Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 147 «Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу» жөнүндө жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 147 Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө Пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жана "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-статьясынын чечимдерин аткаруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2009-жылдын 1-апрелинен тартып:
- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган пенсиялардын базалык бөлүгү жогорулатылсын жана ал 630 сом өлчөмүндө белгиленсин;
- "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2009-жылдын 1-апрелине чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлөгүнүн суммасы 12 пайызга жогорулатылсын.
2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы № 193 Жарлыгына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыгууга байланыштуу өзгөрүлбөйт.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул Жарлыкка ылайык белгиленген тартипте пенсияларды өз учурунда кайра эсептеп чыгууну жана аларды төлөөнү камсыз кылсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы №244 "2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2010 · № 244 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-июнундагы №193 " Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө"жарлыгыУказ · 05.06.2008 · № 193 · Күчүн жоготкон