Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №223 «Пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 30-апрели ПЖ № 223 Пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө (КР Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы ПЖ № 253 Жарлыгынын редакциясына ылайык) Республиканын пенсионерлерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2009-жылдын 1-июлуна чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 2009-жылдын 1-июлунан тартып 40 пайызга жогорулатылсын.
(КР Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы ПЖ № 253 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы №193 Жарлыгына ылайык белгиленген компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү ушул Жарлыктан келип чыккан пенсиялардын өлчөмдөрүн кайра эсептеп чыгууларга байланыштуу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул Жарлыкка ылайык белгиленген тартипте пенсияларды өз убагында кайра эсептеп чыгууну жана аларды төлөөнү камсыз кылсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Президентинин 2009-жылдын 26-майындагы ПЖ № 253 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги "Пенсиялардын камсыздандыруучу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн…Указ · 26.05.2009 · № 253
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-октябрындагы №244 "2009-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылыш жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 13.10.2010 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы №404 "2010-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 25.07.2011 · № 404 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-июнундагы №193 " Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө"жарлыгыУказ · 05.06.2008 · № 193 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.