУказ · 30.04.2009 · № 223
- КР Президентинин 2008-жылдын 16- сентябрындагы ПЖ № 334 "Пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 16.09.2008 · № 334
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-апрелиндеги № 136 "2011-жылдын 1-майынан тартып пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2011 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-июнундагы №202 "Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө"жарлыгыУказ · 10.06.2008 · № 202
- КР Президентинин 2009-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 147 "Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу" жөнүндө жарлыгыУказ · 04.03.2009 · № 147
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 168 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык…Указ · 28.06.2024 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-апрелиндагы ПЖ № 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык жактан…Указ · 28.04.2006 · № 192 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы ПЖ № 252 "Пенсиялардын базалык бөлүгү жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.05.2009 · № 252
- Указ Президента КР от 5 мая 2002 года №105 "О компенсационных выплатах пенсионерам в связи с повышением тарифов на электрическую энергию"Указ · 05.05.2002 · № 105 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 7-майындагы ПЖ № 226 "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз…Указ · 07.05.2009 · № 226 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 168 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык…Указ · 28.06.2024 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-апрелиндагы ПЖ № 192 "Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык жактан…Указ · 28.04.2006 · № 192 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 509 "Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.11.2009 · № 509 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 5 мая 2002 года №105 "О компенсационных выплатах пенсионерам в связи с повышением тарифов на электрическую энергию"Указ · 05.05.2002 · № 105 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.