Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө»жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 10-июну ПЖ № 202
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн
өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө
Республиканын пенсионерлеринин турмуш дењгээлин колдоо максатында
токтом кылам:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын камсызданды-
руу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 2008-жылдын 1-июлунан тартып 10 пайызга жо-
горулатылсын.
2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пен-
сионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык белгилен-
ген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан
пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептөөлөргө байланыштуу өзгөрбөйт.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартипте
пенсияларды өз учурунда жањы өлчөмдөрдө кайра эсептеп чыгууну жана тө-
лөөнү камсыз кылсын.
4. Бул Жарлык 2008-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-сентябрындагы №590 "2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.09.2009 · № 590 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57