Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 187 «Пенсиянын базалык бөлүгү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2010-жылдын 17-сентябры ПЖ № 187 Пенсиянын базалык бөлүгү жөнүндө "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, пенсионерлерге социалдык колдоо көрсөтүү максатында, ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалуучу пенсиялардын базалык бөлүгү 2010-жылдын 1-октябрынан тартып көбөйтүлсүн жана ал 1000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 жана "Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө" 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 509 жарлыктарына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыгуучу пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептөөгө байланыштуу өзгөртүлүүгө жатпайт.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду белгиленген тартипте ушул Жарлыкка ылайык пенсияларды өз убагында кайра эсептеп чыгууну жана төлөөнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- ушул Жарлыктын 1-пунктунда белгиленген пенсиялардын базалык бөлүгүн республикалык бюджеттен каржылоону жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна "Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-майындагы № 252 Жарлыгына ылайык акча каражаттарын бөлүүнү камсыз кылсын;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы №404 "2010-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2011 · № 404 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-июнундагы №193 " Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө"жарлыгыУказ · 05.06.2008 · № 193 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы ПЖ № 252 "Пенсиялардын базалык бөлүгү жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.05.2009 · № 252
- КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы ПЖ № 509 "Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө" жарлыгыУказ · 13.11.2009 · № 509 · Күчүн жоготкон