Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 510 «Аскер кызматчыларынын пенсияларынын өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 510 Аскер кызматчыларынын пенсияларынын өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө Энергия булактарына тарифтер өзгөргөндүгүнө байланыштуу аскер кызматындагы пенсионерлерди социалдык жактан колдоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Пенсияларынын орточо айлык өлчөмү 5000 (беш миң) сомдон ашпаган аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсияларынын өлчөмү 2010-жылдын 1-январынан тартып жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө:
- аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсияларына үстөк акы төлөө тартибин жана механизмин иштеп чыксын жана бекитсин;
- аскер кызматындагы пенсионерлердин пенсиялары жогорулашына байланыштуу зарыл каражаттарды тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы ПЖ №18 "2010-жылдын 1-мартынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 28.01.2010 · № 18
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-июнундагы №193 " Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө"жарлыгыУказ · 05.06.2008 · № 193 · Күчүн жоготкон