Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 192 «Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоонун кошумча чаралары женүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 5 июня 2008 года УП № 193 "О компенсационных выплатах пенсионерам в связи с повышением тарифов на электрическую энергию"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-06-05.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
2008-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 28-апрелиндеги № 192
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифти киргизүү шартында
калктын аялуу катмарын социалдык жактан колдоонун кошумча
чаралары женүндө
Калк үчүн электр кубатына бирдиктүү тарифтин киргизилгендигине
байланыщтуу калктьш аялуу катмарын социалдык жактан кошумча колдоо
максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 5-майыида №105
«Элеюр энергиясына тарифтерди жогорулатууга байланыштуу пенсионерлерге
компенсациялык төлөмдөр жөнүндөгү» Указы менен белгиленген ар айлык
компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү 2006-жылдын 1-майынан баштап 30
сомго кебөйтүлсүн.
2. «Мамлекстшк пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык белгиленген өлчөмү 1001 сомдон 1500
сомго чейинкини түзгөн пенсияларга ар айлык компенсациялык төлөмдөрдүн
өлчомү 2006-жылдын 1-майынан баштап 30 сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ушул Жарлыктын 1 жана 2-пункттары электр кубатын пайдалануу үчүн
акы төлөөдө жүз проценттик жењилдиктерден пайдаланган адамдарга
жайылтылбайт.
4. Ушул Жарлыкта каралган компенсациялык төлөмдөр республикалык
бюджеттен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилген
каражаттардын эсебинен жүргүзүлө тургандыгы аныкталсын.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду компенсациялык телөмдөрдү
жањы өлчөмдөрдө кайра эсептеп чыгууну жана аларды пенсня менен бир
учурда өз убагында төлөп берүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- бирдиктүү тарифти колдонуу менен жарандардын белгилүү
категорияларына электр кубатына акы төлөө боюнча жењилдиктерди берүүнү
камсыз кылсын;
- 2006-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз
Решубликасынын Социалдык фонду үчүн компенсациялык төлөмдөргө жана
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги
үчүн колдонуудагы мыйзам боюнча жењилдиктерди берүүгө зарыл көлөмдөгү
каражаттарды карасын;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы №626 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2006-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн жыйынтыктары…Постановление · 28.08.2006 · № 626
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-декабрындагы №643 "2007-жылы пенсиялардын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.12.2006 · № 643
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-январындагы №16 "Кыргыз Республикасын 2008-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2008 · № 16
- 2007-жылдын 21-декабрындагы № 556 "2008-жылы пенсиялардын базалык бөлүгүнүн өлчөмү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 21.12.2007 · № 556
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июлундагы № 494 "Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарыНын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.07.2006 · № 494 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-июнундагы №193 " Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө"жарлыгыУказ · 05.06.2008 · № 193 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Указ Президента КР от 5 мая 2002 года №105 "О компенсационных выплатах пенсионерам в связи с повышением тарифов на электрическую энергию"Указ · 05.05.2002 · № 105 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-июнундагы №193 " Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө"жарлыгыУказ · 05.06.2008 · № 193 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "2007-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" 2007-жылдын 12-сентябрындагы №402 Кыргыз Республикасынын Президентинин ЖарлыгыУказ · 12.09.2007 · № 402
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-ноябрындагы № 829 "Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жана 2006-жылдын 9 айы үчүн Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.11.2006 · № 829 · Күчүн жоготкон